Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:04

Бишкек жылуулук борборун дагы ТВЕА жаңылайт


Бишкек ЖЭБи.
Бишкек ЖЭБи.

Быйыл кышында кезектеги кырсык катталган Бишкек жылуулук борборун кайрадан кытайлык ТВЕА компаниясы жаңылайт. Бул тууралуу тиешелүү меморандум бекитилгени белгилүү болду.

Бирок долбоордун наркы дароо талкууга түшүп, бийлик тактоо киргизүүгө мажбур болду. Туура эмес маалымат таратты делген Инвестиция боюнча агенттиктин кызматкери жумуштан алынды.

TBEA компаниясы ЖЭБдин бир бөлүгүн 2014-2017-жылдары жаңылаган. Көп өтпөй анда кырсык болгон жана оңдоп-түзөөдөгү коррупцияга байланыштуу кылмыш иштери козголуп, мурдагы премьер-министрлер баштаган жетекчилер камалган.

Бишкек ЖЭБи тууралуу соңку жаңылыктарга президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Аскат Алагөзөв түшүндүрмө берди. Ал Фейсбуктагы баракчасына Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жооптуу кызматкеринин айынан туура эмес маалымат тарап кеткенин жазып, ага чара көрүлгөнүн билдирди.

"Бир катар маалымат каражаттарында “ТВЕА Бишкек ЖЭБинин эки блогун оңдоого 1 млрд 140 млн доллар салат” деген маалымат тарап, кийинчерээк аны Энергетика министрлиги жокко чыгарган. Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жооптуу кызматкери анык эмес маалымат таратылышына жол берген. Бул катасы үчүн ал бүгүн кызматынан бошотулду. Анын жалган маалыматты кандай максатта таратканы, бул аркылуу коомчулукту дүрбөтүүнү көздөгөндөр менен байланышы болгон-болбогону териштириле баштады", - деп жазды Алагөзов.


Бишкек ЖЭБинин №3 жана №4 блокторун оңдоо тууралуу Энергетика министрлиги кытайлык ТВЕА компаниясы менен 2-апрелде Бишкекте Кыргызстан-Кытай бизнес форумунун алкагында кол койгон.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 4-апрелде парламентте сүйлөп жатып бул маалыматты ырастады.

"Мен атайын делегация менен Үрүмчүгө барып, ТВЕА менен жолугуп келдим. Алар №3, №4 от казандарын курган, беш жыл сайын келип текшерип, оңдоп берип турушмакчы болгон экен. Бизде катуу ызы-чуу чыккандан кийин келбей коюптур. Быйыл жетинчи жылга кетип жатат. Биз алар менен сүйлөшүү жүргүздүк. Жакында министр Таалайбек Ибраев өзү сүйлөштү. Биз ЖЭБдин №3 жана №4 блокторун капиталдык ремонт жүргүзүүнү суранып атабыз, анткени аны фирма өзү курган", - деди Акылбек Жапаров.

Энергетики министри Таалайбек Ибраев 31-мартта ЖЭБде кытайлык ТВЕА компаниясынын башкармалыгынын төрагасы Чжан Синь менен жолуккан. Аталган министрликтен кабарлашкандай, анда жылуулук борборунун эки блогун оңдоо, эскилиги жеткен жабдууларды алмаштыруу тууралуу сөз болгон. Ошондой эле кытайлык компания Кыргызстанга адистерин жибере турганы, алар жергиликтүү адистерди мындан ары өз алдынча оңдоо иштерин жүргүзүүгө даярдап, окутары белгилүү болгон.

Бул маалымат таратылгандан кийин ЖЭБди кезектеги жаңыртуунун суммасы талкууга түшкөн эле. Бийлик эми буга чейин таратылган маалыматты төгүнгө чыгарып, жоопкерчиликти Инвестиция агенттигинин кызматкерине жүктөдү.


Учурдагы өкмөттүн мындай реакциясынын да жөнү бар. Анткени ТВЕА компаниясы ЖЭБдин бир бөлүгүн 2014-2017-жылдары 386 миллион долларга жаңылаган. Бирок 2018-жылы январда анда авария болгондон кийин модернизациялоо иштеринде коррупцияга жол берилгени аныкталып, кылмыш иштери козголгон. Буга байланыштуу мурдагы премьер-министрлер Жантөрө Сатыбалдиев жана Сапар Исаков баштаган бир топ жетекчиге айып тагылып, түрдүү жаза мөөнөттөрү чегерилген.

Ошол маалда ЖЭБдеги аварияны иликтөө үчүн депутаттык комиссия дагы түзүлгөн. Бул комиссиянын курамында болгон экс-депутат Сайдулла Нышановдун айтымында, келишимдин өзүндө так эмес жагдайлар көп болгон:

Сайдулла Нышанов.
Сайдулла Нышанов.

"Булар "толук бүтүрүп берет" деп келишим кылышкан. Анан ошол жерде ар бир позициянын баасы, канчадан келгени коюлбай калган. Бизге түшүндүргөнүнө караганда, ар бир товарды чек арадан өткөрүү үчүн бааны жөн эле жазып койгондуктан, айрым буюмдардын ар бир даанасынын баасы 600 долларга чыгып кеткен деп айтышкан. Бирок чындыгында кимисиники туура экени деле ачык билинбей калды. Менимче, азыркылар ар бир позицияны тактап келишим түзүшү керек. Ошондой эле үч позицияда: көмүр, газ жана мазут менен иштеген ЖЭБди оңдоо кымбатыраак болот экен. Бул жерде сөзсүз бардыгы так болушу керек экен. Ошол маалда кытай тарап бизге документ бергенде "биз "толук бүтүрүп беребиз" деп алганбыз, бажыдан товарды өткөрүү үчүн бааны жазып койгонбуз, ошон үчүн аттиштин баасы 600 доллар деп жазылып калды" дегендей жооп беришкен".

