Айрым депутаттар бул мыйзам карапайым жарандарга гана иштеп, бийлик өкүлдөрүнө таасир бербей турганын айтууда. Эксперттер мунун сөз эркиндигине да терс таасири болорун белгилеп, мурда кабыл алынган айрым мыйзамдарды мисал келтирип жатат.
"Бүгүнкү жалган эртең чын болуп чыгышы мүмкүн"
“Асман шаары курулат деген жалган маалыматпы? Мүмкүн бүгүн жалган, бирок 30 жылдан кийин чындык болуп калат. Казино боюнча жылына казынага 1 миллиард сом түшөт деген жалганбы? Азыр араң 100 миллион түштү. Буга ким жооп берет? Энергетика министри кышында ыш болбойт деди. Бирок баары эле ыш каптаганын сезишти да", - деди депутат Дастан Бекешев парламент жыйынында.
Ал мында милиция кызматкерине протокол кабыл алуу боюнча басым болушу мүмкүн экенин белгилеп, каралып жаткан мыйзам жалаң эле жөнөкөй жарандарга багытталып калат деген тынчсыздануусун айтты.
“Бир убакта маалымат жалган болушу мүмкүн. Бирок убакыт өткөндөн кийин ал чын болуп чыгышы ыктымал. Мисалы, Райымбек Матраимов боюнча бир учурда айтылган маалыматтар ошондо жалган болчу. Ал ушул мыйзамды колдоно алмак. Бирок азыр ал маалыматтар чындык экенин көрүп атабыз. Ошондо чыгып силер туура эмес маалымат таратып жатасыңар дешиңер мүмкүн эле да. Бийлик алмашкандан кийин ал чындык болуп калды”, - деди Бекешев.
Мыйзам долбооруна ылайык, жалган маалымат боюнча укук бузууну аныктоо үчүн жарандардан арыз түшүшү керек. Аны милиция кызматкерлери каттап, териштирип, эки тарапты тең сурайт. Андан соң протоколдун негизинде сотко жөнөтөт. Сот укук бузуу болгон деп чечсе, жеке жактар үчүн 20 миң сом, юридикалык жактарга 65 миң сом айып салынат.
Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев сот бардык тарапты угуп, териштирип, чечим чыгарарына ишендирүүдө:
"Мында эки тарап болот. Керек болсо алардын өздөрүнүн адвокаттары болот. Алар бири-бири менен беттештирилип, такталгандан кийин гана сотко жөнөтүлөт. Сот деле бир тараптуу карабайт да, экинчи жакты да угуп, материалдарды карап чыгып, чечим кылат. Арыздын негизинде эле чечим чыкпайт”.
"Жалган маалымат берген мэр да жоопко тартылабы?"
Буга чейин да интернеттеги билдирүүлөргө тиешелүү бир катар мыйзам кабыл алынган. 2021-жылы “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндөгү” мыйзам ишке кирип, анда эгер кимдир бирөө кайсы бир сайт фейк маалымат жарыялаганын айтып арызданса, ал соттун чечимисиз эле бөгөттөлүп коюлары жазылган. Айрымдар бул норма фейктерге каршы эмес, эркин медиага каршы иштеп жатканын айтып келет.
Быйыл жыл башында да интернеттеги билдирүүлөр боюнча жоопкерчиликти күчөткөн дагы бир мыйзам ишке кирген. Анда кайсы бир адамды “мазактоого, кадыр-баркын кемсинтүүгө” же “жалаа жабууга, ал жөнүндө жалган маалыматтарды билип туруп таратууга” тыюу салынып, ага айыппул каралган.
Азыр сунушталып жаткан мыйзамда “коомдук тартипти, жарандардын, уюмдардын укуктарын, коомдун же мамлекеттин кызыкчылыктарын бузууга” алып келүүчү “анык эмес (жалган) маалыматтарды” таратууга тыюу салынганы жатат.
Жыйында ушул сыяктуу чечимдерди мисал тарткан депутат Жаныбек Кыдыкбаев айып салган мыйзамдар көбөйгөнү менен анын жыйынтыгы көрүнбөй келе жатканын айтты. Ал жаңы каралып жаткан долбоор кимдерге иштей турганына кызыкты:
“Мисалы, мэр кечээ эле эч нерсе кылбайбыз, үйлөр бузулбайт деди. Бүгүн барып алып жолун, тамын бузуп жатат. Мен барып кечээ башка, бүгүн башка сүйлөп жатат десем, сиз мэрди жоопко тарта аласызбы?
Башкы прокурордун орун басары Үмүткан Коңкубаева мындай жооп берди:
“Туура эмес багыт алып жатасыңар. Бул жерде ар бир укук бузууга жоопко тартууга, деги эле кылмыш жоопкерчилигине тартууда сөзсүз кылмыштын, укук бузуунун курамы болушу керек. Коомго коркунучтуу кандайдыр бир жагдай, жыйынтык же жазалануучу аракет болуш керек. Мыйзам беренесинде “эгер жалган маалымат таратуунун кесепетинде коомдук тартипти, жарандардын же уюмдардын укуктарына залака келтирген учурда” деп жазылып жатат. Жол оңдолот, оңдолбойт деген ал маалымат эмес да. Маалыматтын кесепетинен коомго бир зыян алып келсе гана каралат. Кылмыш ишинде да ушундай”.
Фейк аккаунттардын маселеси да көтөрүлдү
Депутаттар "фейк фабрикалар" дагы эле иштеп жатканы тууралуу маселе көтөрдү. Бул иш кимдин кызыкчылыгында экенин жана мамлекеттик органдар фейк аккаунттар менен кандай учурда күрөшөрүнө кызыкты. Ички иштер министринин орун басары фейк аккаунттарга каршы күрөшүү үчүн заманбап техника менен жабдылганын, ал аркылуу шылуундарды аныктап, кармаган учурлар бар экенин айтты.
Анткен менен адистер коомчулукта маалыматтык сабаттуулук жагынан көйгөй дале курч экенин, шылуундардын торуна илингендер дале көп болуп жатканын эскертүүдө.
Фактчекер журналист Асел Сооронбаева буларга токтолду:
"Шылуундар, тескерисинче, көбөйүп жатат. Жалган маалымат көбөйүп, фейк аккаунттар мурдагыдай эле иштеп жатышат. Алар эч кандай жоопкерчиликке тартылган жок. Жада калса фейк аккаунттарды түзгөн адам деле кармалган жок. Биз аймактарды кыдырып, адамдарга маалыматтарды талдаганды үйрөтүп, медиа сабаттуулук боюнча тренингдерди өтүп жатабыз. Эмне үчүн мамлекеттик деңгээлде ушундай жумуштар аткарылбайт?”.
Эл аралык уюмдар соңку жылдары Кыргызстанда сөз эркиндигинин абалына камтамачылыгын билдирип, жарандардын эркин пикир билдирүү укугу бузулуп жатканын эскертип келишет.
“Азаттык” 2020-жылдын ноябрь айынан бери социалдык түйүндөргө жазган билдирүүсү, бөлүшкөн маалыматы, жаcаган материалы үчүн суракка чакырылган, кылмыш жоопкерчилигине тартылган 50дөн ашуун жарандын ишин тизмектеген. Kloop.kg басылмасы пикири үчүн соңку төрт жылда 140 киши камалып же куугунтукка алынганын эсептеп чыккан. Бийлик өлкөдө сөз эркиндиги бар экенин, жарандар жоопкерчилигин сезиши керектигин белгилөөдө.
Шерине