Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:16

Кыргызстан менен Тажикстан алака-катышын алдыга сүрөйбү?

Жаңыланды

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров тажик президенти Эмомали Рахмонду аэропорттон тосуп алды. 12-март, 2025-жыл
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров тажик президенти Эмомали Рахмонду аэропорттон тосуп алды. 12-март, 2025-жыл

12-мартта тажик президенти Эмомали Рахмон Бишкекке мамлекеттик сапар менен келди. Анда кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо келишимине кол коюлат. 2021-2022-жылдардагы эки тараптан жүздөн ашуун өмүрдү алган жаңжалдардан кийин эки тараптын алакасы солгундап, чек араны тактоо менен гана алектенди.

Эмомали Рахмондун Бишкек сапары башталды

Анын эки күндүк сапарында президент Садыр Жапаров менен жолугуп, кыргыз-тажик чек арасын тактоо боюнча келишимге кол коюлары күтүлүүдө. Бул чек ара чырына байланыштуу эки өлкөнүн мамилеси начарлап кеткенден бери Эмомали Рахмондун Кыргызстанга биринчи сапары.

Рахмонду “Манас” аэропортунан президент Садыр Жапаров өзү тосуп алды.

Эки күндүк сапардын жүрүшүндө талкуулана турган маселелер тууралуу президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев буларды маалымдады.

“Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров менен Тажикстан Республикасынын президенти Эмомали Рахмондун биргелешкен билдирүүсүн кабыл алуу, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда мамлекеттик чек ара жөнүндө келишимге жана башка эки тараптуу документтерге кол коюу пландаштырылууда”.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги да Рахмондун мамлекеттик сапарында кыргыз-тажик чек ара маселеси караларын, күн тартибинде дагы бир катар маселелер бар экенин билдирди.

Рахмондун сапары кыргыз-тажик чек арасы боюнча эки мамлекет мунаса таап, документ ратификацияга кирер алдында уюштурулду. Бул эки өлкө тең мүчө болгон уюмдардын Кыргызстанда өткөн саммиттерин эске албаганда тажик лидеринин төрт жыл мурунку чек ара чатагынан кийин Бишкекке алгачкы сапары болуп калды.

Чек ара келишимине кол коюлгандан кийин эки өлкөнүн 2021-жылдагы жаңжалдан бери жабык турган чек ара бекеттери ачылары күтүлүүдө.

"Кызыл-Бел айылындагы чек ара бекетин ачалы деген максатта турабыз. Буюрса, 13-мартта чек аранын ачылышы боюнча иш-чара өтөт", - деди Баткен районунун акими Данир Иманалиев.

Кыргыз-тажик чек арасынын чечилиши

Расмий маалыматтарга ылайык, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек аранын жалпы узундугу 1006,84 чакырымды түзөт. Анын ичинен 519,9 чакырым чек ара сызыгы 2011-жылга чейин такталып, жазылып, аны өкмөттүк делегациялар бекиткен. Ал эми калган 486,94 чакырым тилкеси акыркы үч жыл ичинде такталды.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы жана кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо комиссиясынын кыргыз тараптан жетекчиси Камчыбек Ташиев чек араны тактоо келишими эки өлкөнүн кызыкчылыктарын тең камтыганын 27-февралда парламенттеги сөзүндө айткан:

“Кабыл алынган чечимдин бардыгын бир тараптуу деп айта албайм. Мамлекеттик чек ара бир тараптуу эч качан чечилбейт, эки тараптын тең кызыкчылыгы каралат. Бир тараптуу кызыкчылык менен чечилген чек ара эч качан жакшылыкка алып келбейт. Себеби экинчи тарап дагы ыраазы болушу керек. Биз эки тарап тең бири-бирине ыраазы болгон күндө гана түбөлүк тынчтык келет деген прициптерди кармандык. Ошондуктан тажик тарап менен дагы өтө тыгыз иштеп, алар керектүү жерлеринде бизге “уступка” кылып берип жатышты. Керектүү, ыңгайлуу болгон жерлеринде биз аларга “уступка” кылып берип жаттык. Ошентип отуруп акыры келишим түзүлдү”, - деген Ташиев.

