Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:02

"Баламдын террорго эч байланышы жок". Орусия соту Бекзатты үч жылга кести


Коллаж сүрөт.
Коллаж сүрөт.

Орусияда Кыргызстандын жараны "терроризмди актоо" деген айыптын негизинде эркинен ажыратылды. Бирок анын атасы "Азаттыкка" маек куруп, уулунун эч кандай террордук топторго тиешеси болбогонун айтып берди. Расмий маалыматтарга караганда, Орусиянын абактарында 1,3 миңдей кыргыз жараны отурат.

Орусия таккан айып, уулуна кейиген ата

Кыргыз жараны Москвада террорчулукка байланыштуу соттолгонун Орусиянын мамлекеттик ТАСС агенттиги 19-февралда кабарлады. Агенттик маалымдагандай, Экинчи Батыш округдук аскер соту кыргызстандыкты "террорчулукту актаган" деп айыптап, үч жылга эркинен ажыратты, мындай жаза алышына анын социалдык түйүндөрдүн бирине жазган комментарийи негиз болду.

Айып "Крокус Сити Холлдогу" кол салуу тууралуу мигранттардын Telegram-каналында жарыяланган видеого жазылган комментарий үчүн Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин "Террордук ишмердүүлүккө Интернет аркылуу ачык чакырык жасоо" деген беренесинин негизинде тагылган.

Орусиянын маалымат булактары соттолгон баланын аты-жөнү Абдинасир уулу Бекзат, жашы 30да экенин, ал "Крокус Сити Холлдогу" окуя тууралуу мыйзамга каршы келген пикир калтырганын жазышты.

"Азаттык" Бекзаттын атасы менен байланышып, ал 30 эмес, 21 жашта экенин, Ноокат районунун Таш-Короо айылында мектепти бүтүп, 2022-жылы Москвага барганын, ошондон бери курулуш тармагында электр монтажер болуп иштеп жүргөнүн билди.

Арзыбек Токторбаевдин айтымында, уулу былтыр Кыргызстанга кайтып келүү үчүн 10-ноябрга билет алган:

“Билет алгандан кийин алар (ред: - орус күч органдары) баламдын артынан түшүп, аңдып жүрүшөт. Кайсы жерге барып жатат, ким менен жолукканын, аларга тиешеси бар-жогун текшеришкен. Аягында 7-ноябрда баламды кармайт”.

Бекзат атасынын бир тууганынын үйүндө жашап жаткан. Ал кармалып кеткенден кийин агасы күч органдарына улам суроо коюп, “баланын эч кандай террордук байланышы жоктугун” айта бергенинен улам анын өзүн Орусиядан депортациялашкан.

Бекзат ошол күндөн бери Москвадагы 4-тергөө абагында кармалып турган. 19-февралда сот өкүмү жарыяланып, ал үч жылга жалпы режимдеги абакка кесилгени белгилүү болду.

"2024-жылы апрелдин башында ал “Мигранты.ру” Telegram-каналына жарыяланган видео материалдын ылдыйына комментарий калтырган. Теракт маалында каза болгондорду көзгө илбей ал "Азаматтар, мындай кылууга чоң дух керек, кармалып калышканы өкүнүчтүү" деп комментарий калтырган", - деп жазылган соттун өкүмүндө.

Токторбаев уулу ал комментарийди “ачууга алдырып жазып алганын” сотто да, адвокаттарга да, тергөө маалында да билдиргенин айтууда.

Бекзаттын тыюу салынган топторго эч кандай тиешеси жок экенин далилдөө үчүн атасы ал окуган мектептен мүнөздөмө, милициядан аныктама да алып барган.

“Бул чечимге макул эмесмин. Айла жок, бөлөк жер экен. Бул жакка келип, элчиликке, ИИМдин бул жердеги өкүлчүлүгүнө кайрылдым. Эч кимиси кийлигише албайбыз деп жатышат. Эки адвокат жалдап, 150 миң рублден бердим. Эч кандай жыйынтык болбой жатат. Жазасын жеңилдетебиз дешкенинен айылдагы мектептен, айыл башчылыгынан балама мүнөздөмө жаздырып, Кыргызстандагы Ички иштер министрлигинен мурда соттолбогонун, кылмыштарга катышпаганын далилдеген аныктама алдырдым. Бирок эч кандай өзгөрүү жок”, - дейт Токторбаев.

