Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:14

Кышка даярдык: Өкмөттүн убадасы, депутаттардын сыны


Таласта ишке кирген "Бала-Саруу" чакан ГЭСи. 21-май, 2024-жыл. Сүрөттүн макалага тиешеси жок. Иллюстрация үчүн колдонулду.
Таласта ишке кирген "Бала-Саруу" чакан ГЭСи. 21-май, 2024-жыл. Сүрөттүн макалага тиешеси жок. Иллюстрация үчүн колдонулду.

Кыргызстандын өкмөтү күз-кыш мезгилине даярдык тууралуу Жогорку Кеңеште маалымат берип, суукка толук даяр экенин билдирди. Ошондой эле электр, жылуулук, көмүр жана башка нерселер менен камсыздоо жумуштары пландын алкагында жүрүп жатканы айтылды.

Депутаттар былтыр да ушундай эле убада менен кышка кирип, Бишкек ЖЭБинде кырсык катталганын жана жер-жерлерде жарык өчүрүлгөнүн эскертишти. Жыйында көмүр баасынын кымбаттыгы, тарифке болгон нааразылык жана башка маселелер да көтөрүлдү.

Сандар жана сын

Жогорку Кеңештин 9-октябрдагы жыйынында алгач Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүү көрсөткүчтөрү жөнүндө баяндама жасады.

Андан соң энергетика министри Таалайбек Ибраев 2024-2025-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык тууралуу отчёт берди.

Министр белгилегендей, Кыргызстандагы керектөөчүлөр жыл соңуна чейин 17 млрд 800 млн кВт/саат электр энергиясын колдонот деп эсептелүүдө. Мунун көпчүлүгүн Кыргызстан өзү өндүрсө, азыраак бөлүгү импорт менен жабылат.

Таалайбек Ибраев
Таалайбек Ибраев

“Биз жылдын аягына чейин 12,8 млрд кВт/саат электр энергиясын гидро электр станциялардан (ГЭС) өндүрөбүз деп пландаштырып жатабыз. Мындан сырткары эки жылдан бери бир топ чакан ГЭСтерди ишке киргизгенибизди билесиздер, алардан быйыл 250 млн кВт/саат электр энергиясын алабыз. Ошондой эле 1 млрд 800 млн кВт/саат электр жылуулук электр борборлорунан алынат. Жетишпеген электр энергиянын 3 млрд 2 млн кВт/саат көлөмүн башка өлкөлөрдөн сатып алабыз. Көпчүлүгүн Түркмөнстандан, Казакстандан алсак, азыраагын Өзбекстан менен Орусиядан алабыз”, – деди Таалайбек Ибраев.

2024-жылкы электр энергиясынын өндүрүшү жана импорттолушу боюнча маалымат. Жогорку Кеңеште көрсөтүлгөн презентациядан алынган скриншот.
2024-жылкы электр энергиясынын өндүрүшү жана импорттолушу боюнча маалымат. Жогорку Кеңеште көрсөтүлгөн презентациядан алынган скриншот.

2025-жылы гидро электр станциялары 12,4 млрд кВт/саат, жылуулук электр борбору 1,9 млрд кВт/саат өндүрөт. Бирок керектөө 18 млрд кВт/саатты түзөт деп мерчемделүүдө. Жетишпегени, тагыраагы 3,9 млрд көлөм кайра эле жогоруда аталган төрт өлкөдөн импорттолмокчу.

Министр өлкөнүн эң башкы электр өндүрүүчүсү – Токтогул ГЭСинин суу сактагычы былтыр октябрга 11,7 млрд куб метр киргенин белгилеп, быйыл аба ырайынын жаанчылдыгынан 13,1 млрд куб метр менен жеткенин тактады.

Энергетика министрлиги 2024-жылдын апрелине суунун көлөмүн 7 млрд куб метр менен чыгарса, 2025-жылдын апрелине 7,5 млрд куб метр менен чыгууну көздөп жатат. Адистер суу 6-6,5 млрд куб метрге түшсө, ГЭС авариялык абалга кабыла турганын эскертишет.

“Токтогул” гидроэлектр станциясын (ГЭС) камсыздоочу суу сактагыч. Архивдик сүрөт.
“Токтогул” гидроэлектр станциясын (ГЭС) камсыздоочу суу сактагыч. Архивдик сүрөт.

Эл өкүлдөрү баяндамадан соң өкмөт мүчөлөрүнө берген суроолорунун көбү электр менен үзгүлтүксүз камсыздоо тууралуу болду. Депутаттар быйыл суу көптүгүнө карабай ар кандай шылтоолор менен жарык өчүрүлгөнүн белгилешип, кышта да “ошондой болбойбу?” деп суроо коюшту.

Депутаттардын бири Гуля Кожокулова мындай деди:

Гуля Кожокулова
Гуля Кожокулова

“Таалайбек Омукеевич, сиз жыл ичинде дээрлик 3 миң авариялык өчүрүү болгонун айтып кеттиңиз. Эми кышта кандай кылабыз? Кайра эле кезектешип өчүрүүлөр уланса, калк эмне кылат? Орто жана чакан ишкерлер кантишет? Аларга да чектөө киреби? Цехтер, өндүрүштөр үзүлүп калса жакшы болбойт. Анткени бизде өндүрүш өсүп жатат. Заводдор, цехтер көбөйүп, керектөө да арбып жатат”.

Мурдагы кышта, кийин жаз-жай айларында деле ар кайсы аймактарда жарык бир нече саатка же күн бою өчүп калганы тууралуу маалыматтар чыгып турган. Энергетика министрлиги анын дээрлик баарын оңдоо иштери менен байланыштырган.

Министр депутаттарга берген жообунда да Кыргызстан кубаттуулукту арттырып, трансформаторлордун көбүн жаңылаганын, быйыл кышта кезектеп өчүрүүлөр болбой турганын белгиледи.

Башка бир эл өкүлү Эмил Токтошев Бишкек жылуулук электр борборуна (ЖЭБ) байланыштуу маселе көтөрдү:

Эмил Токтошев
Эмил Токтошев

“Бүгүн өкмөттүн, тийиштүү министрликтердин күз-кыш мезгилине даярдыгы тууралуу баяндамасын угуп жатабыз. Былтыр да куду ушундай эле суроолорду берип, баяндаманы укканбыз. Анан кышында ЖЭБде жарылуу болду. Аягында миллиарддаган чыгым болду. Быйыл да ошондой нерсе болбойбу деген нерсе ойлонтуп жатат”.

Өкмөт өкүлдөрү жылуулук борборундагы мүчүлүштүктөр жоюлуп, оңдолгонун, быйыл мындай кырсыктар катталбай турганын айтышты.

Быйыл 2-февралда Бишкек ЖЭБинде жарылуу болгон. Анын айынан электр энергиясын өндүргөн жана жылуулук берген отказандардын көбү өчүп калган. Натыйжада борбор калаада жылуулук жана ысык суу берүү чектелип, үч күндөн кийин калыбына келтирилген. Кырсыкта беш адам жабыркап, абалы оор эки жумушчу Түркияда дарыланып келди.

Көмүр мафиясы жана “кара алтындын” баасы

Энергетика министри Таалайбек Ибраев белгилегендей, Бишкек жылуулук электр борбору быйыл жылдагыдан айырмаланып, импорттук көмүрдү азайтты. Жылда Казакстандан 550 миң тонна көмүр ташылып келсе, быйыл 250 миң тонна гана алынат экен.

Кыргызстандын өзүндөгү кендерден мурдагыдай 650 миң тонна эмес, быйыл 750 миң тонна көмүр алынат.

Бишкек ЖЭБи жарылуудан кийин. Февраль, 2024-жыл.
Бишкек ЖЭБи жарылуудан кийин. Февраль, 2024-жыл.

“Кыргызкөмүр” ишканасынын планына ылайык, 2024-жылы өлкөдөгү 19 көмүр кенинде жалпы 975 миң тонна көмүр казылышы керек. Ушул күнгө чейин 660 миң тонна көмүр казылган.

Мамлекеттик мекеме жылдагыдай эле өлкөнүн булуң-бурчунда көмүрканаларды уюштурган. Ал жерде көмүр бекитилген баада, тагыраагы, 5200 сомдон ашпаган наркта сатылары айтылды. Калган жерлерде көмүрдүн сортуна жараша нарктар кымбатыраак болушу мүмкүн, бирок баары бир жогорку чектери бекитилген.

