Бишкек мэриясы Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) “Жашыл шаар” долбоорунун алкагында 95 заманбап автобус сатып алды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Автобустардын бардыгы заводдон чыгып, Бишкекке жол тартты.
Жаңы автобустар айлана-чөйрөгө зыянсыз болуп, энергияны үнөмдөө жана сапаттуу тейлөөнү камсыздай турганы маалыматта белгиленген.
Буга чейин президент Садыр Жапаров акыркы эки жылда газ менен жүргөн 1000ден ашуун автобус сатып алынганын, мындан ары да транспорттук паркты жаңылоону улантыла турганын билдирген. Бул тууралуу мамлекет башчы август айында Бишкек мэриясынын электробустарды жана газ менен жүрүүчү автобустарды тейлөө борборунун ачылышына байланыштуу айткан.
Борбордо коомдук транспорт көп жылдардан бери толук чечилбей келаткан көйгөйлөрдүн бири. Шаардыктар автобустардагы тыгынга жана жайында ысык болгонуна нааразы болушат. (КЕ)
Шерине