Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:02

Сауд Арабиясында АКШ жана Орусия делегацияларынын сүйлөшүүсү өтүп жатат


Буга чейин Сауд Арабиясында өткөн сүйлөшүүлөргө АКШ делегациясын мамкатчы Марко Рубио жетектеп барган.
Буга чейин Сауд Арабиясында өткөн сүйлөшүүлөргө АКШ делегациясын мамкатчы Марко Рубио жетектеп барган.

Сауд Арабиясынын борбору Эр-Риядда 24-мартта Украинадагы куралдуу жаңжалды жөнгө салуу боюнча АКШ менен Орусиянын делегацияларынын сүйлөшүүлөрү башталды.

Орусиялык делегацияны Федерация Кеңешинин эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Григорий Карасин жана Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) жетекчи орун басары Сергей Беседа жетектеп барган.

АКШ тараптан сүйлөшүүлөргө Мамлекеттик департаменттин саясий пландоо боюнча директору Майкл Антон, ошондой эле Ак үйдүн Украина боюнча атайын өкүлү Кейт Келлог менен АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Майк Уолтцтун жардамчылары катышып жатканы кабарланды.

Жекшембиде (23-мартта) Эр-Риядда Вашингтон менен Киевдин өкүлдөрүнүн жолугушуусу өткөн. Украинанын коргоо министри Рустем Умеров сүйлөшүүлөрдү "конструктивдүү жана мазмундуу" деп баалап, делегациялар негизги маселелерди, анын ичинде энергетика тармагын талкуулашканын билдирди.

18-мартта АКШнын жана Орусиянын президенттери Дональд Трамп менен Владимир Путин телефондон эки жарым сааттай сүйлөшкөн. Кремлдин билдирүүсүндө Путин ок атышууну токтотуу шарты менен Украинага курал-жарак жеткирүүнү токтотуу маселесин көтөргөнү айтылса, Трамп бул маселе талкууланбаганын билдирген.

Буга чейин Украина АКШнын согушту 30 күнгө токтотуу сунушун колдогон. Орусиянын президенти бул сунуштан баш тарткан эмес, бирок бир катар шарттарды койгон.

Путин Орусия кандайдыр бир деңгээлде ок атышууну токтотууга даяр экенин, айрыкча энергетика объектилерине сокку урууну жана Кара деңизде аскердик аракеттерди токтотууга макул экенин айткан.

Эр-Рияддагы АКШ өкүлдөрүнүн эки тарап менен сүйлөшүүлөрү негизинен жарым-жартылай ок атышууну токтотуу боюнча техникалык маселелерди чечүүгө багытталган.

Шерине

XS
SM
MD
LG