Журналистти колдоп сот имаратына чогулган 100дөн киши аны бошотууну соттон суранышкан. Тарапташтары "Канышайга эркиндик" деген футболкаларды кийип жүрүштү.
Ушул эле күнү Бишкектин Свердлов райондук сотунда эркин журналист Канышай Мамыркулованын кармалышына байланыштуу сот отуруму өттү. Бул күнү адвокаттардын журналистти кармоо учурундагы тергөөчүнүн жана ыкчам кызматкерлердин аракетин мыйзамсыз деп табуу өтүнүчү каралды.
Бирок сотко Мамыркулова алынып келинген жок. Адвокат Акынбек Ногоев отурумду Мамыркулованын өзү жок өткөрүү мыйзамсыз экенин айтып, аны алып келүү өтүнүчүн келтирди.
Бирок судья процессти Мамыркулова жок улантуу чечимин кабыл алды.
Соттун бул чечиминен кийин жактоочулар сотко жана ишке катышып жаткан прокурорго ишенбөөчүлүк көрсөттү.
Прокурор журналист Мамыркулованын жүйөлөрү өтүнүчтө толук келтирилгенин, андыктан отурумду ал жок эле өткөрө берсе болорун негиз кылды.
Сот адвокаттардын өтүнүчүн четке кагып, отурум Мамыркулованын катышуусусуз уланды. Адвокаттар жана журналисттин тарапташтары сот залынан чыгып кетишти. Адвокат Акынбек Ногоев отурумду Мамыркуловасыз улантуу мыйзамсыз экенин айтып, каршылык көрсөтүү үчүн ушундай кадамга барышканын билдирди:
"Мамыркулова өзү “ыкчам тергөөчүлөрдүн, кызматкерлердин кыймыл аракети мыйзамсыз” деп арыз жазып кайрылган. Сот өзү Мамыркулованын алынып келинишин камсыздабагандан кийин, бизге аны менен сүйлөшүүгө убакыт бербегенден кийин биз, албетте, баш тартып, сот отурумуна катышпайбыз деп чечтик. Мамыркулованы алып келип, анын катышуусу менен карашы керек болчу. Бирок, ошого карабастан, мыйзамды одоно бузуп, өздөрү карап жатат. Азыр процесс уланууда. Бул мыйзамсыз, акылга сыйбаган нерсе болууда".
Бишкек шаардык милиция кызматкерлери эркин журналист жана активист Канышай Мамыркулованы 20-мартта кармап кеткен. Свердлов райондук соту аны 19-майга чейин камакка алган.
Жактоочулар соттун чечимине каршы шаардык сотко даттанышкан. Анын бөгөт чарасына байланыштуу отурум Бишкек шаардык сотунда өттү.
"Акыйкат, адилет мамиле күтөбүз"
Мамыркулованын камакка алынышы коомчулукта реакция жаратып, дароо өлкө жетекчилигине кайрылуу жолдонгон. 21-мартта жергиликтүү укук коргоочулар, активисттер, журналисттер, жалпысынан 60тай киши президент Садыр Жапаровго, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге, ички иштер министри Уланбек Ниязбековго ачык кайрылуу жазып, журналистти камакта кармоо Конституцияда кепилдик берилген сөз эркиндигине, адам укуктарына каршы келерин айтышкан. Мамыркулованын саламаттыгы да абдан кооптуу абалда экенин белгилешкен.
Кайрылууда "Мамыркулова айрым учурда ачуу сындайт. Бирок анын мамлекетке зыян келтире турган, башаламандык уюштуруу боюнча кыянат ою болбогондугун эл көрүп, билип турат. "Баш кесмек бар, тил кесмек жок" демекчи, өз оюн ачык айтканы үчүн айыптап, "бөрк ал десе, баш алган" жорукка сиздерди жол бербейт деген ишеничтебиз жана сиздерден калыс, акыйкат, адилет мамиле күтөбүз!" деп жазылган.
Анда "эгер мыйзам алкагында кандайдыр бир чекилик кеткен болсо жалгыз бой энени үй камагына чыгарып, териштирүү иштерин жүргүзсө болот" деп белгиленген.
Журналисттин камакка алынышы боюнча маселе Жогорку Кеңеште да көтөрүлүүдө. 8-апрелде парламент депутаты Гуля Кожокулова Мамыркуловага карата камоодон башка бөгөт чарасы колдонулса болмогун айтты:
"Жакында блогердин кармалышы коомдо резонанс жаратты. Ал аял мурда кылмыш жоопкерчилигине тартылган эмес. Ушул жагдайларды эске алса болот да. Кылмыш-процессуалдык кодексте мурда кылмыш жоопкерчилигине тартылбаса, туруктуу жашаган жери болсо камоодон башка дагы чаралар ачык белгиленген да. Эмнеге үй камагы, башка жака чыкпоо тил каты, күрөө дегендер колдонулбайт? Эмнеге ар тараптуулук жана адамдык мамиле жок?".
Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Түмөнбаев да журналисттин кармалышы боюнча маселени 7-апрелдеги отурумда көтөрүп, акыйкатчы институту кандай баа берип жатканына кызыкты.
"Канышай Мамыркулова боюнча кандай баа берип жатасыздар, бүгүнкү күндө күч органдары иш козгоп, кандай күнөөлөрдү коюп жатканын сиздер дагы териштирип, туура же, туура эмес деген чечимге келишиңиздер керек да. Сиздер дагы бул туура камалып атат же туура эмес деп өзүңүздөрдүн сөзүңүздөрдү сотто барып айтышыңыздар керек. Кыргызстандагы ар бир жарандын укугун коргоочу силерсиңер, ошондуктан Акыйкатчы институту деп айтылат", - деди Түмөнбаев.
Акыйкатчы Жамила Жаманбаева сот процесстерине алар байкоочу катары гана катыша алышарын, укуктары чектелгенин белгиледи. Ал өзү жетектеген мекеме өзүнүн ыйгарым укуктарынын алкагында иш алып барып жатканын, Мамыркуловага барып жолугуп чыгышканын кошумчалады.
Мамыркулованын иши боюнча эл аралык уюмдар да кайрылуу жолдоп, анын иши калыс каралышы керектигин айтып жатышат. Мисалы, Норвегиялык Хельсинки комитети менен Адам укугу боюнча эл аралык өнөктөштүк уюму (International Partnership for Human Rights - IPHR) кыргыз бийлигин эркин журналист жана активист Канышай Мамыркулованы бошотуп, ага козголгон кылмыш ишин токтотууга чакырды.
“Канышай Мамыркуловага каршы репрессиялык иш Кыргызстандын Конституциясы жана Кыргызстан ратификациялаган Жарандык жана саясий укуктар боюнча эл аралык пакт менен кепилденген сөз эркиндигин жана ЖМК эркиндигин бузат”, - деп айтылды кайрылууда.
Мамыркулова өзү милиция ага койгон айыптарды четке кагууда. Анын тергөө абагынан жазган катын активист Аманбол Бабакулов Фейсбуктагы баракчасына жарыялады. Катта журналист эч кандай кылмыш жасабаганын, коомчулуктун укуктук, саясий, экономикалык, социалдык маселелерин гана чагылдырып келгенин белгилеген.
“Ал эми мага козголгон кылмыш иши боюнча айтсам, КЖКнын 278-беренесинин 3-бөлүмү жана 330-беренесинин 1-бөлүгүнө жаткан кылмышты эч качан жасаган эмесмин жана жасабайм. Муну тараптардын бардыгы жакшы билишет. Коомчулуктун каалаганын каалагандай формада жазып, көкөйлөрүнө тийген үчүн асмандан-жерден алып, кылмыш иш “токулду”. Муну өздөрү дагы, юристтер, адвокаттар дагы, укук коргоо тармагы менен тыгыз иштешкен адам катары өзүм дагы жакшы билем”, – деп жазган Мамыркулова.
Милициянын айыптоосу
Мамыркулованы үйүнөн милиция кармап кетип, 48 саатка камаганы 20-мартта белгилүү болгон. Бишкек шаардык милициясы Фейсбуктагы баракчасына журналисттин кармалышы тууралуу расмий маалыматын жана анын ушул эле социалдык түйүнгө соңку күндөрү жазган сегиз постунун сүрөтүн жарыялаган. Ал посттордо кимдир бирөөнүн аты-жөнү же кызматы аталган эмес, бир-экөөндө кыргыз-тажик чек арасын тактоо, макулдашуу боюнча соңку окуялар тууралуу сөз болгон.
Шаардык милициянын басма сөз кызматынын "массалык башаламандыкка чакырыктарга жана улут аралык кастыкты козутууга шектүү кармалды" деген маалыматында:
"Социалдык түйүндөргө мониторинг жүргүзүү учурунда Фейсбук социалдык тармагынан Кыргызстан-Тажикстан чек арасы боюнча жалган маалымат таратып, коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштыруу менен Кыргыз Республикасынын аймагында массалык башаламандык уюштурууга багытталган чакырыктарды, ошондой эле коңшу өлкөлөрдүн жана кыргыз жарандарынын ортосундагы улут аралык кастыкты козуткан аракеттерди жасаган "Канышай Мамыркулова" аттуу колдонуучу аныкталган" деп кабарланган.
Мекеме жогорудагы маалымат соттук-лингвистикалык экспертизанын корутундусу менен тастыкталганын, Бишкек милициясынын Тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (Массалык башаламандыктар) менен иш козгогонун, Мамыркулова "мурда орун алган кыргыз-өзбек чек ара маселелери боюнча да коомчулукту адаштырып, коомдук-саясий кырдаалды курчутуп, ал боюнча дагы учурунда жоопкерчилиги каралганын" кошумчалаган.
Кийин 330-берене (“Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу”) менен да айып коюлганы белгилүү болгон.
Эркин журналист жана жарандык активист
Буга чейин бир катар маалымат каражаттарында иштеген Мамыркулова соңку жылдары эркин журналист катары соцтармактарда активдүү болуп, коомдук-саясий окуяларга пикирин билдирип, бийликтин айрым иштерин кескин сындап турган.
Ал кармалгандан кийин журналисттер, жарандык активисттер, айрым саясатчылар тынчсыздануусун билдирип, соцтармактарга жазып жатышат. Алар журналисттин ден соолугун начар экенин жазышып, үй камагына чыгарууну бийликтен талап кылууда.
49 жаштагы Канышай Мамыркулова Кыргызстанда эркин журналист жана жарандык активист катары белгилүү. Буга чейин “Алиби” гезитинде, “Сентябрь” телеканалында жана “Говори ТВ” басылмасында башкы редакторлук милдеттерди аркалаган.
Мамыркулова аны кармап кетерден бир сааттай мурун Фейсбуктагы баракчасына парламент депутаттарынын Министрлер кабинетинин өкүлдөрүнө жасаган мамилеси тууралуу пост жазган.
Мурунку президенттер Курманбек Бакиев менен Алмазбек Атамбаевдин тушунда Мамыркулова куугунтукка кабылып, аткаминерлер менен соттошуп, белгисиз бирөөлөрдөн зомбулук көргөнүн айткан учурлары да болгон.
Мамыркулова тууралуу азыркы бийликти жактагандар менен фейк-фабрикалар социалдык тармактарда ар кандай каралаган постторду жазып келишет. Ошол эле маалда, коомдогу ар кандай көрүнүштөргө калыс пикир айтканын жактагандардын катары да калың.
"Ойлонулбаган сөздөн от чыгышы мүмкүн"
Министрлер кабинетинин төрага орун басары Эдил Байсалов Кыргызстан аймакта эң демократиялуу өлкө бойдон каларын "Азаттыкка" курган маегинде билдирди. Ал сөз эркиндиги жана башка конституциялык эркиндиктер Кыргызстанга аба-суудай керек экенин белгилеп, эл аралык уюмдардын сынына терикпей турганын айтты, Мамыркулованын окуясы башкаларга сабак экенин белгиледи.
"Пикир деген пикир. Аны мурда өз алдынча отурганда ашканада айтып койчусуң. Кээ бир пикирден, ойлонулбаган сөздөн чоң от чыгып, мамлекетке зыян келиши мүмкүн. Биздин башыбыздан өткөндөй, этностук араздашуу, биримдикке, ынтымакка, башка өлкөлөр менен мамилебизге кыянаттык кылгандарга мурда эле айтылган. Мындай маселелерде ойноп сүйлөсөңөр да ойлонуп сүйлөгүлө. Канышай Мамыркулованын окуясы дагы башкаларга сабак. Аны дагы жазалоо маселеси эмес. Эжесин көрүп, инилерине, сиңдилерине сабак болсун. Ашканадагы кеп башка, социалдык тармакта 7-8 миллиард элге сүйлөгөн өтө опурталдуу. Мындай аракетке мамлекет каршылыгын көрсөтөт. Муну сөз эркиндиги менен алмаштырып албоо керек. Бул “коомдук кастыкты күчөтүү” жана буга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинде жазасы да көрсөтүлгөн", - деди Байсалов.
Президент Садыр Жапаров БУУнун адам укуктары боюнча жогорку комиссары Волкер Түрк менен жолугушууда Кыргызстан өз милдеттенмелерин аткарып жатканын айткан. Мамлекет башчы жалпыга маалымдоо каражаттары, бейөкмөт уюмдар жөнүндө мыйзамдар коомчулуктун катышуусунда кабыл алынып жатканын билдирген.
Шерине