Ал «Вагнер» компаниясына жалданган мурдагы жоочу. Согуштан качып, мекенине кайтып барган Михаил анонимдүү шартта журналисттерге баштан өткөргөнүн айтып, майдандагы чыныгы көрүнүш Орусиянын жашоочуларына жетпей турганын, телеберүүлөрдө аларга башкача маалымат берилип, кадрлар көрсөтүлүп жатканын белгиледи.
Михаил Украинадагы согуштук аракеттерге түз катышпаганын, эч кимди өлтүрбөгөнүн, Украинанын Орусия басып алган аймактарына "вагнерчилер" Бахмуттан чыгарылып, Пригожиндин козголоңу учурунда киргенин айтууда.
Михаилдин билдирүүсүндө, анын бөлүгүн Беларустун аймагы аркылуу Украинага киргизишкен. Ал 2023-жылы Пригожиндин өлүмүнөн кийин Орусиянын Коргоо министрлиги менен келишим түзүп, согушка кайра барган. Ал муну менен орус жарандыгын алууну көздөгөм деп түшүндүрдү.
Михаил армияга жаңы кабыл алынгандар түзгөн отрядга кошулган. Аларды Орусиянын аймагын көздөй жылган украин аскерлерин токтотуу үчүн Курскиге айдаганда качып кеткен экен.
Мурдагы "вагнерчи" Орусиянын армиясынын ичинде эмне болуп жатканын өз көзү менен көргөнүн, маанисиз согуш баарынын жанына батканын, өзү болсо миңдеген кишинин каны төгүлгөн агрессияны туура эмес деп эсептерин айтууда.
«Телеканалдан согушта биз кайсы бир кыштакты басып алганыбызды айтышат. Биз болсо кайсы бир токойдо отурабыз да, ким эмнени ээлегенин такыр түшүнбөйбүз».
Анын айтымында аскердик бөлүктөр коррупцияга белчеден баткан. Согушка бөлүнгөн олчойгон акча бат эле жайын таап, уурдалып кетет.
«Ал жакта жердин баарында коррупция, баңгизаттары, алкоголь. Өтө чоң акча берилет. Күйүүчү май, солярка, керосин —мунун баары акча. Командачылык андан пайдаланып, бирдемелерди ашыкча жазып, акча чыгарып алышат. Машина жүрбөйт, бирок отчеттордо ал аскер бөлүгүнүн эсебинде. Ага деп күн сайын 50-60 литр солярка же бензин жазылат. Ал жакта БМП, танктарды эске алганда күйүүчү майга көп эле чыгым кетери эсептелет да. Бирок иш жүзүндө анын баары кайда кетип жатканына акылым жетпеди».
Михаил өзү менен баарлашкан аскерлердин көбү согуштан чарчап бүткөнүн, качып кеткендер да көп экенин, армиянын жетекчилиги аларды кантип согушка кайтарууну билбей турганын кошумчалады.
«2022-жылдан бери армияда жүргөндөр бар. Бул мезгил аралыгында бир эле жолу балким 15 күнгө өргүүгө чыгышкан, аларга андан башка эс алууга уруксат бербейт, анткени кайра келбей коет деп кооптонушат. Алар кандай чарчаганын элестетип жатасызбы? — дейт Михаил. — Кайра кайтып келбегендер абдан көбөйдү. Аны көзөмөлдөө маселеси.... Муну кимдир бирөө көзөмөлдөшү керек эле. Бирок жада калса аскердик полиция да баш ооруткусу келбейт. Андыктан баарын үйлөрүнө жибербей коюу оңой».
Михаил өзү согуштан качууну 2024-жылдын ноябрында анын бөлүгүн Курск облусуна (украин жоокерлери 2024-жылдын августунан тартып Курскиде бир нече районду ээлеп турушкан) жибергенде чечкен.
"Мен туура эмес эле иштер болуп жатканын түшүндүм. Азыр болсо согуш болбогон нерсе экенин аңдап отурам. Бул нерсе мага кеч жетти, — дейт ал. — Согушта аскерлердин маанайы жакшы эмес, бирок корккондуктан унчугушпайт".
Михаил согуштан тиш доктурга баргандан кийин качып чыккан.
«Тишим катуу ооруп жаткан. Тиш доктурга бардым, ал тишимди жулду. Дарыгерден суранып, төрт күн фронтко барбасын деген маалымкат жаздырып алдым. Андан кийин жергиликтүү таксистти таап, Волгограддын аэропортуна жеттим, ал жактан Домодедового учтум. Паспорт текшерүүдөн өттүм, мен чет элдик жаранмын да. Ошентип туулган өлкөгө кайтып келдим», - деди Михаил.
Коопсуздукка байланыштуу анын Борбор Азиянын кайсы мамлекетинде экенин жарыялай албайбыз.
- Орусияга мигранттарды согушка тартуу күчөп, алтургай абактардан алып кетип жатканы белгилүү. "Азаттык" "Вагнердин" катарында Украинадагы согушка барып, окко учкан кеминде ондон ашуун кыргызстандыкты тактаган.
- 10-апрелде Украинанын “Хочу жить” долбоору Орусия тарапта украиндерге каршы согушту деген 360 кыргызстандыктын аты-жөнүн жарыялаган. Долбоордун маалыматы боюнча, алардын кеминде 38и каза болгон.
Шерине