Бекзатка тагылган айып жана жүргүзүлгөн териштирүү боюнча Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги азырынча маалымат бере элек.

Орусияда теракт боюнча Интернеттеги билдирүү үчүн соттолгон алгачкы кыргызстандык

Мигранттарга укуктук жардам көрсөткөн юрист Мирлан Токтобеков социалдык тармактардагы билдирүүлөрү үчүн чара көрүлгөн кыргызстандыктар буга чейин да болгонун, аларга айып салынганын айтууда. Ал эми Бекзат, анын айтымында, "Крокус Сити Холлдогу" теракт боюнча Интернеттеги билдирүүсү үчүн кылмыш жообуна тартылган алгачкы кыргызстандык болуп калды:

Мирлан Токтобеков
Мирлан Токтобеков

“Бул кылмыш жоопкерчилигине тартылган биринчи окуя. Эмесе Тажикстандын, Өзбекстандын жарандары кармалып, соттолгондору буга чейин болгон. Мекендештерге социалдык тармактарда согуш жөнүндө материалдарды көрбөгүлө деп айтканбыз. Чек арадан өтүп жатканда телефонуңарды тазалагыла. Ар кандай диний баяндарды көрбөгүлө. Чек арадан ошол сыяктуу материалдарды көрүп калса, өткөрбөй жатат. Ушул талаптарды улам эскертип, айтып жатабыз”.

Былтыр 22-мартта Москва облусундагы "Крокус Сити Холл" концерттик борборунда кол салуу болуп, 146 адам каза тапканы, 500дөн ашууну жабыркаганы кабарланган. Буга байланыштуу тажикстандык Далержон Мирзоевге, Саидакрам Ражабализодага, Шамсидин Фаридуниге жана Мухаммадсобир Файзовго айып тагылган. Төртөө тең кармалганда, суракка алынганда кыйноого кабылганы маалым болгон. Айыпталгандар өмүр бою эркинен ажыратылышы мүмкүн. Окуяга тиешеси бар деп жалпы 27 киши кармалган.

Бул кол салуудан кийин Орусияда мигранттарга каршы бир катар мыйзамдар кабыл алынып, улам катаалдаган талаптар киргизилүүдө.

Буга чейин расмий маалыматта Орусияда иштеген кыргызстандыктар 600 минден ашаары айтылса, былтыр жыл соңунда Тышкы иштер министрлиги алардын саны 334 миңдей экенин билдирди. Башкача айтканда, соңку эки жыл ичинде кеминде 200 миңге кыскарды.

Орус абактарында отурган кыргыз жарандары миңден ашат

Орусия бийлиги 2024-жылы бул өлкөдө жаза мөөнөтүн өтөп жаткан 25 кыргызстандыкты мекенине которууга уруксат берген жок. Бул тууралуу быйыл 14-январда башкы прокурордун орун басары Үмүткан Коңкубаева Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Үмүткан Коңкубаева
Үмүткан Коңкубаева

"Орусиялык соттор Кыргызстандын 25 жаранын андан ары жазасын өтөө үчүн мекенине өткөрүп берүү чечимин кабыл алган. Бирок декабрь айында Кыргызстандын башкы прокурору бул өлкөдөгү кесиптеши жана Жогорку сотунун өкүлү менен жолугуп келген. Анда ушул 25 кишинин ишин кайрадан карап берүү шарттарын айтышкан. Эгер биз аларга сунуш жазсак, кайрадан караларын айтышты", - деген Коңкубаева.

Башкы прокурордун орун басары былтыр чет өлкөдө жаза мөөнөтүн өтөп жаткан кыргызстандыктардын ичинен 129у которулганын, алардын басымдуу бөлүгү Орусиядан алынып келингенин айтты. Маалыматка караганда, Орусиядан 117, Казакстандан 11, Тажикстандан 1 киши Кыргызстанга которулду. Соттолгондордун 700дөйү которулуудан өздөрү баш тарткан.

Башкы прокуратуранын ошол учурдагы маалыматына караганда, Орусияда абакта отурган кыргыз жарандарынын саны 1370 адам болчу.

Орусиянын абактарындагы кыргызстандыктардын маселеси парламентте бир нече жолу көтөрүлгөн.

Шерине

XS
SM
MD
LG