Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:26

"Сазга айланып кетиши мүмкүн". Ысык-Көл булганууда


Ысык-Көл.
Ысык-Көл.

Ысык-Көлдүн жээгиндеги мыйзамсыз курулуштар бузулууда. Бул жаратылышты коргоо аймагына салынган курулуштарды аныктоо боюнча комиссиянын чечими менен болуп жатканы айтылды.

Акыркы жылдары айрым адистер көлдүн экологиялык абалына байланыштуу маселе улам курчуп баратканын эскертүүдө. Алар бул жаатта чоң өзгөрүүлөр болбосо, келечекте көлдү кейиштүү абал күтүп турганын айтышууда.

Анткен менен жергиликтүү бийлик жана мамлекеттик мекемелер Ысык-Көл облусундагы экологиялык абал туруктуу экенин белгилешет.

"Мыйзамсыз курулуштар алынып жатат"

Ысык-Көл облусунун аймагында көлгө жакын курулуштарды буздуруу иштери жүрүүдө. Бул үчүн жаратылышты коргоо аймагына салынган курулуштарды аныктоо боюнча комиссия түзүлүп, бул топ мыйзамсыз объектилерди аныктап чыкканын “Азаттык” радиосуна президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлү Улан Далиев билдирди.

Ал ырастагандай, жалпы 79 объектинин мыйзамсыз салынганы такталды.

“Текшерүүнүн жүрүшүндө көлдүн коргоого алынган аймагындагы жер участоктору бир гана рекрациялык (эс алуу, саламаттыкты чыңдоо) максатта эмес, чарбалык иштер үчүн да тездик менен өздөштүрүлүп жатканы аныкталды.

Көлдүн жээгинен баштап 500 жана 100 метрге чейинки жерге рекреациялык объектилерден башка курулуштарды курууга жана колдонууга тыюу салган чектөөлөр одоно бузулуп, жеке пансионаттар, эс алуу үйлөрү, коттеждер аймагы, мейманканалар салынганы байкалат. Архитектуралык-курулушту көзөмөлдөө башкармалыгы тарабынан 49 объектиге 446 миң сом айып салынды. 226 миң сом өндүрүлүп, 20дан ашык объект буздурулду. Мындан тышкары жергиликтүү бийлик тарабынан 10 объекти боюнча сотко кайрылуу үчүн документтер даярдалууда”, - деп айтылат Далиевдин “Азаттыкка” кат түрүндө берген маалыматында.

Ал мындай чаралар Ысык-Көлдү жана ал жердин экологиясын коргоо максатында жасалып жатканын айтууда.

“"Ысык-Көл" экологиялык-экономикалык системасын туруктуу өнүктүрүү тууралуу” мыйзамына ылайык, көлдүн жээгине 100 метрден жакын жайгашкан жерлерге капиталдык курулуштарды курууга тыюу салынат, ал эми 500 метрге чейинки аралыкта жалаң рекреациялык объектилер гана болушу керек.

Маселе мыйзамсыз курулуш менен чектелбейт

Бул мыйзам жана жергиликтүү бийликтин көлдү, анын тегерегиндеги экологиялык аймакты коргоо үчүн көрүп жаткан чаралары баарына тегиз иштебей жатканын айткандар бар.

“Ырас, ал жерде объектилер турган болсо, демек мыйзам бузулган. Буларды ирээтке салуу иштери жүрүп жатканы жакшы көрүнүш. Бирок мындай талаптар айрым гана пансионаттарга иштебеши керек. Мисалы, жээктин сууга жакын жерине чоң амфитеатр салышты. Бул – мыйзамсыз. Биздеги көйгөй – экологиялык мыйзамдардын кимдир бирөөнү коркутуу же бир нерсе өндүрүү, айып салуу үчүн колдонулуп жатканында. Негизинен ал ченемдер иштебейт. Биздеги экологиялык мыйзамдар кынтыксыз жазылган, тилекке каршы, ал чанда гана иштейт”, - деди эко-активист Влад Ушаков.

“Экомир” коомдук фонду иштеп чыккан Ecomap.kg сайтындагы маалыматка караганда, Ысык-Көлдүн жээгиндеги негизги көйгөй мыйзамсыз курулуштар менен эле чектелбейт. Айрыкча көлдүн туристтик аймак катары белгилүү болгон түндүк тарабында суунун булганып жатканы байкалат. Бул көйгөйдү көрсөткөн белги айрыкча пансионаттар жайгашкан жерлерге коюлган.

ecomap.kg сайтынан алынган сүрөт. Көк белги ошол жерде суунун булганганы аныкталганын көрсөтөт.
ecomap.kg сайтынан алынган сүрөт. Көк белги ошол жерде суунун булганганы аныкталганын көрсөтөт.

Ушаков өкмөт саркынды сууларды тазалоо жагына басым жасабаса, Ысык-Көлдүн “сазга айланып калуу коркунучу” бар экенин билдирди:

“Бизде саркынды сууну кайра тазалоочу системада чоң көйгөй бар. Алсак, Чолпон-Ата шаарында авариялык абалда турат, Караколдо араң эле иштеп турат. Суу сактагычты бошотуп, таза сууну кайра куйса болот. Ысык-Көлдө мындай кылуу мүмкүн эмес. Көлдү азыр анын көлөмү гана коргоп турат. Чындыгында саркынды суулардын куюлушу, туристтер агылып барган учурда алардын калтырган таштандылары, ар кандай химиялык калдыктардын сууга куюлушу менен жыл сайын көлдүн булганган аянты кеңейип жатат. Ошон үчүн бул жаатта кардиналдуу иштер жасалбаса, алдыдагы жылдары кыргызстандыктар “берметинен” ажырап калышы мүмкүн”.

Өкмөт абалды "туруктуу" деп баалайт

Анткен менен өкмөт Ысык-Көлдөгү экологиялык кырдаалды “жалпысынан туруктуу” деп баалайт. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ысык-Көлдөгү аймактык башкармалыгы бул жаатта мыйзамсыз курулуштарды бузуудан башка да иштер жүрүп жатканын билдирди.

Бул башкармалыктын аналитика бөлүмүнүн башчысы Эрлан Сүйүнбаев буга чейин атайын комиссия көл жээгиндеги объектилерди текшерип чыкканын, анда 1127 пансионаттын, конок үйүнүн жана мейманкананын 841инде тазалоочу системасы жок экени аныкталганын билдирди. 126 рекреациялык жайда өзүнүн тазалоочу системасы болсо, 160ы борбордук канализацияга же башка объектинин тазалоочу системасына кошулган.

Сүйүнбаевдин айтымында, 2022-2023-жылы 32 жаңы тазалоочу жайлар ачылган.

“Ысык-Көлдүн абалы боюнча жылына үч жолу - курорттук сезонго чейин, туристтик сезон кызыган маалда жана соңунда мониторинг жүрүп турат. Текшерүүлөр атайын белгиленген жерлерден, мисалы, Балыкчыдагы мунай база жайгашкан жерден, эл көп келчү курорттук зоналардан алынат. Бизде текшерүү алына турган жалпы акватория боюнча 20дан көп жер бар. Анын жыйынтыгын биз өткөн жылдагы маалыматтар менен салыштырабыз. Ушуга таянып айтканда, көлдүн булгануу көрсөткүчү өсүп жатканы байкалбайт, баары туруктуу. Мындан тышкары конок үйлөрүнүн жана пансионаттардын тазалоочу жайларынан да кошумча анализдер алынып турат. Албетте, сезон кызыган маалда көрсөткүчтөр жол берилген чектен өткөн учурлар да катталат. Мындайда тескөөчүлөргө тапшырма берилип, алар жеринде текшерүү иштерин жүргүзөт. Мындай учурлар адатта техникалык мүчүлүштүктөн улам болуп калат, бул атайын эмес”, - деди Сүйүнбаев.

"Көл сазга айланып кетиши мүмкүн, эгер..."

Бирок министрликтин көңүл жубаткан баасы менен макул болбогон экологдор бар. Айлана-чөйрөнү коргоо, экологиялык микробиология, экомониторинг тармагы боюнча адис Нурзат Тотубаева илимий-изилдөө ишмердигинин алкагында Ысык-Көлдөгү экологиялык абалга да көз салып турат. Ал көл кейиштүү абалда экенин, Кыргызстан андан кол жууп калбашы үчүн азыртан кырдаалды көзөмөлгө алышы керектигин айтты.

“Убакыттын өтүшү менен көл сазга айлана башташы мүмкүн. Бул процесс башталган. Канча убакытта ишке ашарын айта албайбыз, анткени көл аябай терең. Бирок жада калса деңиздерде экологиялык көйгөйлөр бар экенин жана ылайлуу болуп баратканын билебиз. Мындан улам бул процессти токтотуу үчүн Ысык-Көлдөгү кырдаалды колго алуу керек. Биздин изилдөөлөр көрсөткөндөй, учурда үч жерде - Григорьевка, Чок-Тал жана Түптө көл мезотрофтук (суусу ылай) абалга келип калган. Экология министрлиги ар бир параметрди өзүнчө баалайт. Ооба, жол берилген чектер боюнча көрсөткүч төмөн, бирок дүйнөдө башка индекстер да бар, алардын жыйынтыгына караганда, көлдүн айрым жерлеринде суу ультра олиготрофтук (тунук, таза) абалдан айрым жерлерде мезотрофтук (ылай) абалга өтүп жатат. Бул биз азыртан чара көрүшүбүз керек дегенди билдирет”, - дейт Тотубаева.

Эколог бул багытта кум жерлерди айыл чарба багытындагы аймакка айландыруунун алдын алуу үчүн жер тилкелерин трансформациялоону, уруксат берилбеген жерлерге курулуш объектилерин курууну токтотуп, аймактарга бөлүп, сууга түшүүгө тыюу салынган жээктерди аныктоо керектигин жана башка экологиялык критерийлер менен абалды баалап турууну сунуштады. Ал ошондой эле көлдөгү суунун булганып жатканына байланыштуу анын жээгиндеги буфердик зонаны кеңейтүү зарылдыгы бар деген ойдо.

Ысык-Көл - Кыргызстандагы эң чоң көл жана жай мезгилинде кыргызстандыктар жана чет өлкөлүк туристтер агылып келген жай. 2023-жылы жайында бул облуска 1,3 миллион конок келгени расмий кабарланган. Бийлик Ысык-Көлдүн туристтик потенциалын дагы да жемиштүү колдонуу үчүн облустун аймагына "Асман" шаарынын курулушун баштаган. Мындан тышкары жээктеги тосмолор алынып, көлдүн астындагы торлорду тазалоо жаатында иштер жүрүп келет.

XS
SM
MD
LG