Арийне, коомдун бир бөлүгү чек ара калыс эмес, кыргыз тараптын стратегиялык мааниси жогору жерлерди алмашуусу менен чечилди деп кабылдоодо. Чек ара боюндагы Достук, Таш-Тумшук, Көк-Терек айылдарынын, Масейиттин жери, Дача участокторунун, Лейлектеги Арка айылын кыйгап өткөн Канибадам–Арка–Кожент автожолунун Кыргызстанга тиешелүү жарым бөлүгүнүн Тажикстанга берилиши кызуу талкуунун темасы болуп турат.

Жогорку Кеңештин депутаты Султанбай Айжигитов парламентте 5-мартта сүйлөгөн сөзүндө чек араны тактоо боюнча келишимде Достук айылынын Тажикстанга берилишин жана Ворух анклавына бейтарап жол берилишин иш жүзүндө Дүйшөмбүнүн союз кезинен бери эңсеп келген коридор ачуу стратегиясына жетишүү деп атады:

“Бул келишим мөөнөтү жок жана кайра кароого мүмкүнчүлүк жок деп чекит коюлуп, тыюу салынып жатат. Тажиктер бул формулировкага келгени эмнени айтып атат? Демек, тажиктер ушул көйгөйлөр боюнча кандай стратегиялык максаттарын койгон болсо, ошол стратегияга жетиптир деп түшүнсө болот, ушундай формулировкага булар макул болгондон кийин. Себеби, башкача болгондо тажиктер мындай формулировкага эч качан макул болбойт болчу”.

Ворух анклавында 40 миңдей эли болсо, Кыргызстандын ага чектеш Ак-Сай айылында үч миңден ашуун калк жашайт. Тажикстанга берилип жаткан Таш-Тумшук, Масейиттин жери, Көк-Терек айылдары да Ак-Сайга туташып, анклавдын оозундагы кыргыз аймагын калыңдатып турган.

Мурдагы вице-премьер-министр Токон Мамытов буга чейин “Азаттыкка” курган маегинде тажик тарап 2000-жылы Ворухка коридор сураганын айтып берген. Атургай 2003-жылы Ворух менен Кожалы айылын 1925-жылдагы картага негиздеп бириктирип, Ак-Сай айылын өз аймагы катары көрсөтүп алышканын, бирок кыргыз өкмөтү аны четке какканын эскерген.

Кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча жумуш 2002-жылдын декабрь айында башталган. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын өкмөттүк делегациялары 45 протоколго, топографиялык жумуш топтору 86 жана укуктук маселелер боюнча жумуш топтору 25 протоколго кол коюшкан.

Эки коңшуну тирештирген чек ара жана коопсуздук

Чектеш жайгашкан айылдарда чыр-чатактар Союз маалынан бери эле болуп турган. Буга негизинен жер, суу жана жайыт өңдүү ресурс талаштар себеп болгон. Эң ири чыр-чатактар 1974, 1982 жана 1989-жылдары Ворух анклавынын айланасындагы чектеш аймактарда тутанган. Андан кийин да дээрлик жыл сайын ар кандай деңгээлдеги жаңжалдар кайталанып келди. 2012-жылы эле кыргыз-тажик чек арасында жол, суу жана жайыт талашкан 18 чыр-чатак болгон.

2021-жылы апрелде жана 2022-жылы сентябрда Кыргызстан менен Тажикстандын куралдуу күчтөрү катышкан кандуу кармаш эки коңшунун мамилесине айыккыс так салган. Эки тараптан жүздөн ашуун өмүрдү кыйган ал жаңжал эгемен тарыхтагы эң калайман окуя болуп калды. Бири-бирин агрессияга айыптаган коңшулардын мамилеси муздап, соода-сатыгы дээрлик кан буугандай токтоп калган.

