Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:40

"Абактан алып кетишти". Украинадагы урушка тартылган кыргызстандыктар


Бекназар Бөрүгул уулу (солдо) жана Аскар Кубанычбек уулу (оңдо).
Бекназар Бөрүгул уулу (солдо) жана Аскар Кубанычбек уулу (оңдо).

Украинадагы согушка катышканы үчүн соттолгон кыргызстандык Аскар Кубанычбек уулу орус армиясы менен кайрадан келишим түзгөнү кабарланды. Ал буга чейин Кыргызстанда жети жылга соттолуп, кийин пробация менен бошотулган соң чек араны мыйзамсыз кесип өтүп, Орусияга чыгып кеткени маалым болгон.

Араванда Украинадагы согушка катышкан деп шек саналган жаран беш жылга соттолсо, Нарында Орусиянын “Вагнер” менчик аскер компаниясы менен согушка барганы үчүн соттолгон Бекназар Бөрүгул уулу мунапыс менен абактан бошотулганы белгилүү болду.

Нарындык “вагнерчи” ырайым менен бошоду

“Вагнер” компаниясы менен Украинадагы согушка катышкан деген айып менен соттолгон Бекназар Бөрүгул уулунун жаза мөөнөтү кыскартылып, абактан чыкканы белгилүү болду.

Бекназар Бөрүгул уулун кармоо учурунда тартылган сүрөт. УКМКнын сүрөтү.
Бекназар Бөрүгул уулун кармоо учурунда тартылган сүрөт. УКМКнын сүрөтү.

Нарын облустук сотунун маалыматына ылайык, президенттин 2024-жылдын 31-январындагы “Соттолгондорго ырайым кылуу жөнүндө” жарлыгы боюнча Бөрүгул уулунун беш жылдык жазасы төрт жыл, эки айга азайтылып, мунапыс берилген.

Нарын облустук соту аны 2023-жылы 7-декабрда беш жылга абакка кескен. Сот өкүмүндө айыпталуучу күнөөсүн жарым-жартылай мойнуна алганы, Орусияда абакта кордук көрүп, аргасыздан бөтөн жердеги согушка кеткени жазылат.

Ал 2020-жылы Орусияга иштөө үчүн барып, "маңзат ташууга" байланыштуу айып менен 10 жылга кесилген. 2022-жылы 5-ноябрда абактан согушка тартылып, сегиз ай "вагнерчилердин" катарында жүргөн.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Украинадагы согушка катышып келген деген шек менен Бөрүгул уулун 2023-жылы августта Нарындан кармаган.

Бекназар Бөрүгул уулу Орусияда маңзат үчүн 10 жылга соттолуп, абакта жатканда "Вагнер" компаниясы согушка тартылганы айтылган.

Ал биз менен байланышканда Украинага аргасыз барганын, жабык жайда жатканда кыйналганын, Москвадагы кыргыз элчилигине көп жолу кайрылып, жооп албаганын белгиледи.

Бекназар Бөрүгул уулу
Бекназар Бөрүгул уулу

"Орусиядан 10 жыл жаза мөөнөтүн алгам. Бир жылдай Кыргызстанга которулуп келүүгө аракет кылып, Башкы прокуратурага, элчиликке кайрылдык. Москва шаарында отурганда эки ай изолятордо жаттым. Ар жумада элчиликке жазып турдум. "Келип кеткилечи, кабар алып койгулачы, ушундай кыйноо болуп жатат" деп жаздым. Бир дагы жооп болгон жок. 15 күн жатасың, бир күн эртең менен текшерүүдөн кийин изолятордон түшкө чейин чыгарат. Изолятордо керебет жок, жалаң цемент. Кечинде тогузда керебетиңди таңкы бешке чейин эле түшүрүп коёт. Ошол учурда кыш болчу, жылыткычтары бар, бирок иштебейт эле.

Бекназар аргасыздан бөтөн жердеги согушка бараткан учурда бул иши үчүн Кыргызстанда жазага тартыла турганын билбегенин айтты:

"Кайдан билебиз биз тигил жакта жатсак, мурда-кийин мындай нерсеге кабылып көрбөсөк... Мен кеткенге чейин эле ошол түрмөдөн кеткен эки бала каза болуп Кыргызстанга сөөгү келген. Ошолорду биздин бийлик көрүп жаткан да. Ошондо барыш керек эле, кандайдыр бир чара кылып, кыдырып айтыш керек эле да. Элчилик ошондойдо иштебегенде, качан керек?"

Бекназар Бөрүгул уулу учурда мекенинде такси айдан жатканын кошумчалады.

Аскар кайра согушка кетеби?

Украинадагы согушка катышканы үчүн Кыргызстанда соттолгон 31 жаштагы Аскар Кубанычбек уулу орус армиясы менен жаңы келишим түзүп, кайрадан Украинадагы согушка камданып жатканы тууралуу маалымат чыкты. 21-июнда Орусиянын Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча улуттук комитетинин төрагасы Кирилл Кабанов Кубанычбек уулу жөнүндө Telegram-каналына жазып, анын аскер баштыкчан фотосун жарыялады.

“Аскар кагаз жүзүндө орус жараны болбосо дагы фронтко чыныгы орус руху менен барат. Ал татыктуу түрдө орус жарандыгын жакын арада алат деп үмүттөнөм”, - деп жазды Кабанов.

Ал Кубанычбек уулу Москванын четиндеги “Сахарово” миграциялык борборуна барганда “орус паспорту үчүн чоң сумма” сурашканын, бирок "ал басынгысы келбей Якутияга барып, “Орусияны коргоо” үчүн жаңы келишимге кол койгонун" белгилеген.

Кубанычбек уулунун жакындары менен байланышканыбызда, ал айласыз Орусияга чыгып кеткенин айтышып, бөтөн жердеги согушка кайра кетип жатканын четке какты.

“Согушка кеткен жок. Ал туура эмес маалымат. Согушка кайра барып жинди болду беле, жанын кыйып. Москвада экенин жакшы билесиңер. Кайра Кыргызстанга келип жинди беле? Кыргызстанга келгенде баса калып 10 жыл бербедиби”, - деди жакындарынын бири.

Кубанычбек уулу жыл башында Украинадагы согушка катышкандыгы үчүн алгач жети жылга соттолуп, кийин пробациялык көзөмөл менен бошотулган. Ага чейин орус пропагандасы анын ишин чагылдырып, Кыргызстанда жазага тартылышын сынга алган эле.

Пробациялык тыюу салуу чаралары дароо күчүнө кирбегендиктен, ал казак-кыргыз чек арасын мыйзамсыз өтүп, Орусияга чыгып кеткен. Кубанычбек уулу орус медиасына орус жарандыгын алууга документ тапшырганы жөнүндө айтып берген:

Аскар Кубанычбек уулу сот залында. 24-январь, 2024-жыл.
Аскар Кубанычбек уулу сот залында. 24-январь, 2024-жыл.

“Чек арадан өтүүдө эч кандай маселе болгон жок. Каякка баратканымды сурашканда, “Казакстанга, бензинге” деп жооп бердим. Анан жөн эле өткөрүп коюшту. Алматыга барып, ал жактан Москвага учуп келдим”.

Айрым серепчилер мекенинде узак жылга соттолгон жарандын абактан чыгып кетишине Кремлдин таасири тийгизгенин белгилешет. Анткени Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мария Захарова ал жөнүндө кеп козгоп, орус паспортун берүү маселеси каралып жатканын айткан болчу.

Саясий серепчи Орозбек Молдалиев мындай жагдайлардагы Москванын таасирин жокко чыгарбайт:

“Албетте, Кремлдин позициясы ошондой. Кысым көрсөткөн мамлекет. Илгерки империя мамлекеттеринин баары эле ушундай, күч көрсөтүп аргасыз кылайын дешет. Кайра согушка барайын дегенди кечке көрсөтүп жатышат. Ал өзүнүн иши. Келсең, Орусия жарандыгын беребиз деп коюшкан да. Көрдүңбү, ушундай кылып куткарып алабыз деген".

