Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:38

Пикир үчүн соттолгон активист аялдар катаал шарттагы абакка которулду


Зарина Төрөкулова жана Каныкей Аранова ("Азаттыктын" коллажы)
Зарина Төрөкулова жана Каныкей Аранова ("Азаттыктын" коллажы)

Жаза аткаруу кызматы №2 түзөтүү мекемесиндеги жарандык активисттер Зарина Төрөкулова жана Каныкей Аранова катаал шарттагы жаза өтөө режимине которулганын ырастады. Мунун алдында жакындары жана адвокаттары активисттер мыйзамсыз которулганын айтып чыгышкан.

Алты ай катаал шартта жазасын өтөшөт

"Массалык башаламандыктарга чакыруу" беренеси менен беш жылга кесилип, Степное айылындагы аялдар абагында жазасын өтөп жаткан жарандык активист Зарина Төрөкулова 13-декабрда оор кылмышка айыпталып соттолгондор кармалган абакка которулганын анын кызы Айман Ырысбекова "Азаттыкка" билдирген.

"13-декабрь күнү менин апамды, Каныкей Аранованы жана дагы башка аялдарды кошуп, жалпы 15 аялды катуу шарттагы бөлүмгө которуп салыптыр. Алар деген оор кылмышка айыпталгандар да. Буларды кошуп салыптыр. Мурдараак жолугушууга барганымда апам мага өзү да "жакында ошол жакка киргизип салышы мүмкүн" деп айткан эле. Жума күнү киргизилди деген кабар келди".

Айман Ырысбекова буга аялдардын абагында жетекчинин орун басары болуп иштеген офицер аял менен жаза өтөп жаткан аялдардын ортосунда пикир келишпестик негиз болгонун кошумчалаган.

Абактагы эки активисттин катаал шарттагы жайга которулганы тууралуу маалыматтарды Жаза аткаруу кызматы (ЖАК) ырастады. Мекеме 16-декабрда тараткан маалыматында "алар жаза өтөө тартибин бузгандыгын жана ошондой эле бул атайын комиссиянын чечими менен ишке ашканын" тактады. Билдирүүгө ылайык, кайрадан тартип бузбаган учурда алты айдан кийин жалпы режимге которулат.

16-декабрда "Кылым шамы" укуктук борборунун жетекчиси Гүлшайыр Абдирасулова активисттердин жагдайына тынчсыздануусун билдирген. Ал өлкө жетекчилерине кайрылып, маселеге көңүл бурууга чакырды:

“Эки аялдын тең балдары бар, Каныкей Аранованын жашы жете элек кызы бар. Алар балдарын жалгыз чоңойтуп, тарбиялап, эч нерседен кем кылбай өстүрүп келет”, - деп жазган укук коргоочу.


Фейсбуктагы пикири үчүн күнөөлүү деп табылып, үч жарым жылга эркинен ажыратылган Каныкей Аранова да аялдар абагынын катуу шарттагы бөлүмүнө которулганын уккан бир тууганы Ырысгүл Аранова адвокатына кайрылган.

Адвокат Замир Жоошев бул маалыматты Жаза аткаруу кызматы аркылуу тактап билүүгө аракет кылып жатканын "Азаттыкка" билдирди.

Замирбек Жоошев
Замирбек Жоошев

"Каныкей Аранова соттолгон беренелерде көрсөтүлгөн кылмыштар анча оор эмес деп эсептелгендиктен, алгачкы жолу эркинен ажыратылып жаткан адам жалпы режимдеги абакта жазасын өтөйт. Ошондуктан, шаардык соттун өкүмүндө Каныкей Аранова жазасын жалпы режимдеги, жалпы тартиптеги абакта өтөсүн" деп жазылып турат. Мага Каныкейдин бир тууганы кайрылып, "ал абактын күчөтүлгөн тартиптеги тарбиялоо абагына которулуптур" деп билдирди. Эгер бул чын болсо, анда мыйзам бузулуп, сот өкүмү аткарылбай жаткан болот. Мен бул боюнча Жаза аткаруу кызматына кат аркылуу кайрылып, тактоого аракет кылып жатам. Бул багытта аракет көрөбүз", - деди Жоошев.

