Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:57

"Асман" шаары: долбоордун баштапкы идеясы өзгөрүүдө


Ысык-Көлгө курула турчу Асман шаарынын долбоору.
Ысык-Көлгө курула турчу Асман шаарынын долбоору.

Ысык-Көлдө "Асман" шаарын куруу долбоорунун концепциясы франциялык компаниялар менен биргеликте даярдалууда. Дирекциянын өкүлдөрү коомчулуктун бардык сын-пикирлери эске алынып жатканына ишендирип келет. Ага карабай уникалдуу көлдүн экологиялык системасына тие турган тобокелдиктерден кооптонгон жарандар бийликти бул долбоордон баш тартууга чакырууда.

Ысык-Көлдүн жээгине "Асман" экологиялык шаарын куруу долбоору боюнча баштапкы уюштуруу иштери жүрүп жатат. Долбоорду ишке ашыра турган дирекция түзүлүп, башчылыгына "Элит Хаус" курулуш компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири саналган Тимур Файзиев дайындалды. Төрт миң гектар жерге курулуп, сыйымдуулугу 500 миң калкка ылайыкташа турган шаар экологиялык жана “акылдуу” шаар болот деген дымак бар.

“Асмандын” концепциясын франциялыктар даярдайт

“Асман” шаарын куруу дирекциясынын башкы директорунун орун басары Руслан Акматалиев шаардын концепциясы эл аралык адистер менен биргеликте экологиялык талаптарга төп келгендей жазылат деп ишендирет.

Руслан Акматалиев
Руслан Акматалиев

“Шаар куруу боюнча франциялык Бруно Карлье деген бар экен. Ал Францияда экосмартсити боюнча дипломдуу адис, ошондой шаарларды курган. Биз жакында ал жакка барып, концепцияны чогуу жазабыз. Анан келип президентке сунуштайбыз. Алар шаар кантип жашашы керектиги боюнча бүт баарын айтып беришет. Бул тирүү организм сыяктуу. Кандай экологиялык заводдор болот, чет мамлекеттерден IT технологиялар келет? Айтишникке эмне керек? Бир ноутбук жана ыңгайлуу шарттар болсо болду. Алар иштешет, тамак ичишет, төлөшөт. Эң башкысы – жумуш орундары түзүлөт”.

Дирекция долбоордун концепциясын Finentrep Aspir, Arcles, Mercuroo, MEDEF International аттуу компаниялар менен биргеликте даярдамай болду. Өзүн франциялык Finentrep Aspir компаниясынын Кыргызстандагы расмий өкүлү катары тааныштырган Талант Рахманов долбоордун концепциясы кантип түзүлөрүн түшүндүрүп берди.

"Францияга бара турган жумушчу топ түзүлгөн. Франциядагы дүйнөлүк деңгээлдеги адистер келип концепциясын жазып, баа берет. Шыр эле курулуп баштабайт. Экологияга, биздин мыйзамдарга, ЮНЕСКОнун талаптарына төп келиши боюнча баа берилет. Эгерде мыйзам чегинде, экологияга зыян келтирбей турган болсо гана иш башталат. Азыр биз илимий институттарды, чоң архитекторлорду топтоп Францияга кетип жатабыз. Февралдын аягында Франциядан чоң адистер келет. Биздин экологдор менен сүйлөшүп, көз карандысыз баасын беришет. Ошондон кийин гана долбоор түзүлдү деп айта алабыз".

Дирекциянын өкүлдөрү долбоордун баштапкы идеясы өзгөрүп жатканын билдиришти. “Асман” шаарын куруу долбоорунун архитектору Мухамед Ванинов Ысык-Көлдүн бүткүл аймактарына ар кандай багыттагы шаарчалар курулаарын айтат.

“Долбоордун аталышы “Асман” экологиялык шаары деп аталат. Эгерде баарын бир жерге кура турган болсок, анда экологиялык болбой, Бишкектей эле болуп калат. Ошон үчүн курулуштарды биз бүт аймакка чачыратабыз. Мисалы, түндүк жагында этношаарчалар болот, Каракол жакта лыжа базалары болот, дарылык касиети бар булактар, дары баткактуу жерлер бар, ал жактарга да шаарчаларды курабыз. Балыкчынын жанына спорт шаарчасын курабыз”.

