Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:32

СASA-1000: Экспортко электр энергиясы кайдан алынат?


CASA-1000 долбоорунун картасы.
CASA-1000 долбоорунун картасы.

Кыргызстан СASA-1000 долбоорунун алкагында өз аймагындагы зымдарды тартып, сыноого даярдап жатканын билдирди. CASA-1000 - Кыргызстан менен Тажикстандан Ооганстанга жана Пакистанга электр энергиясын экспорттоо багытында ишке ашырылып жаткан долбоор. Анын мааниси канчалык?

9-август күнү министр Таалайбек Ибраев Дүйшөмбү шаарында тажикстандык кесиптеши Далер Жума менен CASA-1000 долбоорунун алкагында эки өлкө ортосунда курулган аба чубалгыларын жана көмөк чордондорун сыноодон өткөрүүнү макулдашканы кабарланды. Сыноодон толук кандуу өтүп, мүчүлүштүктөр болсо калыбына келтирилген соң, толук ишке киргизилет. Ошондой эле Борбор Азия жана Түштүк Азия өлкөлөрүнүн ортосунда электр энергиясын берүү жана сатуу боюнча сүйлөшүлгөн. CASA-1000 долбоорун 2024-жылдын соңунда ишке киргизүү пландалган.

Энергетика министринин орун басары Курсантбек Өмүрбеков 2-август күнү мамлекеттик радиого курган маегинде долбоор боюнча 456 чакырымдык, 500 киловольттук аба чубалгыларын куруу иштери кызуу жүрүп жатканын билдирген. “Датка” көмөк чордонунда уяча куруу жана тирөөчтөрдү орнотуу иштери толук бүткөн. 456 чакырымдык аба чубалгыларынын 428 чакырымы тартылган.

“Өлкө башчыбыз тарабынан “2026-жылдан баштап электр энергиясын импорттоочу эмес, экспорттоочу өлкөгө айланышыбыз керек” деген тапшырма коюлган. Эгер бул долбоор ишке ашып кала турган болсо, бизде көптөгөн пландарыбыз бар. Күн энергиясы, шамал энергиясы менен жана кичи ГЭСтерди курабыз. Ушулардан өндүрүлгөн электр энергиясын аба чубалгысы аркылуу Пакистан, Ооганстан мамлекеттерине экспорттоого чоң өбөлгө түзүлөт. Ошондуктан бул долбоорду тездетип ишке киргизишибиз керек. Ооганстанда талибдер бийликке келгенден кийин долбоордун иши бир аз кечеңдеп калган. Бирок бир айдан бери ал жакта дагы иш кайра жанданып, катуу жүрүп жатат. Долбоор боюнча бардык тапшырмалар аткарылгандан кийин электр энергиясын аба чубалгылары аркылуу сата баштайбыз”, - деп билдирген Курсантбек Өмүрбеков.

CASA-1000 долбооруна бергидей электр энергиясы барбы?

CASA-1000 долбооруна Борбор Азия менен Түштүк Азиядагы төрт өлкө катышат. Аны Дүйнөлүк банк, Ислам өнүктүрүү банкы жана Европа инвестициялык банкы каржылайт. Долбоордун суммасы 1,2 млрд доллар деп эсептелген. Кыргызстандагы аткаруучулар “Улуттук электр тармактары” жана “Электр станциялары” компаниялары болуп эсептелет.

Долбоор боюнча ага катышкан ар бир өлкөнүн электр тармактарын жаңылап, жаңы көмөк чордондорун жана жогорку вольттуу чубалгыларды курушат. Электр чубалгылары Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустары аркылуу Тажикстандын Согду облусуна карай өтүп кетет. Алар аркылуу Кыргызстан менен Тажикстан жыл сайын жайкы мезгилде өздөрүнөн арткан электр энергиясын Пакистан менен Ооганстанга экспорттоп турмакчы. Бул чөлкөмдүн энергетика рыногундагы ири долбоорлордун бири болуп саналат, ал аркылуу Кыргызстан менен Тажикстандан жылына 4,6 млрд кВтс жарык экспорттолору болжолдонот.

Арийне, жылдан-жылга татаалдап бараткан климаттык жагдай долбоордун келечегин бир кыйла бүдөмүк кылат – өздөрүндөгү энергетикалык тартыштыкты жаба албай, суу ресурсунун туруксуздугу кыйнап жаткан экспортер-өлкөлөрдүн абалы жакшы деле эмес. Кыргызстандын бир катар энергетиктери ушундай заманда стратегиялык чечимдер зарыл болуп турганын эскертип келатышат. Алар дарыяларды эле карап отурбай, энергия алуунун башка жеткиликтүү жана арзан булактарын курууну сунушташат.

