Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:59

Окуучулардын мушташы кырчын өмүрдү кыйды


Сузактык 15 жаштагы Марс Турдубаев токмоктон каза болду
Сузактык 15 жаштагы Марс Турдубаев токмоктон каза болду

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 9-класстын окуучусу калайман мушташта каза тапты. Өспүрүмдү чоң класстын балдары сабаган. Окуя боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү катары 10-класстын төрт окуучусу кармалды.

Кырчындай 15 жашында бейажал өлгөн бала Сузактын Сафаровка айылынын тургуну болчу. Анын таякеси Канат Абдыкалыков окуя 1-мартта болгонун, 10-класстын бир нече окуучусу 9-класста окуган беш баланы мектептин жанындагы эски имаратка киргизип токмоктогонун айтып берди.

Канат Абдыкалыков
Канат Абдыкалыков

"Жээним ооруканага түшүптүр деп карындашым мага телефон чалгандыктан, ооруканага келсем догдурлар жүрөгү токтоп, тамыры сокпой калганын айтышты. Чоң класстын балдары эски имаратка алып барып уруп, ошондон улам каза болуп калыптыр. Ал "окууну аяктагандан кийин жогорку окуу жайга кирип, билимдүү жаштардан болуп, өлкө үчүн кызмат кылам, тага" деп мага айтчу эле. Эми минтип кайтып келгис жакка узатып жатабыз".

Агасы Кадырбек Маматов милиция бала каза болгондон кийин кечигип келгенин айтып нааразылыгын жашырбады:

"Окуядан кийин бир нече сааттан кийин милиция кабар алып жатат. Аймактык милиция кабар алган да жок. Райондук милиция келгенден соң териштирүү болду".

Марс Турдубаев үй-бүлөдөгү беш бир туугандын үчүнчүсү эле.

Ал билим алган Жоомарт Бөкөнбаев атындагы орто мектептин директору Даткайым Нуралиева аны жакшы окуган окуучу катары эскерди:

Даткайым Нуралиева
Даткайым Нуралиева

"Мен саат 3төрдө уктум. Мага 9-класстын окуучусу жыгылып ооруканага түштү деп айтышкан эле. Кийин мугалимдер менен ооруканага барсак өтүп кеткен экен. Окуя мектептен кийин, мектептен алыс турган эски спорт залда болуптур. Ал эми токмоктоду деп жаткан төрт баланын экөө биздин мектепти бүтүп кеткендер. Маркум эң жакшы окуган тарбиясы жакшы окуучулардан эле".

Кандуу окуяга байланыштуу мушташка катышкан 10-класстын төрт окуучусу кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматкери Нурдин Жээнтаев билдиргендей, Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси менен (Адам өлтүрүү) иш козголду.

"2008-жылы туулган окуучу алган жарааттан улам жерге жыгылып, башы дубалдын кырына тийип жарылган. Ал окуя болгон жерде каза болгону такталган. Учурда тергөө жүрүп жатат".

Маркумду акыркы жайга узатуу зыйнаты.
Маркумду акыркы жайга узатуу зыйнаты.

Кыргызстанда мектептеги балдардын мушташы, өлүм менен аяктаган окуялар буга чейин да катталган.

Балдардын укугун коргогон активисттер окуучуларды мындай кадамга көпчүлүк учурда миграция, жумушсуздук, рэкетчилик, чоңсунуу, опузалоо жана үйдөгү пикир келишпестик өңдүү маселелер түртөрүн белгилешет.

Коомдо окуучулардын арасындагы зомбулук көрүнүштөрү көп учурда көмүскөдө калып жатат деген сын-пикир да бар.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG