Түркиянын оппозициядагы Элдик-республикалык партиясы камакка алынган жана кызматтан четтетилген Стамбул шаарынын мэри Экрем Имамоглуну президенттикке үмүткөр катары көрсөттү. Бул тууралуу партиянын лидери Өзгүр Өзел жарыялады.
Ал Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоганды мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү чечимин кабыл алууга жана бул шайлоодо Экрем Имамоглу менен атаандашууга чакырды.
Андан тышкары Имамоглунун өзү да Х социалдык түйүнүндө бөлүштү.
19-мартта Түркиянын полициясы оппозициялык мэр Экрем Имамоглуну жана анын командасынын мүчөлөрүн – Имамоглунун кеңешчисин, Medya AŞ компаниясынын менежери Мурат Онгунду жана шайлоо кампаниясынын жетекчиси Нежати Озканды кармап кеткен. Аларга кылмыштуу топту жетектөө жана коррупция боюнча айыптар тагылган.
Ошондой эле 100дөн ашык адамды кармоо боюнча ордерлер чыгарылган.
Түркиянын Юстиция министрлиги бул иш саясий мүнөзгө ээ эмес деп ырастоодо. Ал эми Стамбулдун мэри өзүнө карата куугунтуктоону элдин эркине каршы сокку катары мүнөздөп, нааразылык акцияларына чыгууга чакырды.
Анын камалышы Эрдогандын атаандашын жок кылуу аракети катары бааланып, анын тарапташтарынын массалык нааразылыгын жаратты. Алардын митингдери бир нече күндөн бери уланууда.
54 жаштагы Экрем Имамоглу 2019-жылдын март айынан бери Стамбулдун мэри кызматын аркалап келген. Түркиядагы президенттик шайлоо 2028-жылга белгиленген.
Шерине