Айып изоляторунан катаал шарттагы жаза өтөө режимине

Зарина Төрөкулова буга чейин абактын айып изоляторуна 15 сутка отурганы айтылган. Анын жакындары бул үчүн абактын жетекчилигин айыптап, Акыйкатчыга, Жаза аткаруу кызматына кайрылышкан.

ЖАК Зарина Төрөкулова жаза өтөө учурунда бир нече жолу ички тартип эрежелерин бузганы үчүн ушундай жаза колдонулганын "Азаттыкка" билдирген.

Активисттердин катуу шарттагы абакка которулганы тууралуу маалыматтардан улам жакында аялдар абагына барууну көздөп жатканын Акыйкатчы институтунун аппарат бөлүмүнүн башчысы Эмил Жандаев "Азаттыкка" билдирди:

"Биз аялдар абагына 5-декабрда барганыбызда Зарина Төрөкулова жана Каныкей Аранова менен жолукканбыз. Алар жалпы режимдеги эле абакта болчу. Сүйлөшкөн учурда бизге арыз-муң менен кайрылган эмес. Зарина Төрөкулова Октябрь айында айып изоляторуна жаткырылганы үчүн даттануусун карап, иштегенибиз үчүн ыраазычылык билдирген. Мыйзам боюнча, соттун өкүмүнө ылайык, Зарина Төрөкулова да, Каныкей Аранова да жалпы режимдеги абакта жаза өтөөгө жиберилген. Эгер алар жаза өтөп жатып, тартипти бузса, абактын жетекчилиги катаал шарттагы абакка которууга укугу бар. Бул Жаза аткаруу кодексинде жазылган", - деди Жандаев.

  • Зарина Төрөкулованы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети 2023-жылы 11-сентябрда “жапырт башаламандыкка” шек санап камаган. Активист “социалдык тармактарда “чагымчыл” билдирүүлөрдү жасаган” деп айыпталып, Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктарга чакыруу” беренеси менен иш козголгон. Активист өзүнө коюлган айыптарды “саясий буюртма” деп атаган.
  • 16-январда Бишкектин Биринчи май райондук соту Төрөкулованы беш жылга эркинен ажыратып, үч жылдык пробациялык мөөнөт менен абактан бошоткон.
  • 5-апрелде Бишкек шаардык соту ага берилген пробация мөөнөтүн жокко чыгарса, 3-июлда Жогорку сот шаардык соттун чечимин күчүндө калтырып, ал кайра камалган.


Каныкей Аранова быйыл февралда Москвада кармалып, 11 жаштагы кызы менен чогуу Бишкекке алып келинген. Секелек кызы туугандарына өткөрүлүп берилип, өзүнө Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси ("Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар") жана 330-беренеси ("Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу") боюнча айып тагылган.

Бишкектин Биринчи май райондук соту апрелдин аягында 120 миң сом айыпка жыгып, өзүн эч жакка кетпөө жөнүндө тил каттын негизинде абактан чыгарган. 28-июнда шаардык сот райондук соттун чечимин жокко чыгарып, аны 3 жыл 6 айга кескен. Жогорку сот шаар сотунун чечимин күчүндө калтырган эле.

Июль айында OCCRP - Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө борбору Кыргызстандагы медиа өнөктөшү Temirov LIVE менен Фейсбуктагы пикири үчүн соттолуп кеткен Аранованын иши боюнча иликтөө жарыялаган. Ага айып коюуга негиз болгон баракча башында башка бирөөнүн атына ачылганы айтылган.

Жакындары жана адвокаттары Каныкей Аранова "фейк-акаунттан жазылган билдирүүлөр үчүн айыпталганын жана бейкүнөө камакта отурганын" айтып келет.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Шерине

XS
SM
MD
LG