Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:43

Башкы прокуратура блогер Жолболдуеванын тергөө абагында "зомбулук көрдүм" деген билдирүүсүнө жооп берди


Батмакан Жолболдуева. Архив.
Батмакан Жолболдуева. Архив.

Башкы прокуратура блогер Батмакан Жолболдуеванын абакта кармалып турганда "зомбулук көрдүм" деген билдирүүсү тууралуу 30-январда маалымат берди. Мекеме текшерүү жүргөнүн, анын жыйынтыгында Жолболдуева менен ал "зордуктады" деп айткан Н.С. аттуу жаран бир учурда бир жабык жайда кармалбаганы аныкталганын билдирди.

Башкача айтканда, Жолболдуева 2022-жылы 28-мартта Баткен райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, ошол эле жылы 13-апрелде Жалал-Абад шаарындагы №53 түзөтүү мекемесине которулган.

Ал эми Н.С. атуу жаран 2022-жылы 28-мартта Кадамжай райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, 8-апрелде Ош шаарындагы №25 мекемеге которулган жана 2-июнга чейин ошол жерде болгон.

“Мындан сырткары, Жолболдуева колун кесүүгө “ага коюлган айыпка макул эместиги” себеп болгондугун 2022-жылы апрелде жүргүзүлгөн тергөөгө чейинки аракеттер учурунда билдиргендиги тастыкталды. Бул факты боюнча өз учурунда ИИМ тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы менен Баткен РИИБнин жетекчилигинен баштап нөөмөтчү кызматкерге чейин, жалпы 19 кызматкер ар түрдүү тартиптик жазаларга тартылган”, - деп жазылган маалыматта.

Мекеме ушул себептердин негизинде Баткен райондук прокуратурасы кылмыш ишин козгоодон баш тартканын, мындай чечимдин мыйзамдуулугу учурда Баткен облустук милициясында каралып жатканын кошумчалады.

Блогер Батмакан Жолболдуева Фейсбуктагы баракчасы аркылуу 2024-жылы 25-декабрда түз эфирде видеокайрылуу жасап, 2022-жылы Баткен райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайында кармалган учурда зордук-зомбулук көргөнүн айтып чыккан. Ал абакта отурганда түрдүү кысымга кабылганын, жакындары алып келген тамак-ашты, кийим-кечени алып коюшканын да билдирген.

ИИМ блогер буга чейинки соттук отурумдарда зордуктоо жөнүндө айтпаганын белгилеп, анын соңку сөздөрүн “коомчулуктун көңүлүн өзүнө бурдуруу аракети” катары сыпаттаган.

35 жаштагы Жолболдуева - Баткендеги ашкана-дүкөндөрдүн тазалыгын, товарлардын мөөнөтүн текшерген видеолору жарыялаган блогер. Ал 2022-жылы мартта камалып, 19-августта үй камагына чыккан.

Баткен милициясы ага аймактагы журналист Арзыгүл Галымбетованын өлүмү боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү”, “Жеке жашоонун кол тийбестигин бузуу”, “Документтерди жасалмалоо” жана “Бейбаштык” беренелери менен кылмыш ишин козгогон.

2023-жылы май айында Баткен облустук соту Жолболдуеваны эки берене – “Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү” жана “Жеке жашоонун кол тийбестигин бузуу” боюнча актаган.

Ал “Ээнбаштык” беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 50 миң сом айыпка жыгылган. “Документтерди жасалмалоо” беренеси менен эки жылга эркинен ажыратылып, жаза өтөөдөн бошотуу менен бир жылга пробациялык көзөмөл белгиленген.

Бул өкүмдү кийин Жогорку сот күчүндө калтырганын Батмакан Жолболдуеванын мурдагы адвокаты Назгүл Сүйүнбаева "Азаттыкка" билдирди. (TAb)

Шерине

XS
SM
MD
LG