Согушка барганы үчүн соттолгон үчүнчү кыргызстандык

Өткөн аптада Оштун тургуну Украинадагы согушка катышкандыгы үчүн соттолгону белгилүү болду. Ош облусунун Араван райондук соту ушул жылы 10-майда М.у.К. аттуу жаранды беш жылга абакка кести.

Ош облустук сотунун басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, Араван райондук соту шектүүнүн мүлкүн конфискациялоо менен беш жылга эркиндигинен ажыраткан. Жазасын жалпы тартиптеги түзөтүү абактарында өтөй турганы белгиленген.

Конституциянын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына жана Адам укуктарынын жалпыга таанылган декларациясынын 75 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө мыйзам менен берилген жазанын үчтөн бири алынып, абакта отурган бир күнү эки күн деп эсептелген.

Бөгөт коюу чарасы өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин өзгөртүлбөй, ал абакта калган. М.у.К. райондук соттун өкүмүнө каршы Ош облустук сотуна апелляциялык арыз берип, ушул күндөрү иш сотто каралып жатат.

“Азаттыктын” булагы М.у.К. аттуу жаран күнөөсүн мойнуна алып, күч органдарына өзү келгенин айтып берди. Ал орус аспортун алуу үчүн алты айга келишим түзүп, Украинадагы согушка жалданып барган.

Кыргызстандыктар украин-орус согушуна кантип тартылууда?

Жогорудагы соттолгон үч кыргызстандык - ар кандай шартта Орусиянын тарабында Украинада согушка катышкандар.

Кыргызстандын мыйзамы жарандарга чет өлкөдөгү согуштук аракеттерге катышуусуна тыюу салат. Жарандын кылмышы аныкталса Кылмыш-жаза кодексинин 256-беренеси (“Кыргыз Республикасынын жаранынын чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу жаңжалдарга же согуш аракеттерине катышуусу же террордук актыны жасоо үчүн даярдыктан өтүүсү”) менен беш жылдан он беш жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

Орусияга мигранттарды согушка тартуу күчөп, алтургай абактардан алып кетип жатканы белгилүү. "Азаттык" "Вагнердин" катарында Украинадагы согушка барып, окко учкан кеминде ондон ашуун кыргызстандыкты тактаган.

Орозбек Молдалиев орус бийлиги мигранттарды согушка тартууну токтотпой турганын айтып, жаштар арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүүнү сунуштады.

Орозбек Молдалиев.
Орозбек Молдалиев.

“Азыр Орусиянын түрмөлөрүндө кырылып отуруп, адам калбай калды. Бул маалымат “Вагнердин” отчетторунда жазылган. Жаш балдар акча табат экенмин деп алданып калат. Тышкы иштер министрлигинин маселени тынчтык жолу менен чечкиле деген позициясы бар. Жаштар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек. Силерге өз өлкөңөрдө деле “эрдик” иштер көп дегендей. Майып болуп же өлүп калгандын кереги жок. Азгырылып, алданып кетишет”, - деди Молдалиев.

Расмий Бишкек Украина-Орусия согушунда бейтарап позицияда экенин кайталап келет. 24-майда украин президенти Владимир Зеленский Харьков шаарында борбор азиялык журналисттер үчүн брифингде "Борбор Азия лидерлери Орусияга ыктайт" деп сындаган.

Кыргыз бийлиги “эки өлкө ортосундагы бул кырдаалды токтотууга” салым кошууга жан үрөй турганын жана Батыш өлкөлөрү Орусияга салган экономикалык санкцияларды кыйгап өтүү жагынан Бишкек Москвага жардам берүүгө кызыкдар эмес экенин билдирген.

Согуш жана санкция: Орусия Борбор Азияны кантип колдонууда?
please wait

No media source currently available

0:00 0:43:29 0:00

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG