Украина: Орусиянын соккусунан Тернополдо 20 киши набыт болду
Шаршембиге караган таңда орус армиясынын чабуулдарынан дагы 20 кишинин өмүрү кыйылды. 60тан ашуун адам жарадар болду. Катуу соккунун бири Тернополь шаарындагы турак-жайга урулган. Харьковдо чабуулдан жараат алгандардын саны 40тан ашты. Украин куралдуу күчтөрү америкалык ATAКАМS ракетасы менен Орусиянын ичине биринчи жолу сокку урулганын ырастады.
Шерине