Куткаруучулар 29 жаштагы орусиялык альпинистти тоодон алып түштү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 9-ноябрда кабарлады. Маалыматка караганда, жабырлануучу Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу “Ала-Арча”капчыгайында "Хижина Рацека" чокусунан бутун кокустатып алган. Куткаруучулар ага 22:00дө медициналык жардам көрсөтүп, Бишкек шаардык №4 ооруканасына жеткиришкен.
Туризм департаменти жана Альпинизм федерациясы барган сайын чет өлкөдөн туристтер, өзгөчө альпинисттер көбөйгөнүн белгилеп жатат. Алардын так саны белгисиз.
ӨКМ маалыматына ылайык, куткаруу иштерине жардам берүү боюнча 2023-жылы 17, 2022-жылы 11 өтүнүч түшкөн. Эки учурда 10дой турист каза болгон, Жеңиш чокусунда бешөөнүн сөөгү табылбай калган. 25тейи куткарылган.
Альпинисттердин 40% Орусиядан келет. Иран, Германия, Польша, Чехия, Испания, Франция, Англия, Америка, Сауд Арабиясынан келгендер да катталган. Оор жолдо аларга кызмат кылган саналуу гана компания бар. Климаттык катаал шартка чыдап, сырттан келген альпинисттердин жүгүн ташып, жол көрсөтүү кызматын көрсөткөндөр арасында жергиликтүү тургундардан сырткары непалдык шерптер (жандоочулар) дагы бар. (КЕ)
Шерине