Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Ноябрь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:15

Поюз бекетиндеги кыңыр иш, кыйылган өмүр


Кең жайкын талаадагы поюздар токтоп өтчү бекетте иштегендер жолочулар жайында кеп кылууну жакшы көрчү. Адам тагдыры, ариет, ар-намысы мындайда унут калып, аныгы менен апыртмасы аралашып кеткен апыртма сөздүн күнү тууйт.

Анын кедергиси барып-келип бирөөгө кылдай жамандыгы жок бечарага тиери эч кимдин капарына келбеди.

Талаадагы поюздар

Орус жазуучусу Максим Горькийдин «Эрмек үчүн» аңгемесинде аяк-башы көрүнбөгөн эгин талаанын так ортосундагы поюз бекетинде болуп өткөн кайгылуу окуя сүрөттөлгөн. Бекетте кыймыл үзүлчү эмес, узун вагондорду эшиктери ачылып, сыртка умтулган жүргүнчүлөр иши болбосо деле буту-колун жазып ары-бери басканды жакшы көрчү. Поюз жолдун башкаларга окшобогон бир керемети бар го. Күпүлдөгөн состав жол улай бергенде бекет кыйла ээндеп, келер поюзду күтүп калышат. Көз талыткан кең мейкиндин бир чекитин ээлеген бекеттен карасаң эгин талаа деле бүтпөчүдөй көрүнчү. Асман болсо көпкөк болуп, жайкы ысыктан жүдөгөн айлананы желе-жорткон коңур жел мемиретип, баары биразга тынчып калчу. Темир жол бекеттин кара күрөң тамдары учкул кыялдан куржалак калган сүрөтчүнүн полотносуна таамп калган бир түс сырдай, ажайып көрүнүштү бузуп турчу. Ошон үчүнбү, күшүлдөп-бышылдап энтигип келип токтогон поюздан ар кыл адамдар топурап түшүп, анан ышкырык чыкканда кайра вагондорго жабышып, кыймыл уланчу.


Бекетте иштегендерге поюздун келип-кетиши чоң сөзгө айланчу. Ар кими өзү көргөн, байкаган нерсесин ортого салчу, баарына кызыктай көрүнгөн сөз жөнөкөй эле бир нерседен башталчу. Поюздагылар көбүнесе шаарга бараткандар, көбү оңбогон турмуштун айынан жер которгондор. Бул жердегилердин шаарга ашыга турган шарты жок эле, баары издешпей табышкандар.

«Баары ошерде: станциянын начальниги – казак-орустукундай муруту чоң, жылдыздуу, толмоч ак жуумал адам; анын жардамчысы – теке сакал, куйкул сары жигит; станциянын сторожу – шыпылдаган, митаам, кидийген Лука; стрелочниктердин бири – сөзгө сараң, бою чымыр, кереге сакал Гомозов.

Станциянын босогосундагы скамейкада начальниктин зайыбы – ысыктан абдан кыйналган, бою жапалдаш, толмоч аял отурат. Аялдын алдында ымыркай бала уктап жатат, куду энесине окшоп, баланын бети да борсоюп кыпкызыл. Жерге сойлоп кирип кеткенсип, эңишке түшкөндө поезд такыр көрүнбөй калат.

Ошондо станциянын начальниги зайыбына:

– И, Соня, самооруң беленби? – дейт.

– Албетте, – деп зайыбы эрингенсип, акырын жооп кайтарат.

– Лука! Сен тиги... полотно менен перронду шыпырып кой... Көрдүңбү, кайдагы акыр-чикирдин баарын чачып кетишти…

– Билем, Матвей Егорович…

– Түзүк... Кош? Чай ичпейсизби, Николай Петрович? – өнөкөт иш да, – дейт жардамчысы”.

Поюз дегениң адамдарды толтура салып батыштан-чыгышка, түштүктөн-түндүккө бышылдап каттап турат. Булар болсо аны жолдон тосуп, узатып коюшат. Анан сөзгө киришет, кептин көбү чай үстүндө айтылат. Поюз бекеттин башчысына жардамчысы экинчи класстагы вагондо бараткан жүргүнчү аялдын сары түс көйнөгү жакпаганын кобурайт. Өзүнүн кебетесин кеп кылган киши жок, атасы тааныбаган бирөөнүн сары түс көйнөгүн кеп кылып отурбайбы, жакшы эмес.

Начальниктин жардамчысы кантсе да гимназияны бүтүргөн эмеспи, анын үстүнө бул жерге келген гезит-журналдарды, китептерди калтырбай окуп бекеттегилердин билимдүүсү болуп алган. Анын окумалдыгын көрүп бекеттин башчысы көптү билген неме деп, айткан ар бир сөзүн кунт коюу менен угат. Башчыга түшүнүксүз татаал сөздөр аябай жагат, аны билимдүүлөр гана колдонот деп эсептейт. Аңгеме-дүкөнгө кээде бекет башчысынын аялы кошулуп калат. Бел оорутуп, кол жоорутпай кечкирткендер кенен эс алчу маал жакындайт, кеч кирет.

“Күн асмандан талаанын четине жай жылып түшө баштайт да, жерге тиер-тийбес болгондо, кызарып кетет. Адамдын ичин бышырган, тетиги эрме чөлдөн каяккадыр алыска азгыргансыган кызгылт шоола талааны каптайт. Анан жерге бир чети тиет да, күн калкып, жерге же жердин ары жагына батып кетет. Ошондон кийин да кечиндеги албан түрдүү шоола көпкө дейре асманда жаркырайт, бирок бара-бара бозорот да, тунжураган жылуу ымырт түшөт.

Жылдыздар чыгат да, жердеги зеригүүдөн коркконсуп, бүлбүлдөйт. Иңирде талаа тарый баштайт; түндүн караңгысы станцияга туш-тушунан жылып келе берет. Акырында, көзгө сайса көрүнгүс караңгы болот. Станцияда чырак жагышат; семафордун жашыл оту – баарынан бийик, баарынан жарык. Анын айланасы караңгы, тымтырс. Кээде коңгуроо кагылат – поездге түш деген ишарат; коңгуроонун ашыккан табышы талаага жетип, жок болуп калат. Коңгуроо кагылар менен көпкө созулбай эле, алыскы караңгыдан жылтылдаган кызыл от жүгүрүп чыгат да, караңгы чулгаган жапжалгыз станцияны көздөй келаткан поезддин күрүлдөгөнүнөн талаанын жымжырт болуп турганы бузулуп кетет”.

Ушундай турмуш. Поюздар ысыкка карабай күшүлдөп каттап атыры, бекеттегилер иштеп атышат. Ортодо сөз чуркайт, баарына ошол жетишет. Сөздөн урушуп, кээде кызыл чеке болушат. Оңойбу анан, эч ким кепке кемтик болгусу келбейт. Лука, жашамал адамды жоокер, «салпаяк» дейт, «Сен эмне түшүнмөк элең, журтта калган барабанщик? Өмүр бою замбиректин астынан бака кууп, полктун капустасын кайтарып жүрүп өткөнсүң…” дейт. Анысы аз келгенсип байкушту «чымчыктардын командири!” дегеничи. Бечара Ягодка чыдайт, бир жолу бекеттин башчысына барса, тиги муну укпай, «болор-болбос иш менен мага келбегиле» деп кабинетинен кууп чыгыптыр.

Жоош аял

Бул жерде баары иштейт, бекет башчынын аялы тамак жасайт. Анын колу тийбей калганда Арина деген балчайган жоон орус аял казандын жанында күймөлүп калат. Башынан эле ушундайбы, ыраңынын серттиги аз келгенсип бул аял аябай кир, жыртык-журтук кийимчен жүрө берчү. Башкалардан коркконсуп көзүн ала качып, такай жер карап басат. Башка бирөөлөрдүн алдында айыбы бардай, жалтайлап турчу, бет алдына келген киши эмне айтса ошону ойлонбой жасоого даяр, кылайган чөпкө да зыяны жок неме. Ошол Аринанын бары-жогун Гомозов эсине деле алчу эмес. Келген поюздарды багыттап, сакалын сылап, байыстуу көрүнгүсү келген куйту бекет башчыдан башкаларды тенине албай, текеберсинип жүрчү. Анан Гомозов бир күнү ашканага баш багып Аринага көйнөгүн сунду. «Жамап берчи» деди, тиги айткан маалында көйнөгүн жамап алып келди. Экөөнүн мамилеси жамачыдан башталды. Кыйды сакал Аринанын каяктан келгенин, бул жерде жалгыз жашарын билди. Аялы каза болгондон бери өзү да жалгыз күн көрүп келатканын, балдарынан ажырап соколой башы калганын кобурады.

“– Өз үйүң болбогон соң, жаман, – деди Арина акырын гана.

– Ананчы!.. Сен эмне жесирсиңби?

– Кызмын.

– Кайдагынын кызы! – деп, Гомозов көз көрүнөө шектенди.

– Кудай урсун, кызмын, – деп ишендирди Арина.

– Эмне, эрге тийген жок белең?

– Мени ким алмак эле? Эчтемем болбосо... ким кызыгат... анын үстүнө өңүм да сулуу эмес…

– Түзү-үк... – деп, Гомозов ойлогондой созуп айтты да, сакалын сыйпагылап, ага тигиле карап калды. Анан, маянаң канча деп сурады.

– Эки жарым сом.

– Түзүк. Кош... демек, менден отуз тыйын дечи? Эмесе мындай... кечинде келип алгын... саат он ченде, макулбу? Акчаны ошондо берем... чай ичип, эрмектешип сүйлөшүп отурарбыз... Экөөбүз тең жалгыз бой экенбиз... келбей койбо!

– Келейин, – деди да, Арина чыгып кетти.

Кийин, дал кечки саат ондо келип, Арина аныкынан таң куланөөк болгондо кетти. Гомозов аны экинчи ирет чакырган жок, отуз тыйынын да бербеди”.