Үзгүлтүккө учураган экономикалык алака жана анын келечеги

Географиялык жайгашуусунан улам эки өлкөнүн бири-бирине стратегиялык мааниси жогору. Эгемендик алгандан тарта Кыргызстандын экономикасы чөлкөмдөгү соода-транспорттук хабдын милдетин аткарып келет. Анткени өлкө Кытай менен Батыштын жана түндүк менен түштүктүн ыңгайлуу кесилишкен жеринде жайгашкан.

Бишкек менен жылуу мамиле куруу Тажикстан үчүн Кытай рыногуна альтернативдүү жолду жана Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ), анын ичинде Казакстан менен Орусиянын рынокторуна кошумча транспорттук багытты ачат. Кыргызстан үчүн болсо түштүккө карай – Ооганстанга, андан ары Түштүк Азиянын деңиз порттору менен соода жана энергетикалык рынокторуна чыгууга шарт түзөт.

Рахмондун Бишкекке сапары алдында Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Дүйшөмбүгө расмий сапар менен барып келди. Тараптар эки өлкөнүн 2021-жылдан бери салкындап кеткен соода алакасын 2030-жылга чейин бекемдеп, 500 млн долларга чыгарууга бел байламай болушту. Учурда кыргыз-тажик соодасынын көлөмү 1,7 млн доллар болуп турат.

Экономикалык серепчи Эрлан Камалов кыргыз-тажик соодасынын чыныгы көрсөткүчтөрү расмий статистикадан алда канча көп экенин, ал үчүн ортодогу көмүскө экономиканы жоюу зарыл экенин айтат. Ал тажик тарап Кыргызстандын ЕАЭБге, Дүйнөлүк соода уюмуна мүчө болуу, ВСП+ макамына ээ болуу сыяктуу эл аралык рынокторго чыгуу мүмкүнчүлүктөрүн колдонууга умтуларын белгилейт:

“Тажикстан үчүн Кыргызстан көп жаңы рынокторго чыга турган өзүнчө бир платформа катары эсептешет. Себеби, биринчи кезекте Кыргызстан ЕАЭБдин мүчөсү. Анан, ВСП+ жеңилдиктерине да ээ болгон жана Дүйнөлүк соода уюмунун мүчөсү катары Кыргызстанда көп мүмкүнчүлүктөрү бар. Менимче, тажик ишкерлери келечекте Кыргызстан аркылуу өз продукциясын экспорттоого кызыкдар болсо керек. Себеби бул жерде Кыргызстан ээ болгон көптөгөн жеңилдиктер Тажикстанда жок. Ошол жеңилдиктерден Тажикстан колдонуп калганга болгон аракетин көрөт деп ойлойм. Бул жерде 500 млн долларга чыгаруу качан гана расмий статистика так эсептелип чыкканда өзүнчө бир ишеним пайда болсо керек. Себеби, чын-чынына келгенде, чыныгы товар жүгүртүүнүн абалы бизде көрсөтүлгөн расмий статистикага караганда 5-6 эсе дагы көп болушу мүмкүн”.

Кыргызстан менен Тажикстандын өз ара соода алакасы кез-кези менен кайталанып турган чек ара жаңжалдарына карабай, 2020-жылга чейин бир кыйла жандуу болчу. Кыргызстан Тажикстанга негизинен мунай, көмүр, жер семирткич, курулуш материалдарын жана азык-түлүк экспортточу.

Эки коңшунун соода алакасы 2014-жылга чейин жалаң өсүү менен келип, экспорт-импорттун көлөмү ал жылы 81 млн доллардан ашкан. 2015-жылы Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине мүчө болуп киргенден кийин коңшулардын соодасы бир кыйла азайып кеткен. Бир катар эксперттердин пикирине кулак төшөсөк, кыргыз-тажик экономикалык алакасындагы расмий статистика реалдуу көрүнүштү чагылдыра албайт.

ЕАЭБдин эрежесине ылайык бажы тарифтери кескин көбөйгөндүктөн, чек арадагы сооданын көпчүлүгү көмүскөгө өтүп кеткен. Алсак, Сүлүктүнүн кендеринен өндүрүлгөн көмүрдүн көп бөлүгү Тажикстанга сатылчу. Орусиядан келген мунай менен жер семирткичтин жана Кызыл-Кыядан чыгарылган цементтин Тажикстанга агымы олуттуу эле. Анын бир бөлүгү чек арадагы жыртык-тешиктер аркылуу аткезчилик жол менен сатылчу. Бир кездери Жаңы-Жер, Кулунду айылдарында кыргыз-тажик чек ара тилкесин бойлой каз-катар тизилген мунай бекеттери жайнап кеткен.

Экономикалык серепчи Эрлан Камалов Бишкек түштүк багытындагы рынокторго чыгууда Тажикстандын транзиттик мүмкүнчүлүктөрүн колдонушу зарыл деп эсептейт.

“Кыргызстандын транзиттик потенциалын толугу менен колдонууда дагы Тажикстан аркылуу Түштүк Азия мамлекеттерине чыгууда чоң бир мүмкүнчүлүктөр жатат. Ошол эле учурда, мисалы, Кыргызстандан чыгып аткан айыл чарба продукциясын, же болбосо, бизде түштүктө азыркы учурда негизги ресурстардын бири катары эсептелип аткан көмүр кендерин иштетүү жана аны экспорттоо маселесинде дагы Тажикстандын өзгөчө ролу бар деп ойлойм. Негизинен товар алмашууну жогорку деңгээлге чыгаруу үчүн ошол транзиттик потенциалды пайдаланыш керек. Анан, келечекте транспорттук каттамдарды көбөйтүү жагын колго алыш керек деп ойлойм. Бир эле автожолдор же авиатранспорт эмес, келечекте темир жол транспортун өнүктүрүү боюнча иштеш керек. CASA-1000 долбоор боюнча электр энергиясын эле экспорттобой, ошол долбоордун боюнда турган маршрут аркылуу келечекте темир жолду да курганга чоң мүмкүнчүлүктөр ачылат”.

2019-жылы кыргыз-тажик соода алакасы 67,7 млн доллар болчу. Анын ¾ (төрттөн үчүн) Кыргызстандын экспорту түзгөн. Эки өлкөнүн соода алакасы 2020-жылдагы пандемия учурунда дээрлик эки эсе азайып кетти. 2021-2022-жылдардагы куралдуу кагылыштан кийин чек аралар жабылып, коңшулардын соодасы кескин төмөндөп кетти. 2024-жылдын жыйынтыгына карата кыргыз-тажик соода алакасы 1,7 млн долларды гана түзгөн. Кыргызстандын Тажикстанга экспорту дээрлик буулуп калды – бир жылда 27 миң долларга гана товар сатты.

Деген менен, серепчилер баамдагандай, эки өлкөнүн өз ара соода алакасында расмий көрсөткүчтөргө ишеним төмөн. Анткени кыргыз-тажик чек арасы так чийилбегендиктен, тосулбагандыктан товар аткезчилигине ыңгайлуу жыртык-тешиктер көп болчу. Алардан кирип-чыккан агым Бишкек менен Дүйшөмбүнүн саясий мамилеси сууп, чек аралар катаал көзөмөлгө алынган соңку үч жылда да токтогон жок. Улуттук коопсуздук комитети мыйзамсыз жол менен ары-бери товар ташыгандар кармалганын байма-бай жарыялап келет.

