Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышууга катышуу ниетин билдиргендердин бири добуш сатып алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы 8-ноябрда кабарлады. Мекеменин билдиришинче, белгисиз адамдар 30-ноябрда мөөнөтүнөн мурда өтө турган шайлоонун алдында акча каражаттарын таратуу жолу менен шайлоочулардын добуштарын сатып алууну пландашкан. Бул максатта жарандарды Бишкек шаарынын Касымалы Баялинов көчөсүндө жайгашкан тамактануучу жайларынын бирине чакырышкан.
ИИМ 15тен ашуун адам чогулган жерде №3 Кадамжай шайлоо округу боюнча катышуу ниетин билдирген 1980-жылы туулган К.С. добуш берүүгө байланыштуу материалдык сыйлык жана убада берүү жөнүндө мыйзамсыз билдирүүлөр жасалганы аныкталганын билдирүүдө. Милиция иш-чара өткөрүлгөн тамактануучу жайындагы чыгымдарды К.С төлөгөнүн, анын суммасы 19 300 сом болгонун белгилеген.
“Бул факты боюнча иш-чаранын бардык катышуучулары Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын Тергөө кызматына жеткирилген. Тергөө амалдарынын жүрүшүндө шайлоочулардын добуштарын сатып алуу жана мыйзамсыз үгүт иштери боюнча толук маалымат алынган”, - деп айтылат ИИМдин маалыматында.
Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 8-ноябрда 30 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына катталган талапкерлердин шайлоо бюллетенине киргизүү кезегин аныктоо боюнча чүчү кулак өткөрдү. Жалпысынан 467 талапкер катталды. Алардын 276сы эркек, 191и аял. БШК 40тан ашуун кишини талапкер катары каттоодон баш тартты, айрымдары өздөрү шайлоого катышпай тургандарын билдиришкен.
Шайлоо алдындагы үгүт иштери 10-ноябрдан 29-ноябрга чейин уланат. Добуш берүү 30-ноябрда саат 08:00дөн 20:00гө чейин болот. Шайлоонун жыйынтыгы 14-декабрга чейин чыгышы керек. (КЕ)
Шерине