Киргизия: "Кызыл сызыкка" такалган талаш
Бишкек шаар бийлиги жолду кеңейтүү деген жүйө менен Чыңгыз Айтматов проспектисинин боюнда жайгашкан үйлөрдүн жерлерин кескени жатат. Мэрия жол жээгиндеги үйлөр кызыл сызыктан чыгып кеткенин белгиледи. Президенттин администрациясы отурган "Ынтымак ордонун" жанында жайгашкан Киргизия конушунун тургундары мэриянын иш-аракетин мыйзамсыз деп атап, жеке менчик укугу бузулуп жатканын билдирүүдө.
Шерине