Кыргызстан менен Тажикстандын тургундары эзелтен бири-бири менен эриш-аркак турмуш улап келген. Алар чек аралаш аймактардагы базарларда чогуу соода кылчу. Кулундудагы, Жаңы-Жердеги жана Самаркандектеги жайма базарлар орток сооданын чыгыш элдерине мүнөздүү үлгүсү катары саналчу.

Баткендеги жергиликтүү эксперт Хаитали Айкынов чек аранын ары жагынан келген соодагер тажиктер кыргыз дыйкандарынын эгин-тегин, мал-жандык, өрүк сыяктуу түшүмүн сатып алып турганын айтат.

“Эгемендик алгандан кийинки мезгилде базарлардын эң чоң пайдасы – соода-сатык жүрүп, чек арада жайгашкан дыйкандар өздөрү өндүргөн түшүмүн сатышчу. Эл “өрүктү негизинен тажиктер алат эле” деп айтып жүрөт. Тажикстандын ишкерлери көбүрөөк алып, Орусияга, башка жактарга Баткендин өрүгүн ошолор көбүрөөк чыгарып жүргөн. Өздөрүндө да бар, бирок биздин өрүктүн 70-80% ошолор алып жүргөн”.

Кыргызстандын Тажикстан менен өз ара экономикалык кызматташтыгы токтогонун ортодогу акча которуу статистикасы да даана көрсөтүп турат. Маселен, эки коңшунун ортосундагы акча которуулар 2019-жылдан бери 7 эсе кыскарып кетти. Анын ичинде Кыргызстандан чыккан которуулар 724%, кирген акча 651% азайды.

Суу-энергетикалык ресурстар

Кыргызстан менен Тажикстандын Борбор Азия чөлкөмүндөгү суу-энергетикалык жаатта бир идеяга баш байлаган жерлери бар.

Эки тарап биргеликте курган суу тосмолору, суу сактагычтары, насос станциялары бар. Камчыбек Ташиев айткандай, бири-биринин аймагында жайгашып калган суу чарба жана энергетика объектилерине болгон менчик укуктарын таануу жана мындай объектилерди эксплуатациялоо үчүн тараптардын адистеринин тоскоолдуксуз кирүүсүнө шарт түзүү маселелери өзүнчө өкмөт аралык келишим менен жөнгө салынат.

Энергетика боюнча серепчи Мырзатай Султаналиев Кыргызстан менен Тажикстанды байланыштырып турган негизги суу-энергетикалык объектилерди мындайча сүрөттөйт.

“Биринчиден, бул эски Союз убагында курулган 500 киловольттук Орто Азия энергосистемасы. Линия Кыргызстандан чыгып Өзбекстанга барып, ал жерден Тажикстан кошулат, анан кийин Казакстанга кетет. Убагында тажиктер бул линиядан чыгып кеткен, бирок мурдагы жылы кайра кошулушту. Экинчиси, CASA-1000 долбоору боюнча 500 киловольттук линия бар. Ал түз эле Базар-Коргондогу “Датка” көмөк чордонунан чыгып Согд облусуна барат. Ал жерден алардын системасы менен жүрүп, Ооганстан аркылуу Пакистанга өтө турган линия бар. Мындан тышкары, биздин Баткендеги Төрт-Гүл суу сактагычы. Ошол суу сактагыч аркылуу алар көп ирригациялык суу алат”.

Соңку эл санакка таянсак, Кыргызстанда 60 миңдей тажик, Тажикстанда да болжол менен ошончо кыргыз улутундагы эл жашайт.

Кыргызстан менен Тажикстан эл аралык айдыңда Бириккен Улуттар Уюму, Көз каранды эмес мамлекеттер шериктештиги, Шанхай кызматташтык уюму жана Жамааттык коопсуздук келишими уюму өңдүү бир катар бирикмелерде кызматташат. Муну менен катар 2018-жылдан бери Борбор Азия мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуусунун аянтчасында да жыл сайын кездешип турушат.



Шерине

XS
SM
MD
LG