Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:34

Орусияда сот актер Михаил Ефремовду мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө абактан бошотту


Орусиялык актер Михаил Ефремов
Орусиялык актер Михаил Ефремов

24-мартта Орусиянын Белгород облусунун Алексеевский райондук соту актер Михаил Ефремовдун шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда абактан бошотуу боюнча өтүнүчүн канааттандырды. Бул тууралуу орус маалымат каражаттары жазды.

Соттун токтомунда ал абактан чегерилген мөөнөттөн 2 жыл, 9 ай эрте чыгары белгиленген.

61 жаштагы актер сот отурумуна Белгород облусундагы №4 түзөтүүчү камак жайдан видео байланыш аркылуу катышты.

"Менин башкы душманым - ичимдик. Эми жашоодо андан толук баш тартым", - деди Ефремов.

Ал жасаган кылмышына өкүнөрүн билдирип, каза болгон адамдын үй-бүлөсүнөн кечирим сурады. Ошондой эле мындан ары спирт ичимдиктерин ичпей жана мыйзам бузбай турганын убада кылды. Азыр ага дарылануу зарыл экенин белгиледи.

2020-жылдын 8-июнунда Ефремов мас абалында машине айдап баратып, Москвадагы Садовое кольцодо кырсыкка кабылган. Анын кесепетинен Сергей Захаров аттуу айдоочу каза тапкан.

2020-жылдын 8-сентябрында Москвадагы Пресненск райондук соту Ефремовду "жол кыймылынын эрежелерин бузуп, этиятсыздыктан адам өлүмүнө себепкер болгон" деп таап, сегиз жылга жалпы режимдеги колонияга кесип, үч жылга автотранспорт айдоо укугунан ажыраткан.

22-октябрда Москва шаардык соту анын жазасын 7,5 жылга кыскарткан.

Шерине

XS
SM
MD
LG