Сот Райымбек Матраимовго 100 миң сом айып салып, абакка кескен жок. Абактагы Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбеков ачкачылык кармап жатканына 26 күн болду. БУУнун Коопсуздук кеңеши бүгүн Сирия боюнча чукул жыйынга чогулмай болду.
9-январда БУУнун Коопсуздук кеңеши Сирия боюнча чукул жыйынга чогулмай болду. Башар Асаддын бийлиги кулатылып, баш калаа Дамаск козголоңчулардын карамагына өткөндөн кийин жабык жыйынга чогулууну Орусия сунуштады. Асад өзү үй-бүлөсү менен Москвага качканы белгилүү болду.
Казакстанда Психикалык саламаттык борборунда дарыланып жаткан эки кыз "мекеменин кызматкерлеринин" зордуктоосуна кабылганын айтып чыгышты. Кыздардын бири жашы жете элек өспүрүм экени, зордуктоодон кийин боюна бүтүп, аборт жасатканы белгилүү болду. Полиция иш козгоду, бирок шектүүлөр аныктала элек.
Сирияда исламчыл согушкерлер башында турган козголоңчулар баш калаа Дамаскини алганын жарыялашты. Буга чейин алар Хомс шаарын ээлеген. Сириянын тактан оодарылган президенти Башар Асад Орусиядан баш паанек алып, Москвада экени жекшембинин кечинде кабарланды.
2-7-декабрь аралыгында дүйнөлүк басылмаларда жарыяланган айрым баяндарга сереп.
Түштүк Кореяда cаясий кризис курчуду. Сеулдагы парламенттин алдында президенттин бийликтен кетишин талап кылгандар чыгып жатат. Соңку кырдаал тууралуу Сеул шаардык кеңешинин депутаты кыргызстандык Айсулуу Ашыралиева "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.
Тергөө абагында жаткан ишкер Имамидин Ташов сот залына мойнун кести. Түштүк Кореяда президент Юн Сок Ёльдун кызматтан кетүүсүн өзүнүн партиясы да талап кылды. УКМК салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов жана орун басары Исламбек Кыдыргычев кармалганын ырастады.
АКШдагы Йел университетинин изилдөөчүлөрү Орусиянын жогорку жетекчилери украиналык балдарды депортациялап, күчтөп асыроого берип, кайра тарбиялоо программасын ишке ашырып жатканын билдирди. Орус бийлиги балдарды уруштан коргоп жатканын жүйо келтирет.
Коррупция менен соттолгондор сөзсүз абакка отурат. Жемкорлук менен жоопко тартылгандарды мамлекеттик кызматтарда иштешине өмүр бою тыюу салуу, алардын тууган-уругун да жумуштан кетирүү боюнча мыйзам долбоору парламентте биринчи окуудан өттү.
Орусиянын жогорку жетекчилери, арасында президент Владимир Путин украиналык балдарды депортациялап, күчтөп асыроого берип, кайра тарбиялоо программасын ишке ашырып жатат. Мындай жыйынтыкка АКШдагы Йел университетинин изилдөөчүлөрү келди.
Дагы жүктөңүз