Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:16

Министр Ниязбеков үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөш күчөтүлөрүн айтты


Улан Ниязбеков.
Улан Ниязбеков.

Ички иштер министри Улан Ниязбеков министрликтин 2024-жылы аткарган иши тууралуу маегинде Кыргызстанда быйыл үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка каршы күрөш күчөтүлөрүн айтты. Министрдин интервьюсу ИИМдин расмий сайтына жарыяланды.

Ал мындан тышкары алдыда “Коопсуз өлкө” долбоорун ишке ашырып, андан кийин “Акылдуу айыл”, “Акылдуу шаар” долбоорлору да колго алына турганын айткан.

“Ички иштер министрлигинин коллегиясында 2025-жылы ички иштер органдарынын кызматкерлерини алдына негизги төрт багытта иш алып баруу тапшырмалары коюлду. Биринчи багыт – санарип милиция системасын түптөп, “Коопсуз өлкө” долбоорун ишке ашыруу. Экинчи багыт - ыкчам-кызматтык ишмердикти бекемдөө жаатында курулуш иштерин жүргүзүүнү улантуу. Үчүнчү багыт - кылмыштуулукка жана укук бузууларга каршы күрөшүү жана алдын алуу ишмердигин күчөтүп, элге сапаттуу сервистик тейлөө жумуштарын жакшыртуу максатында, материалдык-техникалык базаны чыңдоо. Төртүнчү багыт - үй-бүлөлүк зомбулуктарга бөгөт коюп, зомбулук аракеттерин алдын алуу жаатында иш-чараларды тынымсыз алып баруу”, - деп айтылат маалыматта.

Кыргызстанда 2024-жылы ички иштер органдарынын маалыматты каттоо электрондук журналына 17 316 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул 2023-жылга салыштырмалуу 32,1% же 4 212 окуяга көп.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) маалыматына ылайык, зомбулукка кабылган адамдарга 14 362 убактылуу коргоо ордери берилген – анын 13 663ү аялдарга, 699у эркектерге.

Соңку жылдары Кыргызстанда аялдарга жана балдарга каршы үрөй учурган зомбулук фактылары катталууда. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG