Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:14

"Асман шаарына керек". Ысык-Көлдөн чет элдиктерге турак жай сатыла баштайбы?


Ысык-Көл, архивдик сүрөт.
Ысык-Көл, архивдик сүрөт.

30-майда Жогорку Кеңеш Ысык-Көл облусунда чет элдиктерге турак жай, там-таш сатууга жол ачкан мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды. Документтин авторлору бул документ аймакты өнүктүрүп, инвестиция тартуу үчүн зарыл деп жүйө келтирип жатат.

Талкуу маалында мыйзам долбоору курулушу келерки айда башталат деп жаткан Асман шаарына дагы керек экени ырасталды. Документ тармактык комитетте талкууланып жатканда бир катар депутаттар каршы болуп, талаш-тартыш дагы чыккан эле.

Парламентте талкуу маалында юстиция министринин орун басары Бактияр Орозов мыйзам долбооруна депутаттардан түшкөн айрым сунуштар кошулганын билдирди. Анын негизинде документте чет элдиктерге Ысык-Көлдөн жер сатылбасы белгиленгенин айтты.

"Бул жерде жер тилкелери убактылуу пайдаланууга берилет. Бул Жер кодексинде көрсөтүлгөн, жөнгө салынган. Ушул экинчи окууда депутаттардан келип түшкөн сунуштардын негизинде бул долбоордо "жер тилкелерин кошпогондо" деп өзгөртүү киргизилген".

Депутат Дастан Жумабеков жерге байланыштуу жагдай так жазылышы керек деп эсептейт. Ал долбоордо жер сатылбай турганын так аныктаган атайын беренени кошууну сунуштады.

Дастан Жумабеков.
Дастан Жумабеков.

"Бул менен маселе чечилбейт. Соттошо турган болсо маселелер чыгат. Биз рекреация деген жерге муну так, өзүнчө берене менен беришибиз керек. "Жер тилкеси кирбейт, ал мамлекеттики болуп саналат, анын үстүндөгү мүлк менчик, ал турган жер чет элдик жаранга убактылуу пайдаланууга гана берилет" деп так жазышыбыз керек болуп жатат. Эгер ушинтип так көрсөтүлсө талаш-тартыш болбойт эле".

Мыйзам долбоорунун авторлорунун бири, депутат Элмурза Сатыбалдиев "жер сатууга жол ачат" деген дооматтарды четке какты.

"Бул мыйзамдын максатын туура түшүнгүлө. Бул мыйзамдын максаты салынып калган рекреациялык зонадагы имараттарды сатып алууга чет элдиктерге мүмкүнчүлүк берүү. Ал кыргыз жаранынын жери чет элдиктер сатып алганда дароо автоматтык түрдө "көк китепке", ижарага айланат. Бул жерде кайсы бир жерди чет элдиктер алып, ошол жерге чет элдиктерге имарат салганга бийлик уруксат берет экен деген нерсе жок. Биз рекреациялык зона, жоопкерчилик деген эмне экенин билебиз".

Жыйында депутат Гуля Кожокулова документте оңдоп-тактай турган жагдайлар бар экенин белгилеп, кайра комитетке экинчи окууга кайтарууну сунуштады, бирок анын депутаттардын көбү колдогон жок.


Мыйзам долбооруна депутат Исхак Масалиев дагы каршы чыгып, келечекте бул мыйзамдын кесепети тийиши ыктымалдыгын эскертти. Депутат ошондой эле бул документтин курулат деп жаткан Асман шаарына тиешеси бар-жогуна кызыкты. Ага Архитектура, курулуш жана турак жай, коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчисинин орун басары Талантбек Иманакун уулу "тиешеси бар" экенин бышыктады.

"Биз бүгүн депутатпыз, эртең эле депутат болбой калабыз. Пенсияга чыгабыз, бирибиз бар болобуз, дагы бирибиз жок болобуз. Анан эмне болот? Кечээ эле жаштар мушташып, биздин айрым балдар азыр бейбаштыкка айыпталып отурат. Канча чет өлкөлүк чыгып кетти. Көлдө эмне башкача балдар жашайбы? Алардын ачуусу келип, дагы бир нерсе болуп кетиши мүмкүн. Керемет көлүбүзгө бир аз абайлап мамиле жасасак. Конок деген конок болушу керек. Биз мисалы Түркияга же дагы башка жактарга барсак конокпуз, алардын мыйзамын сыйлайбыз. Ошондуктан жеке мен бул мыйзамды колдобойм. Мен деле патриотмун, мен деле көлүбүз өнүксүн деп жатам. Бирок ушундай ар кандай жолдор менен эмес. Менин акыркы суроом Асман шаарынын курулушуна ушул мыйзам керекпи же керек эмеспи? "

Мыйзам долбооруна каршы чыгып жаткан дагы бир депутат Султанбай Айжигитов Ысык-Көлдө чет элдиктерге мүлк сатып алууга уруксат берилсе инвесторлор келет деген жүйөгө ишенбей турганын айтты. Ал кесиптештерин документти колдобоого чакырды.