Монополияга каршы кызматтын жетекчиси Жээналы Орозбаев депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып буларга токтолду:

Жээналы Орозбаев
Жээналы Орозбаев

“Бардык региондор боюнча максималдуу баасы коюлган. Ар бир облустун ичинде көмүрдүн сортуна байланыштуу да жогорку чектер белгиленген. Айталы, Ошто Алай районунда “Жол чырак” ишканасы казган Мурдаштын көмүрүнө өзүнчө, “Алай голд” көмүрүнө өзүнчө, анан Өзгөндүн көмүрүнө ташуу жол чыгымдарын эсептөө менен башкача баалар бекитилген. Тарифтерди көмүр саткандардын баарына бергенбиз, азыр ошол боюнча көзөмөлдөө иштери жүрүп жатат. Көмүрдүн баасына 15-сентябрдан баштап толук мамлекеттик көзөмөл киргизилген”.

Бирок буга карабай бир нече депутат көмүр жер-жерлерде кымбат сатылып жатканын айтып, мамлекеттик органдарды аны ооздуктоого чакырышты. Алар бул жагдай коомчулукта нааразылык жаратышы мүмкүндүгүн белгилешти.

Бишкек жылуулук электр борборунун көмүр кампасы. Иллюстрациялык сүрөт.
Бишкек жылуулук электр борборунун көмүр кампасы. Иллюстрациялык сүрөт.

Депутат Ырысбек Атажанов Баткен облусунда көмүр кендери көп экенине карабай облуста көмүрдүн баасы кымбат болуп жатканын айтты. Ал муну “көмүр мафиясы” жасап жатканын белгилеп, тиешелүү чара көрүүнү талап кылды:

Ырысбек Атажанов (ортодо)
Ырысбек Атажанов (ортодо)

“Угушумча, “Кыргыз көмүрдө” эки көмүскө кардинал бар экен. Булар “Кыргыз көмүрдүн” жетекчисинин орун басары жана “Ош” филиалынын башчысы дейт. Мисалы, Сүлүктү шаарында эле 30дан ашык көмүр кени бар экен. Бул экөө коррупциялык схема түзүп, жети фирмага Өзбекстанга экспорт кылууга уруксат берип коюшуптур. Көмүрдүн тоннасынан 40 центтен “үлүш” алышат экен. Мен жалган нерсени эмес, анык фактыны алып жатам. Бул экөөнө тез арада чара көргүлө, болбосо биз депутаттык комиссия түзүп, укук коргоо органдары менен биргеликте териштирүү жүргүзөбүз”.

Министр Таалайбек Ибраев Кыргызстандан Өзбекстанга көмүрдү мамлекеттик “Кыргыз көмүр” ишканасы гана экспорттой турганын, башка менчик компанияларга уруксат жоктугун кеп кылды. Депутат Атажанов так ошол мамлекеттик ишкана жеке менчик фирмалардан сатып алып жатканын тактап, мыйзамсыз экспорт ошол аркылуу жүрүп жатканын кошумчалады.

Жылуулук тарифи жана ыктымал нааразылык

Башка маселе, быйыл 1-июндан тартып Кыргызстанда жылуулук жана ысык суу тарифин көтөрүү чечими кабыл алынган.

Ага чейин бери жылуулуктун 1 гигакалориясы (Гкал) үчүн баа калкка 1248 сомдон болчу. Жаңы чечимге ылайык, жалпы аянты 80 чарчы метрге чейинки батирде жашагандар 1 гигакалория (Гкал) үчүн 1 560 сомдон төлөйт. Батирдин жалпы аянты 80 чарчы метрден ашса, ар бир чарчы метрге жылуулук энергиясынын өздүк наркынын деңгээлиндеги тариф менен төлөнөт.

Өндүрүштүк, бюджеттик объектилер жана башка керектөөчүлөр буга чейин жылуулуктун 1 гигакалориясы (Гкал) үчүн 2052 сомдон төлөп келсе, алар да мындан ары анын өздүк наркы менен төлөй турган болду.