Активисттер жаңы шаарга каршы чыгууда

Бул арада Ысык-Көлгө жаңы шаар куруу идеясы коомдо кызуу талкууну жаратты. Бушайманга салган негизги маселе көлдүн экосистемасы болууда. Экологдор, урбанисттер, жарандык активисттер, коомдук ишмерлерден турган демилгелүү топтор Бишкекте талкуу иш-чараларын өткөрүп, бул долбоорду терең ойлонулбаган утопиялык идея катары сыпатташууда.

Change.org порталында “Асман” шаарынын курулушун токтотуу талабы менен петицияга кол чогултуу иши башталган. Петициянын уюштуруучулары шаарды куруу Ысык-Көлдүн экологиялык системасын бузат деп кабатырланууда.

“Окумуштуулар ондогон жылдар мурун эле Ысык-Көлдү табигый мурас катары таанып жана коргоого алына турган жер катары белгилешкен. Анын өзгөчө микроклиматы адамдардын ден соолугун чыңдоосуна, аймактын рекреациялык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, ички жана эл аралык туризмге, көптөгөн сейрек кездешүүчү келгин куштардын миграциясына жагымдуу шарт түзөт”, - деп айтылат петицияда.

Петициянын демилгечиси, жарандык активист Толкун Бекбулатова Ысык-Көлдүн эл аралык өзгөчө статусун жана мыйзамдык корголушун эске алуу керектигин билдирди.

Толкун Бекбулатова
Толкун Бекбулатова

“Асман” долбоорун токтотуу үчүн активисттердин тобу петиция даярдаган. Биринчиден, Ысык-Көл коргоого алынган аймакта жайгашкан, ЮНЕСКОнун коргоосунда турат жана дүйнөлүк өзгөчө корголгон резерваттардын тутумуна кирет. Экинчиден, бул долбоор аткарылбай турган иш. Экономикалык жактан негизсиз. Аймактын экологиясына чоң зыян алып келет. Биз бийликке кайрылып бул долбоорду четке кагып, биротоло унутууга чакырабыз. Өзгөчө корголгон Ысык-Көлдүн аймагында эч кандай 500 миң калктуу шаар болбошу керек. Биз ал жерди жана берметибизди урпактарыбыз үчүн сакташыбыз зарыл”.

“Асман” шаары баш болгон ири мамлекеттик долбоорлордун кылмыш ишине шектелген Тимур Файзиевге берилиши кызуу талкууну жаратты. Мунун бир нече себептери бар. Эң көп сын пикирлер Файзиевдин буга чейин укук коргоо органдары тарабынан кылмышка шектелиши боюнча айтылууда.

Файзиев 2021-жылдын май айында жер тилкесин алууда жана мыйзамсыз курулуш жүргүзүүдө коррупциялык иштерге катышкан деп шектелген. Кылмыш ишин Аскер прокуратурасы тергеген. 27-майда сот Файзиевди сыртынан камакка алуу чечимин чыгарган. Жүргөн жери анык эмес болуп, издөө жарыяланган. Кийин июль айынын башында Аскер прокуратурасы Файзиевдин баш коргоо чарасы үй камагына өзгөртүлгөнүн кабарлаган.

“Асман” шаарын куруу долбоорунун куратору, Жогорку Кеңештин депутаты Равшан Сабиров Би-Би-Сиге курган маегинде Файзиевди бул кызматка Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өз демилгеси менен дайындаганын билдирген. “Асман” шаарын куруу идеясынын автору, дирекциянын башкы директорунун орун басары Руслан Акматалиев Файзиевдин жетекчи болушу ал үчүн да күтүүсүз болгонун айтат.

“Биз Франциядан келсек эле Тимур Файзиевди коюп салышыптыр. Өйдө жактан чечишиптир, биз өзүбүз дагы билген эмеспиз. Садыр Нургожоевич “чогуу иштейсиңер” деп айтып атат. Мен билбейм, ошентип айтып атышат. Негизи аны Акылбек Жапаров коюптур. Директорлорду ошол алмаштырып, ошол кол коёт да”.

Дирекциянын ичинде да ушуга чейин бирдиктүү пикир түзүлө элек. Тимур Файзиев социалдык тармактардагы баракчалары аркылуу шаар куруу боюнча өзүнүн ар тараптуу идеяларын тынбай жарыялап турат. Ал эми башка мүчөлөрү болсо анын сөздөрүндө аша чаап кеткен учурлар көп экенин айтышат.

