Жакында эле “Улут көсөмү” даражасын алып, бийлигин улам чыңдап келаткан тажик президентинин бул кадамы жергиликтүү коомчулукта кандайдыр бир сын-пикирлерди пайда кылганы азырынча байкала элек.
Кемелдүү кыздын келкели
Президенттик аппараттын башчылыгына дайындалган 38 жаштагы Озода Рахмон буга чейин Тажикстандын тышкы иштер министринин биринчи орун басары эле. Расмий өмүр таржымалына караганда, Рахмондун үчүнчү кызы Озода беш баланын энеси. АКШдагы Жоржтаун жана Мэриленд университеттеринен билим алган. Ага чейин (1995-2000-жылдары) Тажик улуттук университетинде окуган. Юридика илимдеринин кандидаты.
2005-2007-жылдары АКШдагы тажик элчилигинде маданият жана билим берүү боюнча атташе, андан соң Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинде консулдук башкармалыктын жетекчиси болуп, кийинчерээк тышкы иштер министринин орун басарлыгына дайындалган. 2014-жылдын 15-майынан тарта тышкы иштер министринин биринчи орун басары болуп келди.
Күйөөсү Жамолиддин Нуралиев ушу тапта Улуттук банк төрагасынын биринчи орун басары.
Озода тогуз балалуу Рахмондун перзенттеринин ичинен эң билимдүүсү жана саясатка аралашкан жалгыз кызы экени, калган кыздары тек гана ишкердик кылып, бизнес менен алектенери айтылып жүрөт.
Канткен менен Озода Рахмондун өлкөдөгү таасирдүү кызматтардын бирине келишин тажик коомчулугу күтүлгөн, кадыресе көрүнүш катары эле кабыл алгандай.
-Тажик коомчулугу мындай жаңылыктарды кадимкидей эле кабыл алып калган. Анткени бул биринчи жолу болуп жаткан жок. Акыркы бир канча жылда Озода Рахмон бийликтин бир тепкичинен улам бирине көтөрүлүп келатат. Азыркы жаңы дайындалган кызматы өлкөдөгү чоң жана ары таасирдүү, ары сыйлуу кызматтардын бири, анын ыйгарым укуктары вице-премьердикине тете. Бул бардык министрликтерди башкара алат дегенди билдирет. Бул орунда буга чейин белгилүү саясатчылар иштеп келген, - дейт “Азаттыктын” тажик кызматынын журналисти Нурмухаммад Холзода.
Маектешибиздин баамында, президенттин кызы бул кызматка келишин өлкө сыртындагы оппозициялык маанайдагы айрым адамдар социалдык тармактар аркылуу гана сындаганы болбосо, өлкө ичинде буга ачык сын айткандар азырынча чыга элек. Анткени азыр Тажикстанда президентке жана анын тегерегиндеги кишилерге даап сын айткандар жокко эсе. Ошол эле учурда Озода Рахмон бул кызматка татыктуу экенин, ага анын тажрыйбасы да, билим деңгээли да жетиштүү экенин айткандар четтен табылат.
Барчаланган Баш мыйзам
Эмомали Рахмондун тун уулу, 28 жаштагы Рустам да азыр мамлекеттик каржылык көзөмөл агенттигин жетектейт. Буга чейин ал мамлекеттик бажы кызматын башкарган.
Ошентип Тажикстанда соңку жылдарда президент Рахмон бийлигин күчтөп, тактыны тарттырбоо аракеттерин көрө баштады. Тажик парламенти анын каалоолорун мыйзамдаштырып берүү менен алек. Ушул максатта өлкө Баш мыйзамы барчаланып, үй-бүлөлүк башкарууга эшикти кенен ачкан өзгөртүүлөр киргизилди. Андагы бир өзгөртүү - президенттике талапкерлердин жашын 35тен 30га түшүрүү. Байкоочулар бул өзгөртүү Рахмондун уулу Рустамга 2020-жылда өтчү кийинки президенттик шайлоого катышууга жол ачарын, азыркы Баш мыйзам боюнча президенттикке талапкер болууга анын жашы туура келбей каларын белгилешкен.
Мындан сырткары Рахмондун өзүнө “улут көсөмү” катары эч бир чектөөсүз кийинки мөөнөткө президенттикке талапкер болууга мүмкүнчүлүк берет. Азыркы Конституциянын талабына ылайык, Эмомали Рахмон 2020-жылкы шайлоого катыша албайт. Кыскасы Баш мыйзам өзгөрүшү менен Рахмон кааласа өзү өмүр бою президент болуп, кааласа уулун, кааласа кызын президент кылып алып, өзү “улут көсөмү” катары үстүнөн көз салып отура беришине жол ачылат. Бул өзгөртүүлөр эми жалпы элдик референдум менен бекемделсе бүттү, ага чекит коюлат.
Ал арада президенттин аялы Азизамо Рахмон да унутта калган жок. Аз күн мурда эле биринчи айымды Мухаммед пайгамбардын жубайы ыйык Айшага салыштыруу менен, ага “Тажикстан мусулман аялдарынын көсөмү” макамын ыйгаруу демилгеси менен чыккандар болгон.
Былтыр жыл соңунда тажик парламенти Рахмонго "Улут көсөмү" же "Журт башы" наамын ыйгаруу боюнча мыйзам кабыл алып, ага Рахмон өзү кол койгон. Анда мамлекет башчы менен анын үй-бүлө мүчөлөрүн өмүр бою кол тийбестик менен камсыздоо, алардын коопсуздугун сактоо жана социалдык кепилдик берүү маселелери камтылган.
Өлкөдөгү айрым саясий активисттер бул кадамды демократияны мазактоо катары баалашкан. Быйыл 64 жашка караган, совхоз деректирлигинен кийин эле президент болгон Эмомали Рахмон Тажикстанды 1992-жылдан бери башкарып келатат.