Султанбай Айжигитов.
Султанбай Айжигитов.

"Менин башка кесиптештерим дагы айтып кетти, бул долбоор Конституцияга дагы, конституциялык мыйзам болгон Жер кодексине дагы каршы. Мисалы ошол эле кодексте айтылып турат, курулган үй болсо ошол тилке менен менчикке берилет деп турат. Мына баарыбыздын үйүбүздүн жер тилкеси бизге карайт да. Экинчиси биз "курулган үйдү жери менен кошо көтөрүп кетип жатабы" дегендей сөздөрдү айтып жатабыз. Бул жерде чет элдиктерин укугу тууралуу сөз болуп жатат, аларга биздин жерге ээлик кылганга чоң укук берип жатабыз. Чет элдиктер келип, бизди инвестиция менен жыргатып жиберет деген такыр эле туура эмес түшүнүк. Мына эгемен болгонубузга 32 жыл болду. Кайсы инвестор келип бизди жыргатып жиберди? Бир мисал барбы? Кумтөр эмне бизге жетиштүү эмеспи? Кумтөрдүн шорун биздин урпактар дагы тартат. Бул бизге тарых, сабак эмеспи? Биздин өнүкпөй жатканыбыз инвесторлордун келбегенинен эмес. Биз качан өнүгө баштасак ошондо бизге инвестор келет. Бул мыйзамдарга, чечимдерге дагы жооп берчү күн келет".

Мыйзам долбоору экинчи окууда жактырылып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү жана парламенттин кийинки отурумунун күн тартибине кириши мүмкүн.


Мыйзам долбоорун 27-майда парламенттин тармактык комитети карап жаткан маалда документтин авторлорунун бири Балбак Түлөбаев менен Султанбай Айжигитов катуу кайым айтышкан. Айжигитов анда документтин максаты "жер-сууну сатуу" дегендей пикирин билдирген. Буга териккен Түлөбаев аны сотко берерин билдирген.

Асман шаарын ким курат?

Президент Садыр Жапаров 25-майда Балыкчы шаарында туруп Асман шаарын курууга катышууну каалаган инвесторлордун сунушу менен долбоорго өзгөрүү кирип, экологиялык кызыкчылыктарга басым жасалганын белгиледи.

“Былтыр капсула салгандан кийин аны көргөн чет өлкөлүк өнөктөштөр “жөн эле эмес, жашыл шаар салалы” деген сунуштарды берип, мурдагы долбоорго өзгөрүүлөр кирип, курулуштун башталышы бүгүнкү күнгө чейин созулуп келди. Дүйнөлүк коомчулук жашыл экономикага, жашыл энергетикага жана жашыл шаарга өтүүгө аракет кылып жатат. Мындан тышкары шаар Ысык-Көлгө зыянын тийгизбеши үчүн заманбап шаар куруу сунушун кабыл алып, жашыл шаарды баштап жатабыз”, - деди ал.

Президенттин билдирүүсүндө Асман шаары үчүн бөлүнгөн жерге кайсы обьектилер курулары айтылган эмес. Азырынча бул стратегиялык долбоор тууралуу расмий маалымат жок, сайты да ишке киргизиле элек.

Мамлекеттик курулуш агенттигинин жетекчиси Нурдан Орунтаевге кайрылганыбызда азырынча толук маалымат берилбей турганын, курулуш башталгандан кийин баары белгилүү болорун “Азаттыкка” билдирди.

“Инвесторлордун да талаптары эске алынып, экологияны сактоо, экономиканы өнүктүрүүгө ылайыкташтырылган долбоор болду. Президентибиздин да багыты ушундай, биз да ошого жараша иш алып барабыз. Курулуш масштабдуу эле башталат, азыр шарттарды толук айта албайбыз. Курулуш башталганда баары белгилүү болот”, - деди Орунтаев.