Гомозов айтса келип, тигинин эрки менен болуп, анан экөөнүн ортосундагы ишти жан кишиге айтпасын улам-улам эскертип, Гомозов «жамап кел» деп берген эски кийимдерин алып келчү болду. Экөөнүн жашыруун жашоосун бекеттегилер башында билишпеди. Кыйды бечара момунга ынгайын таап жолугуп «бүгүн кел» дейт, тиги унчукпайт, айткан убагында келип, келген сайын «бир да жан билүүчү болбосун!” деген эскертүүнү угуп кайтат. Аринанын түн менен келип, түн менен кетип жүргөнүн бекеттин башчысынын аялы түкшүмөлдөп, бирок ал да байкуш момунду жазгырган ким экенин кыйлага биле албай жүрдү.

Бир түнү Гомозов жертөлөдөгү Аринага келсе аңдыган бирөө эшикти сырттан кулптап салыптыр. Гомозов мындай караниеттикти эски жоокер кылганын айттырбай билди. Бул түнү кезекте турарын, ишинде болбосо бекеттин башчысы ачуланарын айтса тиги каткырып мойноп болбоду.

“ – Жараткан-ай! Тезирээк эле таң атса экен, – деп санаасы тынбай жалбарды Арина.

– Бас жаагыңды... мен сага таң арттырармын! – деп Гомозов дагы опузалады да, аны дагы сөгө баштады.

Анан жымжырт болуп, унчукпай калышты, экөөнүн жанына мына ошол жаман батты. Ушул эки кишинин күлкү болгонуна моокуму канып, ар бир минут өткүсү келбей манчыркагансып, таң жакындаган сайын убакыттын мейримсиздиги улам күчөй берди.

Акырында Гомозов үргүлөп кетти да, жертөлөгө жанаша жерден короздун чакырганынан ойгонду.

– Эй, сен... мастен! Уктап жатасыңбы? – деп сурады ал кобурап.

– Жок, – деди Арина, күрсүнө үшкүрүп.

– Уктасаң болмок экен! – деп какшыктады стрелочник.

– Эх, сен... – Тимофей Петрович – деп, Арина чыңырып жибере жадады – ачууланба мага! Аягын мени! Кудай үчүн сураганым – аягын! Жалгызмын мен, курган жалгыз башыман бөлөк эч кимим жок! Сен мага... маңдайыма бүткөн жакыным – жалгыз сенсиң…

– Озондобо, элге күлкү кылбагын! – деп томсоруп, бир аз жаны ачыган Гомозов аялдын туталанып шыбыраганын токтотуп койду.”

Акыры таң да атты. Кыйла убактан кийин бекет башчысынын мыскылдуу үнү угулду. “Гомозов! Аринаны колунан жетелеп, бери чык, кана, тез!..” Башын жерге салган экөө сыртка чыкканда күтүп тургандар шатыра-шатман түшүп жер карап үңкүйгөн экөөнү кычкыл кептин айлампасына таштап ийишти. Арина андан кийин эмне кылганын, ыкшыган көпчүлүктүн алдында кантип турганын эстей албады. Жин тийгендей кутурган адамдарды карап туруш кыйын болчу, байкуш аял мынчалык басынган эмес эле. Акыры чыдабай көзүнүн жашын этеги менен сүртүп талааны көздөп басып кетти. Бекеттегилерге күн түшүп, ичтери эзилгенче күлүп, Арина менен Гомозовду гана кеп кылып, шарактап жүрүштү.

Гомозов кыйды неме экен, өзүн деле күнөөсүз немедей көрсөтүп, демилге Аринадан чыкканын баарына жайып жатты. Ал карандай калпты айтып жатканына деле уялбай, жанын жегенин баары билип турса да, ага деле бети чымырабай айыпты аялга оодарып салды. Бул кезде Арина уятынан бети ысып, талаада өпкө-өпкөсүнө батпай ыйлап жаткан. Ыйы басылып түндөсү жатар жерине келсе бекеттегилер дагыле анын кебин кылып жатышканын укту. Кайра талаага басып кетти.



Таңга жуук ыйлай берип көзү шишиген бечара поюз жол бекеттин чатырындагы кир жайгыч калың жибин алып сыйыртмак жасап баканга илинип өлүп алды. Анын жан кыйганын узун сөзгө кирип алгандар эки күндөн кийин билишип, сөөгүн чатырдан түшүрүп тергөөчүлөр келгенде убайымчыл жоош аял сары санаадан жанын кыйып алыптыр деп сөз чыгарышып, ишти басты-басты кылып коюшту. Момун аялдын сөөгүн жол оңдоочулардын жумушчулары бекеттен алыс эмес жерге алып барып көөмп келишти. Бекетте болсо мурдагы көнүмүш жашоо улантылды.

Максим Горькийдин «Эрмек үчүн» аңгемесин кыргызчага Сүйүнтбек Бектурсунов которгон.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Шерине

Азаттыктан угуңуз

XS
SM
MD
LG