24-мартта Орусиянын армиясы Украинанын Сумы шаарына ракеталык сокку урду. Бул тууралуу Сумы облусунун аскердик администрациясынын башчысы Владимир Артюх билдирди.
Шаардын убактылуу мэри Артем Кобзарь башында 28 адам жараат алганын, алардын арасында төрт бала бар экенин маалымдаган. Бирок кийинчерээк прокуратура жарадарлардын саны 65ке жеткенин, алардын ичинен 14ү бала экенин тактады.
Кобзардын айтымында, көп кабаттуу турак үйлөр зыянга учураган. Жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн эки бала бакчада атайын штаб уюштурулду.
Бул маалда Сауд Арабиясынын баш калаасы Эр Риядда Украинадагы согушту токтотуу боюнча АКШ менен Орусиянын делегацияларынын сүйлөшүүсү өтүп жатат.
Андан мурда Вашингтон менен Киевдин делегациялары өз алдынча жолуккан.
Буга чейин Украина АКШнын согушту 30 күнгө токтотуу сунушун колдогон. Орусиянын президенти бул сунуштан баш тарткан эмес, бирок бир катар шарттарды койгон.
Путин Орусия кандайдыр бир деңгээлде ок атышууну токтотууга даяр экенин, айрыкча энергетика объектилерине сокку урууну жана Кара деңизде аскердик аракеттерди токтотууга макул экенин айткан.
Эр-Рияддагы АКШ өкүлдөрүнүн эки тарап менен сүйлөшүүлөрү негизинен жарым-жартылай ок атышууну токтотуу боюнча техникалык маселелерди чечүүгө багытталган.
Шерине