Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:02

Кадыров: ЮСАИДдин кургак учук боюнча долбоору жабылган жок


ЮСАИД (USAID) каржылаган "Кургак учукту дарылайбыз-2" долбоору жабылган жок. Бул тууралуу Улуттук фтизиатрия борборунун жетекчиси Абдуллаат Кадыров 24-мартта басма сөз жыйында билдирди.

"Долбоордун жетекчиси менен сүйлөштүм. Бул USAID уюмунун эң чоң долбоору болчу, ал жабылбайт, калат", - деди Кадыров.

Дарыгердин белгилешинче, жалпы суммасы 24 млн долларды түзгөн бул долбоор беш жылга эсептелген. Учурдагы кырдаалдан улам каржылоо кандай болору белгисиз.

Кадыровдун айтымында, кургак учукка каршы дары-дармектерди жана реактивдерди Глобалдык фонд жана мамлекет алып берет. Ал эми USAID буга чейин программалык иш-чараларды өткөрүүгө каражат бөлүп келген.

"2026-жылга чейинки "Туберкулез-6" долбооруна ылайык, кургак учукка каршы иш-чаралар үчүн мамлекеттик бюджеттен каржылоо 79% түзөт, 21% донорлордун, негизинен Глобалдык фонддун эсебинен жүрөт. Улуттук программага ылайык, беш жылдык керектөө 5 млрд 600 млн сомду түзөт. Аны бешке бөлсөк, жылдык керектөө 1 млрд 200 млн сом. Былтыр мамлекеттен 1 млрд 15 млн сом бөлүнсө, бул жылы 1 млрд 22 млн сом бөлүнгөн. Биздин кургак учукка каршы программаны мамлекет жакшы колдоп жатат. Акырындык менен донордук каржылоодон мамлекеттик каржылоого өтүү планыбыз бар", - деди Кадыров.

АКШ элчилигинин сайтындагы маалыматка таянсак, Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (USAID) "Кургак учукту айыктыруу” өнөктөштүгү аркылуу Кыргызстанга 20 млн доллардан ашык инвестиция салынган. "Кургак учук менен ооруган бейтаптарды колдоо" аттуу долбоорунун алкагында Кыргызстанда 1183 бейтап, анын ичинде 126 бала дарыланып, кургак учуктун жаңы 92 активдүү учуру аныкталганы көрсөтүлгөн.

Колдоонун негизинде 2019-жылдан бери өлкөдө кургак учуктан кайтыш болгондордун саны 33 пайыздан ашык, ал эми ооруга чалдыккандардын саны 37 пайызга кыскарганы белгиленген.

Ушул жылдын март айында АКШ өкмөтү Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (United States Agency for International Development - USAID) программаларынын 83% токтоткөн. Мамлекеттик катчы Марко Рубио X социалдык тармагындагы баракчасына ондогон млрд доллар кеткен 5200 келишим жокко чыгарылганын айткан. Калган бир миңдей программа Мамлекеттик департаменттин башкаруусуна бериле турганы кабарланган. (ST)

Шерине

XS
SM
MD
LG