Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Ноябрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:30

"Көлдү кечпегиле дегени үчүн сабашкан". Ишкер милициянын колунан ажал таптыбы?


Маркум Эрлан Батыралиев (ортодо) жана анын ата-энеси
Маркум Эрлан Батыралиев (ортодо) жана анын ата-энеси

мазмуну

  • Ысык-Көлдүн Кара-Ой айылындагы эс алуу жайларынын биринде ур-токмоктон каза тапкан жарандын өлүмүнө шектелип төрт киши кармалды. Анын экөө милиция кызматкери.

Маркумдун жакындары шектүүлөр аны ат менен кубалап, камчынын сабы менен уруп, үзөңгү менен башка тепкенин айтып, кылмыштын тыкыр иликтенишин талап кылууда.

Эки күн мурда Ысык-Көлгө досу менен эс алганы кеткен уулунан күтүүсүз ажырап калган Канышай Жайлообаева күйүтүнө чыдай албай, улам кан басымы көтөрүлүп, эсин жоготуп отурат.

"Айланайын эл журт, милиция бизди коргойбу? Же кордойбу? Ушуну мага чын айтып бергилечи...Менин балам дагы канча жыл жашайт эле..."

Ботодой боздогон энеге эки ирет "Тез жардам" келип кеткен. Анын айтымында, 15-ноябрда уулу көл жээгин ат менен кечтирип жүргөн адамдар менен уруша кеткен экен.

“Эй, балдар, көлдү кечирбегиле. Бул жер ыйык! Элдер ушул жерге эс алып келишет деп айтса, алар болбоптур. Урушуп кетишиптир, биз ушул жердикпиз, өзүбүз билебиз деп. Алар жарандык кийимчен милиция кызматкери экен. Алар элди коргойт, жерди коргойт деп жүрөбүз го, кана?”, - деп боздоп отурат Канышай Жайлообаева.

Жакындары Эрлан Батыралиев ооруканага түшүп, ошол жерден каза болгонун айтышууда.

“Орто кылымдагыдай эле жапайылык менен өлтүрүп салышкан. Кыйнашыптыр, экөө кармап туруп, бири башка тепкен экен. Менин агам деле күчтүү эле, бошонуп чыгып, качканга аракет кылыптыр. Бирок бул айбандар, аларды башкача атоо мүмкүн эмес, ат менен кубалап жеткен. Улакчылар окшойт, камчынын сабы менен башка 2-3 жолу уруптур, кайрылып келип үзөңгү менен башка тээптир. "Тез жардам" чакырып, ооруканага алып барганда каза болуптур. Туристтик аймакта медицинанын деле абалы жакшы эмес окшойт. Атам айткандай, алар жасалма дем алуу аппаратына туташтырса кандай болоор эле”, - дейт карындашы Рахат Батыралиева.

Маркумдун атасы Кадырбек Батыралиев 45 жыл медицина тармагында хирург болуп иштеген экен. Ал уулуна алгачкы жардам талаптагыдай көрсөтүлгөн эмес деп эсептейт.

“Биринчи жараат менен түшкөндөн кийин алып барып, жаткырып башынан жараат алса, башына муздак басчубуз. Шок абалдан чыксын деп киши киргизчү эмеспиз. Анан сүйлөшөсүңөр деш керек болчу. Бирок күбөнүн айтымында (маркумдун жанында болгон досу - ред) дарыгерлер баламды урган балдарды киргизип жиберишиптир. МАИ кызматкери (жол коопсуздугу кызматкери - ред) дегени: “Эй, мен жок болчумун” десе, балам: биринчи сен бар элең го деп чалкасынан кетип, үзүлүп кетиптир. Эгерде ошолор кирбегенде мындай болбойт беле”.

Саламаттыкты сактоо министрлиги өз кезегинде төмөнкүдөй маалымат менен бөлүштү.

“1980-жылкы бейтап Ысык-Көл районунун жалпы медициналык практика борборунун кабылдамасына кечки саат 18:00дө түшкөн. Келгенде ал жүрөк тушу ооруп жатканын айткан. Саат 18:07де кардиолог менен консультация учурунда анын жүрөгү токтоп калып, реанимациялык чаралар көрүлө баштаган. Тилекке каршы, аракеттерге карабастан бейтап 19:16да каза болуп калган”.

Эрлан Батыралиев
Эрлан Батыралиев

Милиция окуя боюнча кылмыш иши козголуп, 16-ноябрда шектүүлөр камалганын маалымдады.

“Тергөө-ыкчам тобу окуя болгон дарекке барып, Э.Б. жаракат алган абалда табылган. Ал тез арада райондук ооруканага жеткирилген. Дарыгерлердин маалыматына ылайык, жаран ошол эле күнү саат 19:30 чамасында алган жаракаттарынан улам көз жумган. Ысык-Көл милициясы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында окуяга тиешеси бар деп шектелген төрт жаран аныкталган. Алардын экөө — милиция кызматкерлери. Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (Ден соолукка оор залал келтирүү) негизинде кылмыш иши козголуп, тиешелүү соттук экспертизалар дайындалды”.

Маркум Эрлан Батыралиевдин кызы атасынын өлүмү тууралуу соцтармакка жарыялагандан кийин көлдө сабап-урган окуялар тууралуу кат жазгандар көп болуп жатканын айтып берди. Ал укук коргоо органдарын туристтик аймактардагы коопсуздукка көңүл бурууга чакырып, атасын өлтүргөндөргө тийиштүү жаза берилишин талап кылууда.

"Мен азыр алар акталып кетпейби же аларга бир-эки эле жыл берип койбойбу деп кооптонуп жатам. Алар кийин эркиндикке чыгат, а менин атам бизге кайрылып келбейт", - деди атасын жоктоп зарлаган өспүрүм кызы.

Эрлан Батыралиев кызы менен
Эрлан Батыралиев кызы менен

45 жаштагы Элдар Батыралиевдин артында үч баласы, жубайы калды. Жакындарынын айтымында, ал Бишкекте ресторан бизнеси тармагында иштеп, борбордо жашачу.

Көлгө 15-ноябрда эки күнгө досу менен эс алууга барып, ошол күнү кечинде эле каргашалуу тагдыр тооруган.

Үйүнө өзү эмес, сөөгү келди. Маркум 17-ноябрда Бишкекке коюлду. Үй-бүлөсү аны колунда жокторго жардам берип, көп кайрымдуулук кылып жүргөн ийгиликтүү ишкер катары мүнөздөштү.


Шерине

XS
SM
MD
LG