Орусиянын Украина менен чектеш тилкеде жайгашкан Белгород шаары жана Белгород району чабуулга кабылып, 20 миңден ашуун тургун жарыксыз калды. Бул тууралуу аймактын башчысы Вячеслав Гладков билдирди.
Дрондордун сыныгынан бир нече гараж күйүп кетти. Алдын ала маалыматтар боюнча, жабыркагандар жок.
SHOT телегерам-каналы шаар жапырт аткылоочу реактивдүү системадан (РСЗО) аткыланганын жазды. Сыныктардын бири жергиликтүү Жылуулук электр борборуна түшкөн. Анын кесепетинен Белгороддун бир нече районунда жана Дубовое айылында жарык үзгүлтүккө учурады.
Украина соңку чабуул тууралуу комментарий бере элек.
Согуш 2022-жылы февралда Орусия коңшусуна кол салгандан бери уланып келе жатат. (КЕ)
Шерине