Энергетика боюнча эксперт Мырзатай Султаналиев климаттык шарттын татаалдашынан улам жылдан-жылга суунун көлөмү азайып баратканын эске салат. Ал климаттан, аба ырайынан көз каранды болбош үчүн көмүр менен иштей турган станция куруу зарылдыгы бар экенин айтат:

“Маселен, жылуулук электр станциясын курмайынча, биз бул абалдан эч качан чыга албайбыз. Азыр күндүн нурунан, шамалдын күчүнөн жана чакан ГЭСтерден энергия алабыз деп айтып атышат. Чакан ГЭС менен күндүн нуру деле ушундай акыбалга алып келет. Анткени климат бузулуп, суу аз болуп калса, чакан ГЭСтер токтойт. Кышында, электр энергиясы өтө керек болгон убакта күндүн нурунан иштеген электр станция да бере албай калат. Кыш мезгилинде эртең мененки, кечки максимум деген бар. Ошолорду жапканга мүмкүнчүлүк жок болуп калат. Ошон үчүн, менимче, бүгүнкү күндө жок дегенде 1200 мВттык ГЭС же ЖЭС куруу керек. Эң жакшысы, жылуулук электростанциясын куруш керек. Анткени биздин Кыргызстанда көмүрдүн 200-300 жылга чейин жете турган кору бар. Биздин өкмөттүн, Энергетика министрлигинин бүгүнкү көрүп аткан аракеттери муктаждыкты жаппайт. Менимче, жок дегенде беш жылдын ичинде бир станция курулбаса, ушул акыбалда калабыз. Электр энергиясына суроо-талап жылдан-жылга көбөйө берет. Азыр тартыштык 3 млрд кВтс болсо, дагы беш жылдан кийин 5-6 млрдга чыгып кетет”.

Кыргызстан өзү да импорттук жарыкка муктаж

Жакынкы келечекте Түштүк Азия өлкөлөрүнө ири көлөмдөгү электр энергиясын экспорттоо мүдөөсүнө карабай, соңку жылдары Кыргызстандын өзүндө жарыктын тартыштыгы улам өсүп барат. Бардык ГЭСтер менен Бишкек ЖЭБинде өндүрүлгөн электр энергиясынын жылдык көлөмү 14 млрд кВтс болсо, иш жүзүндөгү керектөө 17 млрддан ашып кетет. Өкмөт үчүн жетпеген кубаттуулукту чөлкөмдөгү коңшулардан импорттоо адат болуп калган.

Пакистан менен Ооганстанга электр энергиясын көбүнчө жайкы мезгилде экспорттоо пландалган. Арийне, Кыргызстанда жылдан-жылга жай айларында да жарыкты керектөө өсүп барат. Энергетика министрлиги июль айында суткалык керектөө 40 млн кВтс ашып кеткенин, бул жылдагы көрсөткүчтөн 25% көп болгонун билдирүүдө.

Министрлик таркаткан маалымат боюнча, 2024-жылдын биринчи жарым жылдыгында 9 млрд 80 млн кВтс жарык иштетилген. Анын 68% ГЭСтерден өндүрүлсө, дагы 22% ашыгы Орусия, Түркмөнстан жана Өзбекстандан импорттолгон. Дагы бир аз бөлүгү Бишкек менен Оштогу жылуулук-электр борборлорунан чыккан.

Инвестиция боюнча эксперт Шумкарбек Адилбек уулу Кыргызстандын “Камбар-Ата-1” сыяктуу ири ГЭСтерди куруп, андан чыккан электр энергиясын экспорттоого багыт алганы туура көрүнүш деп эсептейт. Жарыкты кышкы суукта деле же жайкы аптаптуу мезгилде дагы CASA-1000 долбоорунун багыты боюнча сатып, өлкөнүн казынасына экономикалык пайда көрүү мүмкүнчүлүгү жогору. Бирок чөлкөмдөгү геосаясий жагдайды зирек талдап, колдо болгон суу ресурстарын болушунча пайдалуу өңүттө иштетиши зарыл деген пикирин айтты эксперт:

“"Камбар-Ата-1" каскаддарын курганда, өлкөдөгү иштелип, изилденип чыккан чакан ГЭСтердин баарын кошуп санаганда дагы жетпей калат. Демек, бул экономикалык жактан дагы, инфратүзүмдүк жактан дагы абдан ыңгайлуу жана пайдалуу чечим. Өзүңөр деле байкап атасыңар да, климаттык өзгөрүүлөр эки уюлга кетип жатат. Жайында абдан ысык болуп, кышында күтүүсүздөн суук болуп жатат. Мисалы, күн аябай ысып кеткенде эл кондиционер иштеткенге, күн аябай сууп кеткенде кайра эле жылынганга аракет кылат. Демек, электр энергиясын келечекте сөзсүз сата алабыз. Маселе жок. Электр энергиясына суроо-талап болот, аны жаба алабыз. Бирок бул ГЭСти куруп алсак, анан андан чыккан электр энергиясын сатып оокат кылабыз деп эле, ар кимден карыз ала берген абдан оңой чечим деп ойлойм. Башка жактарын да караш керек, биздин өлкөнүн геосаясий абалын караш керек. Келечектеги картадагы геосаясий ордун караш керек”.

Өлкөдөгү суу ресурстарын туура пайдалануу жана энергетикалык кубаттуулугун күчөтүү үчүн Кыргызстан соңку жылдары “Камбар-Ата-1” ГЭСин куруу аракетин көрүп келет. Аны курууга коңшу Казакстан менен Өзбекстан теңшерик болууда. Долбоорду каржылоого Дүйнөлүк банк жарым-жартылай макул болгону менен, толук инвестициялык пакет азырга чейин чечиле элек. Мындан тышкары, бир катар орто жана чакан ГЭСтердин каскаддары курулары да жарыяланган.

XS
SM
MD
LG