Ошол иштерге байланыштуу TBEA компаниясынын Кыргызстандагы өкүлү болуп иштеген кытайлык кыргыз Мусажан Макелек да камалган. Кийин анын иши өзүнчө бөлүнүп, үй камагына чыгарылган. Бирок андан бери кылмыш иши эмне менен бүткөнү, Мусажан Макелектин кайда экени белгисиз бойдон калган.


ЖЭБдин алгачкы бөлүгүн оңдоого жумшалган 386 миллион долларды Кытайдын Экспорт-импорт банкы насыя катары берген. Кыргыз тарап бул насыяны 100 миллион доллардан ашык үстөгүн кошуп, кайра 493 миллион доллар кылып кайтарышы керек.

ЖЭБ маселеси февраль айында анда дагы авария болгондо көтөрүлгөн. Президент Садыр Жапаров "Кабар" улуттук маалымат агенттигине курган маегинде ЖЭБди толугу менен модернизациялоого тапшырма бергенин айткан. Анда соңку аварияны буга чейинки оңдоо иштери "чала" жасалганы менен түшүндүргөн.

"Авария эски бөлүгүндө болду. Кептин баары ушул жерде жатат. 386 миллион долларга чала-була бирдеме кылбастан, эски ЖЭБди ийне-жибине чейин оңдоп койсо болмок. Же кошуна өлкөдөгүдөй 300 миллион долларга жаңы ЖЭБ куруш керек эле. Ал эми жаңы блоктор курулбаганда абал мындан оор болмок дегендер – бет тырмалык кылгандар. “Кылгылыкты кылып, кыл жип менен бууп коюп”, мыйыгынан күлүп олтургандар. Азыр эми ЖЭБди толугу менен модернизациялоого тапшырма бердим. Албетте, чоң сумманы талап кылат. Айла жок, каражат булактарын издеп табабыз да эми".

Энергетика боюнча эксперт, "Түндүкэлектр" ишканасынын мурдагы башчысы Сапар Аргынбаевдин айтымында, ЖЭБди ондоо иштери тууралуу маалымат толук берилбей жатат:

Сапар Аргынбаев.
Сапар Аргынбаев.

"ЖЭБди биринчи жолу оңдошкондо "150 миллион долларлык гана жумуш болчу, 386 миллионго кантип чыгып кетти" дегендей сөздөр болбоду беле. Ошондон бери эки жолу авария болду. Бүгүнкү күндө кайта эле ошол иштер жасалып атат. Каталар эки-үч эселеп кайталанганы жатат. Ошончолук эле болуп баратса, ал жерди жылуулук үчүн гана коюп, Кара-Кечеде электр борборун курса, ошол жерде Датка-Кемин электр линиясы аркылуу өтөт. ЖЭБди ошол жакка деле курушса болмок. Президент өзү деле насыя албайбыз, өзүбүз жасайбыз деп айтпады беле. Айткандарынын баары эле тескери жасалып жаткандай. Бардык жагынан маалыматтар жабык болуп турат. ЖЭБди биринчи ирет жаңылап атканда анын кубаттуулугу 660 мегаваттка чыгарабыз дешкен. Эки кыш эле көрсөтүп койбодубу, булар 350-440 мегаваттан жогору чыгара албай коюшту".

Эксперт Расул Умбеталиевдин пикиринде, азыркы Бишкек ЖЭБин оңдогондон көрө шаардын булуң-бурчуна жаңылары курулушу керек.

Раусл Умбеталиев.
Раусл Умбеталиев.

"Мен ЖЭБди биринчи ирет жаңылаганы жатканда эле 386 миллион доллар короткондон көрө 500 миллион долларга жаңы, заманбап төрт жылуулук борборун шаардын төрт районуна куруп койсо болот деп сунуш кылгам. Эски ЖЭБге миллиондогон доллар жумшап, кайра оңдоо зарылбы же жокпу деген чоң суроо дагы деле турат. Жеке өзүм буга каршымын. Аны оңдоодон өткөрүү ордуна толугу менен жабыш керек. Заманбап, кубаттуулугу азыраак төрт ЖЭБди шаардын төрт районуна куруп койсок алда канча жакшы болмок. ЖЭБди оңдоого ири каражат кетиргенден көрө Камбар-Ата ГЭСин курбайлыбы. ЖЭБ модернизация болду дегенден бери жети жыл болду. Азыр эми дагы оңдоп-түзөйбүз деп кайра эле акча жемей болуп калбайбы деген суроо бар".


ЖЭБдеги соңку авария 2-февралда таңкы саат 3төр чамасында болгон. Анда катуу жарылуунун айынан электр энергиясын өндүргөн жана жылуулук берген отказандардын көбү өчүп калган. Натыйжада борбор калаада жылуулук жана ысык суу берүү чектелип, үч күндөн кийин калыбына келтирилген. Кырсыкта беш адам жабыркап, абалы оор эки жумушчу Түркияга дарыланууга жөнөтүлгөн.

Өткөн аптада ЖЭБдеги авариянын себептерин аныктоо үчүн түзүлгөн мекемелер аралык комиссиянын корутундусу даяр болгон. Анда кырсыкка айрым кызматкерлер жана эскилиги жеткен жабдыктар негиз болгон деген тыянак чыгарылганы айтылган.

XS
SM
MD
LG