Алмазбек Сокеев Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын директорлугунан бошотулду.
Тиешелүү тескемеге Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгонун 24-мартта өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.
Ал 21-февралда президенттик администрациянын “Ынтымак ордо” имаратында өткөн өкмөттүн жыйынында эле кызматтан алынганы айтылган. Бирок Алмазбек Сокеев Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасын тактоо боюнча өкмөттүк комиссиянын курамында болгондуктан чек ара маселеси чечилгенче иштеп турду.
49 жаштагы Алмазбек Сокеев 2010-жылдан 2021-жылга чейин Суу чарба объектилерин куруу дирекциясынын директору болуп иштеген. 2021-жылдан бери Суу ресурстары мамлекеттик агенттигин кийин ал Суу ресурстары кызматы болуп өзгөргөндөн кийин да жетектеп келаткан.
13-мартта Бишкекте “Ынтымак ордодо” Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасы жөнүндөгү келишимге эки өлкөнүн президенттери – Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон кол коюп, чек ара келишимин “тарыхый” деп баалашкан.
Жогорку Кеңеш 19-марттагы жыйынында кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишимди ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоорун үч окууда колдогон.(BTo)
Шерине