Жылуулук батареялары. Иллюстрациялык сүрөт.
Жылуулук батареялары. Иллюстрациялык сүрөт.

Ысык суунун 1 гигакалориясы (Гкал) үчүн калк буга чейин 1120 сомдон төлөп келсе июндан баштап 1560 сомдон төлөйт. Калган категориядагы керектөөчүлөрдүн баары ысык суунун өздүк наркы менен акысын бериши керек.

Парламенттин 9-октябрдагы жыйынында депутат Бактыбек Чойбеков мына ушул жөнүндө маселе көтөрүп, тарифтерди кескин көтөрүү калк ичинде нааразылыктарды жаратышы мүмкүн экенин айтты:

Бактыбек Чойбеков
Бактыбек Чойбеков

“1-июндагы чечимде жылуулук өз наркында төлөнөт деп каралган эле. Бирок ошондон бир жумадан кийин, 6-июнда жаңы буйрук чыгыптыр. Ал жерде 80 батирдин жалпы аянты 80 чарчы метрден ашса 1 гигакалория (Гкал) үчүн 6083 сом төлөйт деп бекилиптир. Мен көтөрүү керек дегенди туура эле түшүнүп жатам, бирок дароо 5 эсе көтөргөн туура эмес. Жаңы үйлөрдүн баары азыр 80 чарчы метрден өйдө. Бул социалдык чыңалууга алып келет”.

Жылуулук жана ысык суу тарифи былтыр да көтөрүлгөн. Быйылкысы - анын үстүнө кошулгандагысы гана. Өкмөт 2025-жылга чейинки тарифтик саясаттын негизинде энергетика секторунда өзүн-өзү актоо жана тарифти өндүрүүнүн реалдуу акысына ылайык адилеттүү түзүү максатын көздөй турганын билдирүүдө.

Энергетика министри жана ага баш ийген мекемелердин жетекчилери 80 чарчы метрден ашык аянтка ээ болгон адамдар жогорку тарифти анын баарына эмес, ошондон ашканына гана төлөй турганын белгилешти.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев да сөз алып, мамлекет мындан ары бул жаатта субсидиялоону токтоторун билдирди:

Бакыт Төрөбаев
Бакыт Төрөбаев

“80 чарчы метрге чейин 1 560 сом кала берет, андан ашканына гана 6083 сомдон төлөнөт. Мисалы, 100 чарчы метрлик үй болсо, 20 чарчы метри үчүн гана ушундай тариф менен төлөйт. Биз эмне үчүн тарифти көтөрүүгө аргасыз болуп жатабыз? Анткени жылуулукту өндүрүүнүн өздүк наркы учурда 6 миң сомго жетти. Ошого биз дагы ушундай тарифке жетебиз деп жатабыз, туура түшүнгүлө, депутаттар. Бишкек ЖЭБди көрдүңөр, 60 жылдан бери чаптап жүрө берип, аягы эмнеге келди? Ошондуктан биз элди акырындан ушул тарифке көндүрө берели. Анткени маселелер абдан көп. Биз ошондой эле абоненттердин курамын да карап көрдүк. Жылуулукту пайдалануучулардын 88% 80 чарчы метрге чейин аянтка ээлик кылат экен, андан ашкандар болгону 12% гана түзөт. А аларда төлөөгө мүмкүнчүлүгү бар деп эсептейбиз. Башкача айтканда бул жалпы калкка оорчулук жаратпайт. Ошондуктан эч кандай социалдык чыңалуу болбойт”.

Баса, быйыл жыл башында Бишкек ЖЭБиндеги авариядан кийин борбор калаадагы жана аймактардагы жылуулук электр борборлорунун баары Энергетика министрлигинин балансынан мэрияларга жана айыл аймактардын балансына өткөрүп берилген. Аларга алгач жергиликтүү бийлик жардам берип турса, үч жылдан соң толугу менен өзүн-өзү камсыздоого өтүшү керек. Бул тарифтер ошого чейин дагы көтөрүлүшү мүмкүн дегенди түшүндүрөт.

Парламент өз жыйынынын соңунда Министрлер кабинетинин күз-кыш мезгилге карата даярдыгы тууралуу отчётун жактырып, тиешелүү токтом долбоорун кабыл алды.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG