Алар электр энергиясына тариф көтөрүүнү кычыраган кышта жалпы элге жар салууну Ибраевдин катасы катары сыпатташат. Таалайбек Ибраев бул кызматка 2022-жылы октябрда дайындалган жана ошол маалда ал "Ширшовдун кадры" болгонун, убагында кылмыш иштери дагы козголгонун эстегендер чыккан. Министр дооматтардын баарын четке кагып келет.
Апта башында Таалайбек Ибраев Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде электр энергиясына байланыштуу жагдай, чаралар тууралуу маалымат берген. Анда ириде инфляциядан улам май айынан тартып электр энергиясы 26 тыйынга кымбаттай турганын жана баасы жыл сайын көтөрүлүп отуруп 2030-жылга чейин жалпы 62 тыйын кошуларын айткан.
Анын мындай билдирүүсү парламентте жана коомчулукта талкуу жаратты. Министрди социалдык тармактарда сындап жаткандардын катарынан бийликчил журналисттерди, активисттерди көрүүгө болот.
Алардын бири Мирлан Дүйшөнбаев Фейсбуктагы баракчасы аркылуу баа саясатына байланыштуу министрдин чечимин айыптады. Ал буга байланыштуу "Азаттыкка" төмөнкүчө түшүндүрмө берди:
"Электр энергиясы жылына кымбаттап турат экен. Эгер инфляцияга жараша айлык, жөлөк пул көтөрүлүп турбаса эл кыйналып калат. Ошондуктан электр энергиясын жылына кымбаттатууга жеке мен өзүм каршымын. Эгер энергетика тармагында көйгөйлөр болсо аны бааны көтөрүп, элдин эсебинен чечүүнү гана ойлобостон, башка дагы чараларды көрүү керек да. Мисалы ошол эле инвесторлорду тартып, ГЭСтерди куруп, альтернативдүү булактарды пайдаланып, кандайдыр бир техникалык жоготуулар болсо аларды жоюп, бул тармактагы коррупцияны жоюп иш алып барышы керек эле. Жылына кымбаттай бере турган болсо чынында эл кыйналып калат. Бул киши энергетика министри болуп келгенден бери эле бааны көтөрөбүз деп айтып келе жатат. Бааны көтөрүп коюу оңой да. Ошону менен өздөрүнүн түйшүктөрүн, абалын жеңилдетип жатат. Эгер колунан бааны көтөргөндөн башка эч нерсе келбесе анда ордун реформа жасап, бааны көтөрбөй эле бул тармакты оңдой алган адамга өткөрүп берсин да".
Коомчулуктагы мындай талкуулардын фонунда Энергетика министрлиги өлкөдөгү ГЭСтерге экскурсия уюштурарын жарыялады. Анда энергетика тармагындагы жетишкендиктерди көрсөтүү максат кылынып жатканын маалымат кызматы кабарлады.
"Акыркы убакта коомчулукта “Тарифтер эмнеге көтөрүлүп жатат?”, “ГЭСтер жаңыланып жатканы менен жарык эмнеге жетишсиз?” же “Суу каякка кетип жатат?” деген сыяктуу суроолор көбөйүүдө. Экскурсиянын негизги максаты — энергетика тармагындагы маселелерди жеринде фактылар менен түшүндүрүп берүү" деп жазылган маалыматта.
Жогорку Кеңештин депутаты Кундузбек Сулайманов энергетика тармагындагы чечимдерди колдой турганын айтты, министр Ибраев бул тармакты кыйчалыш кырдаалда жетектеп жатканын белгиледи:
"Мен аны реформатор министр катары эле көрүп жатам. Ал жакшы эле иштеп жатат. Азыр энергетика секторунун мамлекетке карызы болжол менен 139 миллиард сом. Мамлекет аны капитализация кылып, өзүнө алган. Бирок бул маселе ошол бойдон эле кала бербеши керек да. Мисалы, мен кызыгып сурап көрдүм, эки бөлмөлүү батирге бир айга болгону электр энергиясына 105 сом эле төлөйт экен. Муздаткыч, телевизор, кир жууган машина жана жарык үчүн болгону 105 сом төлөйт экен. Ошол эле электр энергиясы бир саатка өчүп калса кандай ызы-чуу чыгат. Айлык акы, жөлөк пул көбөйүп жатат. Суунун башында туруп электр энергиясына бааны көтөрбөш керек деген бул эми абсурд. Реалдуу жагдайды карасаңар. Үйүңөрдө жарым саат эле жарык жок болсо кандай болот? Биз азыр таңкыстыктан чыгып алсак, абал жакшырат. Чакан ГЭСтер, Камбар-Ата-1 ГЭСи курулуп калса электр энергиясын экспортко чыгарганга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Азыр бизге жетишпейт. Колдонуу болсо жылдан жылга көбөйүп жатат. Канчалаган ишкана, мектептер курулуп жатат. Электр энергиясыз эч нерсе жылбайт. Кандай гана өндүрүш ачылса дагы биринчи ага электр энергиясы керек, бул азыр аба менен суудай эле керектүү нерсе. Министр азыр өзү иштеп жатат".
Таалайбек Ибраев энергетика министри болуп 2022-жылы октябрда дайындалган, ага чейин министрдин орун басары болуп турган.
2022-жылы биринчи элдик курултайда экс-депутат Жылдызкан Жолдошева Ибраевдин аты ошол кезге чейин коррупциялык иштерде аталып келгенине токтолуп, президент Садыр Жапаровго кайрылган.
Бул курултайда оппозициялык Бириккен демократиялык кыймылдын өкүлү Сапар Аргымбаев Ибраевди энергетика тармагында коррупцияга байланыштуу доомат коюлган Алексей Ширшовдун кадры деп күнөөлөгөн. Аргымбаев энергетика тармагындагы соңку чечимдерди, кадамдарды сынга алды.
"Мен курултайда айткан сөзүмдөн тайган жокмун. Мен сыпайы сөз менен алты кылмыш иши козголгон кишини министр кылып коюп жатасыңар деп Ширшовдун маселесин дагы айтканда президенттин деле жообун уккансыңар да. Энергетиканын түбүнө жеткен киши Максим Бакиев алып кетти деген 200 миллион долларын алып келип берер-бербесин Кудай билет. Булар бийликке келгенден бери энергетика тармагына акча жетпей жатат дегенден бери эле тариф эки эсе көбөйдү. Андан деле ашып кетти. Демек энергетиканын бюджети мурункуга караганда эки эсе көбөйдү. Азыр дагы эми каражат жетпей жатат дегенди шылтоолоп кайра бааны көтөрөбүз деп жатат. Энергетиктердин айлыгын көтөргөн жок, тариф болсо эки эсе өстү, кадрлар кетип жатат. Бул кайсы жакка барып такалат деген суроо туулат. Бир нерсе десең эле "силер бул бийликке каршы чакырык кылып жатасыңар" дешет. Көп иштерди манипуляция кылып жатып, тескери жагынан чыгарып алдык".
Таалайбек Ибраев убагында өзү тууралуу дооматтарга байланыштуу "Азаттыкка" комментарий берген. Анда кылмыш жоопкерчилигине тартылбаганын, козголгон иштер кылмыштын курамы болбогонунан улам токтогонун айткан. Жолдошеванын сынын анын жеке таарынычы менен байланыштырган.
"Ар бир революциядан кийин жетекчилик кызматта иштеген адамдардын баарына эле иш козголгон. Мен министрдин орун басары болуп кызматка келдим, жетекчилик кызматтарда жүрдүм, аэропортто иштедим. Кызматка барганда УКМКга кат жөнөтөт, ал жактан "иш бар же жок" деп жооп келет. Энергетика мекемелери, аэропорт - стратегиялык объект. УКМКдан ошондой кагаз келгенден кийин гана кызматка коюлат. Эгерде ошондой иштер болсо, мени бул кызматка эч ким жолотпойт эле да. Ал иш курамында кылмыш болбогондон кийин токтоду да. Сапар Аргымбаев директорлор кеңешине кирбей калса эле, Жылдызкан Жолдошеванын күйөөсү, баласы иштен алынып калса эле өздөрүнүн кызыкчылыгын трибунадан айта береби? Өмүрүмдүн 30 жылдан ашыгын энергетика тармагына арнадым. Ишимди Турдакун Усубалиевдин тушунда, ошол маалдагы Фрунзе шаарында электр монтаждоочу болуп баштагам. Ошондон бери бардык бийликтин тушунда иштедим, баары менен иштешип келдик. Мен бул тармакта ишимди баштаганда Ширшов столдун астында жөрмөлөп жүргөн бала болчу. Эртең дагы анда Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев менен иштешти деп айтабы? Өзүмдүн кесибим энергетик болсо, мен бул тармактан башка кайда барам? Азыр энергетиктердин эң негизги максаты - элди жылуулук, жарык менен камсыз кылуу, кыштан үшүтпөй чыгаруу. Ушул максат менен ишибизди күнү-түнү алып барып жатабыз", - деген Ибраев.
Таалайбек Ибраев министр болуп тургандан бери талкуу жараткан бир катар окуялар болгон.
2023-жылы кышында үйлөрдү электр энергиясы менен жылытууга жана Бишкекте Кара-Кеченин көмүрүн сатууга тыюу салынган жана мындан улам парламентте маселе көтөрүлгөн. Былтыр жыл башында Бишкек жылуулук борборунда жарылуу болгон жана анда дагы Ибраевдин жоопкерчилигин кароо талабы айтылган.
Министр өткөн жылды жыйынтыктап жатып 2024-жылы бир катар ийгиликтер болду деп билдирген.
"Токтогул жана Үч-Коргон ГЭСтери реконструкцияланды. Кубаттуулугу 48,84 МВт болгон чакан ГЭСтер ишке кирди, 430 кВт күн электрстанциялары иштейт, "Камбар-Ата-1" ГЭСинин курулушуна даярдык иштери аяктоодо, CASA-1000 долбоору боюнча курулуш аяктады, эки көмүр кени иштетүүгө кирди, 4 айыл газдаштырылды, мунайды кайра иштетүүчү завод 95% бүтүп калды, 9 административдик имарат курулду, Зардалы айылына электр берилди, 134 атайын техника алынды, трансформаторлор коюлду", - деген Ибраев.
Жыл аяктар алдында энергетика тармагынын 90 жылдыгы салтанаттуу белгиленген. Анда президент Садыр Жапаров бул тармакта реформа жүрүп жатканын, мындан ары дагы уланарын айткан.
"Аааламдашуунун агымында Кыргызстандын энергетика тармагы таптакыр талкаланып жок болуп кетүү коркунучуна кептелген мезгили ачык айтылбай, ар кандай шылтоолор менен элди алаксытып келген учур болгон. Тилекке каршы, дээрлик отуз жылдын ичинде республикада жаңы ГЭСтер курулбай, энергетикалык жабдуулар жаңыланбай, Күн жана шамал станцияларын мындай кой, курулганына 60 жылдан ашып, агрегаттарынын колдонуу мөөнөтү бүткөн “Токтогул” ГЭС каскады менен Бишкек ЖЭБин иштетип келгенбиз. Кезекте энергетика чөйрөсүндө коррупция менен күрөшүү, өлкөнүн бардык энергия секторунун ишине калктын ишенимин жогорулатуу, бул тармакты тейлөөчү министрликтин, энергокомпаниялардын башкаруу системасын кайра өзгөртүү боюнча ары түйшүктүү, ары оор иш турду. Менин жарлыктарымдын негизинде тармактагы реформалар, анын ичинде ГЭСтерди модернизациялоо жана реабилитациялоо жүрүп жатат, ошондой эле электр энергиясын эсепке алуунун заманбап технологиялары киргизилүүдө. Көп жылдан бери биринчи жолу мамлекеттик энергетикалык компаниялардын насыялык карызы жоюлуп, каржылык туруктуулугу күчөтүлүп жатат", - деген Жапаров.
Кыш келгенден бери өлкөнүн бардык аймагында электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учурап, жарык маал-маалы менен өчүрүлүп жатат. Аталган министрлик өткөн айдын башында электр энергиясын колдонуу тарыхый чекке жеткенин билдирген.
Шерине