Тимур Файзиевдин аты “Асман” долбоорунан тышкары дагы бир катар ири курулуштарды ишке ашырууда аталып келет.

2021-жылдын 27-декабрында президенттик аппарат Бишкектин түштүк аймагындагы "Ысык-Көл" мейманканасынын ордуна мамлекеттик маанидеги жаңы административдик комплекс куруу чечими кабыл алынганы жарыялаган. Жалпыга маалымдоо каражаттары ал жерге административдик шаарча куруу долбоору Тимур Файзиевге тийгенин жазышкан. Файзиев өзү бул тууралуу мындай деп айткан.

"Элит Хаустун" ээсимин, "Асман" жаңы эко-бизнес шаарын куруу боюнча мамлекеттик дирекциянын башкы директорумун. Ошондой эле, административдик шаарча куруу долбоорунун жетекчисимин. Шаарды бошотуу, тыгындарды, түтүндү азайтуу үчүн шаар ортосундагы эски имараттарды шаар сыртына көчүрүп, мамлекеттик имараттарды Бишкектин жогору жагына курабыз. Бул “Админшаарча” деп аталат. Тыгындар болбошу үчүн бардык мамлекеттик структуралар бир жерде болот”.

2019-жылы Бишкектин чок ортосундагы “Эркин Тоо” басмаканасын бузуп, ордуна турак-жай куруу иштери ызы-чууну жараткан. Бир кездери архитектуралык эстелик катары таанылып келген имараттын ордун Тимур Файзиевдин “Элит Хаус” курулуш компаниясы алган. “Эркин Тоо” акционердик коомунун акционерлеринин бири катары Файзиев ал жерди алууга 2013-жылдан бери аракет кылып, башка акционерлерге үлүшүн ага сатууну сунуштап келген. Көнбөгөндөр менен соттошуп да жүргөн. Өкмөт 2015-жылы имаратты архитектуралык эстеликтер тизмесинен чыгарган. Ошондон кийин “Элит Хаустун” курулушту баштоо боюнча иш-аракеттери жанданган.

Ысык-Көлдүн экологиялык системасы жабыркабайбы?

Бийлик “Асманды” бардык экологиялык стандарттарга төп келген шаар болот деп ишендирүүгө аракет кылууда.

Ысык-Көлдүн бай табигый жана маданий мурастарын жана уникалдуу экологиялык системасын сактоо маселеси күн тартибинде ар дайым актуалдуу болуп келген. Маселе акыры өз чечимин таап 1998-жылы өкмөттүн токтому менен Ысык-Көл облусунун аймагында биосфералык аймак түзүлгөн. Аймак 43,1 чакырым чарчы аянтты ээлейт. “Ысык-Көл” биосфералык аймагы Кыргызстанда мыйзам менен өзгөчө корголгон улуттук маанидеги табигый аймак болуп эсептелет. 2001-жылы ЮНЕСКОнун “Адам жана биосфера” программасынын алкагында Бүткүл дүйнөлүк биосфералык резерваттар тутумуна киргизилген.

Окумуштуулар кийинки кездери Ысык-Көлдүн экологиялык жагдайы кооптуу абалга жетип, рекреациялык баалуулугу төмөндөп баратканын айтып коңгуроо кагып келишет. Анын бир себеби климаттын өзгөрүүсү болсо, экинчи фактор катары адамзаттын иш-аракетинен жаралган антропогендик кесепеттер айтылат.

Илимдер академиясынын маалыматында, Ысык-Көлгө 110дон ашуун суу куйчу. Бирок, бүгүнкү күндө туруктуу куйган суунун саны 30ду гана түзүп калган. Көлгө куйган суунун жалпы көлөмү 3 куб млрд. ашат. Бирок, ал суунун баарын көлгө коё бербей, сугатка буруп алып жатышат. Окумуштуулар көлдүн суусунун деңгээлин сактап калуу, сугат системасын башка жаңы технологияларга которуу маселесин көтөрүп келатышат. Алар Аралдын кесепетинен улам Ысык-Көлгө өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын айтышат.

Улуттук илимдер академиясынын Тянь-Шань бийик тоолуу илимий борборунун жетекчиси Рысбек Сатылканов Көлдүн суусунун азайып баратышы кооптуу белги экенин айтат.

Рысбек Сатылканов
Рысбек Сатылканов

"Ысык-Көлдө бир эле кооптуулук бар. Көлдүн деңгээли 2011-жылдан бүгүнкү күнгө чейин 90 см. чейин түшүп кетти. Ал жөнүндө азыр эч ким эч нерсе деп унчуга элек. Муну биз Франциядагы өнөктөштөрүбүз менен 2008-жылдан бери жүргүзгөн инструменталдык байкоолорубуздун негизинде, спутникалык артиметрия дегендин жыйынтыгы менен айта алабыз. Бул боюнча биздин изилдөөлөрүбүз бар. Буга биринчиден, климаттык фактор таасир кылат. Экинчиси, сууну биз сугатка алып коюп атабыз. Совет убагында өзгөчө катуу таасир болгон. Токсонунчу жылдары, тагыраагы 1998-жылдан 2011-жылга чейин суунун деңгээли 1,1 метрге чейин кайра көтөрүлгөн. 2011-жылы 30-октябрдан баштап бүгүнкү күнгө чейин деңгээли кайра төмөн түшүп жатат. Бул бир жагынан жаратылыштагы табигый кубулуш. Анын үстүнө биз сууну коё бербей, сугатка колдонуп атабыз. Биз муну бүгүнкү күндөгү эң чоң көйгөй деп эсептейбиз”.

Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин профессору, урбанист Айгүл Насирдинова бул шаарды куруудан мурун анын бийик тоолордун койнундагы Ысык-Көлгө тийгизе турган антропогендик таасирлерин кылдат эсептеп чыгууга басым жасайт. Адистин айтымында, шаардын өзүнүн эрежелери болгондуктан, көлдүн экологиялык системасы жабыркап калышы мүмкүн.

Айгүл Насирдинова.
Айгүл Насирдинова.

“Беш жүз миң деп айтышкан, кийин миллиондук шаар дешти. Бул аймактын сыйымдуулугу, демографиялык сыйымдуулук, экологиялык тең салмактуулуктун көрсөткүчтөрү деген антропогендик жүктү эсептебегенин көрсөтүп турат. Бул көрсөткүчтөр долбоор толук иштелип чыккандан кийин гана көрүнөт. Шаарды куруунун өзүнүн мыйзамдары болот. Миллиондук шаар болгондуктан, анда таштанды өтө көп болот. Анткени, шаар өтө чоң керектөөчү болуп эсептелет. Ысык-Көлдө туристтер абдан көп болот. Туристтик мезгилден кийин Ысык-Көл тазаланат. Ага 90 дарыя агып кирет, бирок чыккан суу жок. Ошондуктан ал узак убакытта тазаланат. Ал жерге мындай ири шаарды куруу мүмкүн эмес, ал көлгө зыян кылат. Мындан тышкары, таза суу, агынды суу тутумдары, жылуулук жана энергия ресурстары боюнча маселелер бар”.

Экономист Нурлан Ниязов Ысык-Көл транзиттик жолдору жок туюк аймак болгондуктан, экономикалык жактан чыгымы көп болоорун айтат. Ал жаңы шаарды энергосистема, жол коммуникациясы жана ичүүчү суу менен камсыздоодо кыйынчылыктар болот деп эсептейт. Адис бул долбоордун экологиялык кесепети экономикалык эсептерге сыйбай турганына бушайман.

“Негизи коомчулук илимий өнүккөн, техникалык жактан жабдылган шаардын курулушуна каршы деле эмес. Бирок, Ысык-Көлдө арты тоолор, алды көл болгондуктан аянт чектелүү. Курулуш Көлгө жакын болгондуктан, баары бир көлдөн жер астындагы суулар агып өтөт. Бул жерде экологиялык жагына көңүлдү көп буруш керек. Ысык-Көлдү бир жолу булгап алсак, аны кайра тазалай албайбыз. Анткени бул көл миңдеген жылдарда чогулган. Көл мынчалык көп агынды суулардан өз алдынча тазалана албайт”.

Расмий бийликтин ырасташынча, “Асман” шаары 8-10 жылда курулуп бүтөт. Ага 20 млрд. доллардай каражат сарпталат. Шаарга курулган турак-жайлардын 10% жергиликтүү калкка берилет. Имараттардын жана ишканалардын баары “жашыл” энергияга негизделет, “акылдуу” стандарттарга ылайыкталат деп ишендиришүүдө.

XS
SM
MD
LG