Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:56

Газа: Cоңку соккулардан 25тен көп кишинин өмүрү кыйылды


Газанын түндүгүндөгү Бейт-Лахия шаарындагы аба соккулардан баласын алып качып бараткан ата.
Газанын түндүгүндөгү Бейт-Лахия шаарындагы аба соккулардан баласын алып качып бараткан ата.

24-мартта Израилдин Газа тилкесине жасаган соккуларынан 25тей кишинин, анын ичинде бир нече аялдын жана баланын өмүрү кыйылды. Бул тууралуу жергиликтүү үч оорукананын өкүлдөрү билдирди.

Израил аймактагы ок атышуу макулдашуусун бузуп, күтүүсүз бомбалоону баштаганына туура бир жума болду.

23-мартта ЦАХАЛдын күчтөрү Газанын түштүгүндөгү Рафах шаарынын бир бөлүгүн курчоого алганы кабарланды. Ал жакта миңдеген тургун чыга албай калганын жергиликтүү өкүлдөр билдирди. Израиль Тель ал-Султан районунун тургундарына шаардан жөө чыгып, жээк боюндагы Муваси лагериндеги чатырларга жайгашууну буйруду.

Израилдин коргоо министри Исраел Кац билдиргендей, алар Газадагы ХАМАС (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган) уюмунун согушкерлерин гана бутага алып, карапайым адамдарга зыян келтирбөөнүн аракетин көрүп жатат.

!Израил Газадагы карапайым элге каршы согушпайт жана эл аралык мыйзам талап кылган бардык чараларды көрүп жатат", - деп билдирди ал.

Ошондой эле ал ХАМАСты карапайым адамдардын өлүмү үчүн күнөөлөп, согушкерлердин "жай тургундардын кийимин кийип, алардын үйлөрүндө жашынып, аларды тирүү калкан катары пайдаланарын" айтты.

Министрдин айтымында, Израил ХАМАС туткундардын бардыгын бошотуп, Газадагы көзөмөлүн жоготуп, Израилге коркунуч жаратпай калганга чейин согуштук операцияларды токтотпойт.

Эки тарап ортосунда АКШ, Катар жана Египеттин ортомчулугу менен жыл башында ок атышууну токтотуу боюнча келишим түзүлүп, ал 19-январда күчүнө кирген. Үч баскычтан турган ал макулдашуу узак мөөнөттүү согуштук аракеттерди токтотууга, Израил аскерлеринин Газадан толугу менен чыгышына жана ХАМАСтын барымтасындагы бардык туткундарды бошотууга багытталган эле.

Биринчи баскычында ХАМАС 25 туткунду тирүү жана сегиз адамдын сөөгүн кайтарган. Анын ордуна Израил дээрлик 1800 палестиналыкты түрмөдөн бошоткон. Израилдик аскерлер Газадагы нейтралдуу аймактарга чейин артка чегинип, жүз миңдеп жер которгон палестиндер Газанын түндүгүнө кайтып келишкен.

Эки тарап келишимди узартуу боюнча орток пикир таба албай келишет.

Газанын Саламаттык сактоо башкармалыгынын маалыматы боюнча Израилдин Газадагы аскердик операциясынан 48 миңден ашык адам набыт болду.

Израил билдиргендей, 2023-жылдын 7-октябрында ХАМАСтын кол салуусунан 1200дөй адамдын өмүрү кыйылып, согушкерлер 250дөй кишини барымтага алган.


Шерине

XS
SM
MD
LG