Экономист Эрлан Камалов долбоорду “жашыл экономикага” ыктап ишке ашыруу пайдалуу деген ою менен бөлүштү:

“Өкмөттүн жаңы технологияларга жана жашыл экономикага негизделген шаарды курабыз дегени колдоого аларлык. Анткени мамлекет үчүн керек болуп жаткан каражат жана четтен келе турган каражаттар жашыл экономикага, климаттын өзгөрүшүнө каршы тура турган долбоорлорго жана ошол тармакка ыктаган өлкөлөргө артыкчылык берилип жатат. Мамлекет башчысы да ушул мүмкүнчүлүктү пайдаланып калгысы келип жатат деп ойлойм. Бул шаардын курулушунда жумушчу орун түзүлөт, жаңы калаа пайда болот. Эгерде долбоор чын эле "жашыл экономика" принциптерине негизделсе, шаар алдыңкы технологияны өзүнө камтыйт жана инвесторлорду өзүнө тартат”.

Инвесторлор кимдер?

Президент Жапаров Асмандын курулушу тууралуу билдирүүсүндө чет элдик өнөктөштөр тууралуу айтып, бирок долбоорду кайсы компания ишке ашырарын тактаган жок.

Экономика министрлигинин маалыматына караганда, Асмандын курулушунун баасы 20 млрд доллар деп эсептелген. Аны курууга түштүккореялык компания 1 миллиард доллар инвестиция салууга ынтызарлыгын билдиргени расмий айтылган.

Ошентип түштүк кореялык бул компания кандай аталат, шаар куруу тармагында тажрыйбасы барбы деген суроолорго азырынча жооп табыла элек.

Инвестиция агенттигинин мурдагы жетекчиси Шумкарбек Адилбек уулу Асман шаарын пландоодо сөз болуп жаткан артыкчылыктарды камтуу боюнча терең талдоо жасалып, концепция каралган эмес деген ойдо:

"Бул шаар эмне үчүн курулуп жатат дегенге анык жооп жок. Туристтик багытта дей турган болсок, Чолпон-Ата, Балыкчы жана башка шаарлар бар. Ошол жерлердин инфраструктурасын жакшыртып, деңгээлин көтөрсөк болмок. Дагы бир өзгөчөлүк катары “акылдуу шаар” айтылды. Ал үчүн ошол аймакта жер астындагы шарттардан баштап, бардык катмары изилденип, экологияга зыян келтирбей тургандай шаар болушу керек. Ошол өңүттөн алганда азыр тандалып алынган жерди “акылдуу шаар” деп айтуу кыйын. Электрондук сооданын логистикалык аймагы болот деген сөздөр айтылды. Ал үчүн инфратүзүм керек, ал жерге каттоо ыңгайлуу болуп, мындай шаар жок дегенде эки-үч мамлекетти бириктирип, бизнеске жол ача тургандай болуусу шарт. Мамлекет муктаж болгон долбоорлорду ишке ашырышы керек. Бизге азыр жаңы шаар керекпи? Эмне үчүн? Ал курулгандан кийин өзүн актайбы? Ушул суроолорго так жооп камтылса ишке ашырса болот".

Өкмөт Кыргызстандын экономикасы өнүгүүгө багыт алганын билдирген. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 23-майда Бишкекте өткөн эл аралык финансылык форумда экономика туруктуу өнүгүү багытына чыкканын, жаңы ишканалар эле эмес, бүтүндөй тармактар менен багыттар ачылып, тышкы сооданын көлөмү өсүп баратканын айткан.

Ысык-Көл жээгинде Асман шаарын куруу демилгеси алгач 2021-жылы көтөрүлгөн. Ошол эле жылы Министрлер кабинетинин токтому менен экологиялык таза шаар куруу боюнча мамлекеттик дирекция түзүлгөн. Былтыр 30-июнда президент Жапаров шаардын курулушуна капсула салып, иш ошол бойдон токтоп калган.

Жаңы шаар Чырпыкты жана Тору-Айгыр айылдарынын ортосунда, көл жээгине курула турган болууда. Ал жердин жалпы аянты 4015 гектар. Бишкектен 200 чакырым алыстыкта жайгашкан жер көлдүн жээгин, тоо этектеген жайытты жана алма-өрүк өстүрүлүп, өздөштүрүлгөн жерлерди камтыйт.

Экономика министрлигинин маалыматына караганда, шаардын курулушунун баасы 20 млрд доллар деп эсептелген. Аны курууга түштүк кореялык компания 1 миллиард доллар инвестиция салууга ынтызарлыгын билдиргени расмий айтылган. Алдын ала эсептөөлөргө ылайык, Асман шаары 500 миң кишиге ылайыкталат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG