Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:56

Сирия менен Түштүк Корея Владимир Путинге олуттуу сабак берүүдө


Йун Сок Йөл, Владимир Путин жана Башар Асад. Коллаж. 09.12.2024.
Йун Сок Йөл (Түштүк Корея), Владимир Путин (Орусия) жана Башар Асад (Сирия).Оңдон солго. Коллаж. 09.12.2024.

Жакынкы Чыгыштагы көп этностуу арап өлкөсү болгон Сирияда узак жылдар бою өкүм жүргүзүп келген Асад тукумунун режиминин кулашы жана Түштүк Кореядагы президент Йун Сок Йөл мырзанын парламентти чөгөлөтүү далбасасынын майнапсыз аякташы Орусиядагы авторитардык режимдин ээси Владимир Путинге жана анын жактоочуларына сабак болчу ири окуялардан болуп калды. Тарыхчынын блогу.

Ата-бала Асаддардын Сириядагы зулум бийлиги

Хафез Асад (Хафез ал-Асад) жана анын уулу Башар Асад (Башар ал-Асад) Сирияны баш-аягы болуп 54 жылдай бийлеп келишти. Бул арада өлкөдө эки муун жаңырды. Демек, бийликтеги бир “социалисттик” партияга жана өзгөчө камкордуктагы коопсуздук жана аскер күчтөрүнө таянган ата-баланын зулум режиминен тажаган калайыктын саны бул эки муунга киргендерден да арбын экендиги талашсыз.

Сирия “жумурият” аталганы менен иш жүзүндө жеке менчик сулалелик (династиялык) башкаруудагы зулум мамлекетке айлангандыгы айдан ачык.

1970-жылы ноябрда жүзөгө ашырылган кезектеги аскердик төңкөрүш расмий Дамаскка жаңы төбөлдү алып келди. Ал – Хафез Асад (1930–2000) деген аскер төбөлү эле.

Хафез Асад Сириянын Латакия вилайетиндеги Кардаха кыштагын байырлаган көп балалуу алавий үй-бүлөсүнөн чыккан. Алавийлер шийи мусулмандарынан бөлүнүп чыккан агым болуп саналат.

Анын атасы Али Сулайман алавийлердин калбиййа уругунан болгон. Ал жергиликтүү калайыкта “Арстан” (Al-Asad – “ал-Асад”) атыккан жана 1927-жылы бул сөздү ал өзүнө тегат (фамилия) кылып тандап алган.

Али Сулайман аймакты көзөмөлдөгөн француз оторчулары менен кызматташкан жылдар да болгон. Ошондуктан сириялык эгеменчилер ал сыяктуу көшөкөр алавий саясатчыларына шектенүү менен мамиле кылышкан.

Анын тогузунчу уулу Хафез Асаддын Баас партиясына ыктоосу, бир чети, азчылыктагы алавийлерге карата бул социалисттик делген партиянын калысыраак мамилесинен улам болгон.

Аскердик таалим алган Хафез Асад Баас партиясынын мүчөсү катары бир катар аскердик кутумдарга “баррикаданын эки жагында” тең катышкан. Ал өлкөнүн коргоо министри да болуп калган кезде, 1967-жылы июнда, Сирия Израилге Голан (арапча “Хадбату л-Жавлаан”) дөңсөөсүнүн батышыраактагы орчун бөлүгүн алдырып жиберген.

1970-жылы ноябрда Баас партиясынын кезексиз курултайы Хафез Асадды коргоо министри кызматынан алуу тууралуу чечим кабыл алып жаткан чакта, Асадды колдогон аскерлер курултай өткөн имаратты курчоого алып, андан соң өкмөт мүчөлөрүн камакка алган. Ал кездеги президент Жадид да көп узабай камакка алынып, 1993-жылы абакта өлгөн.

Хафез Асад 1970-жылдын 21-ноябрында Сириянын өкмөт башчысы болуп калган. Анын алгачкы кадамдарынын бири – Советтер Биримдиги менен салкындай түшкөн алакаларды кайра чыңдоо болгон.

Ал эми 1971-жылдын 12-мартынан өзү өлгөнгө чейин Хафез Асад Сириянын президенти (“түшпөс ханы”) болгон.

Хафез Асад “кансыз согуш” маалында Советтер Биримдигин ырааттуу жактаган жана Израилге каршы таймашта советтик Кремлдин колдоосуна ээ болгон. Ал посткоммунисттик Орусиянын дагы колдоосуна ээ болуп келди.

Хафез Асад 2000-жылдын 10-июнунда жүрөгүнөн кармап дүйнө салды.

Анын бийлигин “мурастап” алган уулу Башар Асад 1965-жылы 11-сентябрда Дамаск шаарында туулган.

Башардын энеси Аниса Махлуф (1929–2016) айым да теги жагынан латакиялык алавийлерден чыккан жана анын уруусу хаддадин уруусу деп аталган.

Башар – үй-бүлөдө эжесинен жана агасынан кийин үчүнчү бала болгон (алар жалпы эки кыз, үч эркек бир тууган болушкан).

Башар Дамаск шаарында “каймактар” окуган “Хурриййа” арап-француз лицейинде таалим алган. (“Хурриййа” сөзү арапча “эркиндик”, “боштондук” маанисин берет жана бул сөздү 1917–20-жылдары кыргыздар “уруят” деген түрдө колдонушкан).

1988-жылы Башар борбордогу Дамаск университетин офтальмолог дарыгер адистиги боюнча кызыл диплом менен аяктаган. Ал башка ысым менен Лондондо дарыгер адис катары машыгуудан өткөн жана ординатурада да окуган. Демек, ал арап, француз жана англис тилдерин мыкты билет.

Агасы Басил 1994-жылы автоунаа кырсыгында каза болгон соң, Башар өз өлкөсүнө кайтып, болочокку мураскер катары аскердик кызматка өткөн.

Хафез Асад өлгөн күндүн эртеси, 2000-жылдын 11-июнунда, Сириянын президенти милдетин аткаруучу, вице-президент Хаддам полковник Башар Асадга генерал-лейтенант даражасын ыйгарган жана аны өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн башкы колбашчысы кызматына дайындаган.

Башар Асад мамлекет башчы болуп калышы үчүн Башмыйзамга атайын өзгөртүү киргизүү зарылчылыгы пайда болуп, натыйжада ага “президенттикке 40 жаштан эмес, 34 жаштан шайлана алат”, деген жобону киргизишкен.

Айтор, ар кыл бюрократтык балан-байдыбан чаралардан соң, 2000-жылы Башар Асад бийликтеги Баас партиясынын Башкы катчысы болуп калды жана 10-июлдагы референдумда 97,29 пайыз добуш алып, өлкө президенттигине да шайланды.

Ошондон бери ал Сириянын кезектеги “түшпөс ханы” болуп келди. 2007-жылдагы “референдум” жана 2014-жылдагы добуш бурмаланган президенттик “шайлоо” Башар Асаддын бул кызматын улам жаңы мөөнөткө тастыктап жатты.

Ариха шаары, Идлиб вилайети, Сирия. 04.5.2020.
Мусулман үй-бүлөсү Ариха шаарындагы талкаланган үйүнүн урандысында орозо маалында ооз ачууда. Идлиб вилайети, Сирия. 04.5.2020.

Асаддын режими орто жолдон шийилерге карата жек көрүүнү күчөткөн

Хафез Асаддын жана анын уулу Башар Асаддын тушунда өлкөдө басымдуулук кылган сунний мусулмандар саясий мекемелерди сөз жүзүндө башкарышкан менен, иш жүзүндө куралдуу күчтөр, чалгын жана коопсуздук кызматтары өлкөдө азчылыкты түзгөн арап тектүү алавийлердин колунда болгон.

Диктатордук бийликтин зөөкүрдүгү жана кемчиликтери үчүн бир катар жергиликтүү сунний тургундар социалист партократтардын катмарын жана ата-бала Асаддарды эмес, бөөдө жерден карапайым алавийлерди жектешкендигинин да жөнү ушундан улам.

2011-жылы “Арап жазы” маалында бир катар арап өлкөлөрүндө элдик ыңкылаптар жеңишке жетишти. Айрым арап өлкөлөрүндөгү зулум режимдер элдик толкундоолорду ырайымсыз жазалашты.

2011-жылы февралдын акырында бир канча мектеп окуучулары Дамаск шаарындагы бир мектептин дубалына “Сенин да кезегиң келди, Доктор” деп жазышып, Башар Асад мысырдык Хосни Мубарактын артынан бийликтен кетиши керек, деген ойго ишаара кылышты. Бул өспүрүмдөрдү камакка алуу Сирияда да элдик толкундоолорго шылтоо болду.

Сириянын мамлекет башчысы бир катар саясий жеңилдиктерге баруу аркылуу элдик нааразылыкты жокко чыгарууга далаалат кылды. Бирок калайык алда канча көбүрөөк саясий талаптар менен чыгуусун улантты.

2011-жылдын апрелинен тартып куралдуу кагылышуу күчөп кетти. Албетте, бийликтер оппозицияга ырайымсыз мамиле кылган учурлар ого бетер көбөйдү.

2011-жылы 29-июлда поковник Риад ал-Асад “Сириянын эркин армиясын” негиздегендигин жарыялап, оппозиция тарабына өттү.

2012-жылы 26-февралда өткөрүлгөн реферпендум өлкөдөгү Баастын жетекчи партия катары ордун жокко чыгарып, көп партиялуу системага жол ачты. Ошол жылы 7-майда көп партиялуулуктун негизинде алгачкы парламенттик шайлоо өткөрүлдү.

Бирок саясий жаңжал күчөй берди. 2013-жылы Дамаск шаарынын чет жакасындагы оппозициячыл күчтөр өздөрүнүн тарапкерлери жайгашкан аймактарга Асаддын аскерлери химиялык куралдар менен чабуул жасады, деп бийликти айыптап чыкты.

Чет өлкөлөрдөн улам агылган ашынган исламчы топтор оппозициянын катарына кошулуп, же аларга атаандаш күч иретинде айрым аймактарды каратып вала башташты. Маселен, өзүн “Ислам мамлекети” атап алган эл аралык террорчу топ да Сириядагы жарандык согушка өз жоочуларын күргүштөтүп жөнөтүп, чөлкөмдөгү өз мүдөөсү үчүн күрөш жүргүздү. (Бул топтун ичинде борбордук азиялыктар да болду).

Башар Асаддын режими жарандык согуш маалында оппозицияга жооп кылып, коңшу Ливандагы шийилердин “Хезболла” уюмунун жоочуларын дагы өз армиясын колдоо үчүн көмөккө чакырды.

Батыш Европанын дээрлик көз жумду мамилесинен пайдаланып, 2015-жылы Орусиядагы путиндик режим дагы Сириядагы окуяларга жигердүү катыша баштады.

Орусия бийликтери Латакиядагы Хмеймим жергесинде аскер аба базасын, ал эми Тартуста аскер деңиз флотуна таандык күчтөрүн жайгаштырып, Башар Асаддын аскер күчтөрүнүн бир катар аймактардагы реваншы үчүн чечүүчү көмөк кылууга жетишти.

2014-жылы эгемен Украинанын Кырым жарым аралын толук каратып алган соң жана Донбасстын айрым бөлүктөрүн көзөмөлдөп калган соң, путиндик режим Сирияда дагы аскердик ийгиликтерди камсыз кылды.

Президент В.Путин. 11.12.2017.
Президент В.Путин Сириянын Латакия аба майданындагы орусиялык Хмеймим аскер аба базасын көздөй учуп бара жаткан кез. 11.12.2017.

Ошол кездери, 2017-жылы 11-декабрда, президент В.Путин Сириядагы Хмеймим аскер аба базасына келип, эми Орусия бул аймакта өз турумун биротоло бекемдеди, деген эрдемсинген сөздөрүн айтканы эсте.

Чынында да 2016-жылы Башар Асаддын аскерлеринин Алеппо (Халеб) шаарын кайра кайтарып алышында орусиялык аскерлердин көмөгү зор рол ойноду. Бирок бул көмөк далай карапайым тургундардын жазыксыз өлүмү менен коштолду.

Алеппо, Сирия. 13.1.2016.
2016-жылы 12-январда орусиялык учактардын чабуулу Алепподо 57 карапайым тургунду мерт кылды. Эртеси калайык дүрбөлөңгө түшүп качып жаткан кез. Алеппо, Сирия. 13.1.2016.

Орус аскерлери жана аларга байланыштуу “Вагнер” жеке менчик аскер кошуунунун жоочулары сириялык көтөрүлүшчүлөрдү жана бейкүнөө карапайым калайыкты ырайымсыздык менен бомбалап жана аткылап жатышты.

Сириядагы жарандык согушта узакка чейин жеңүүчүлөр болбой келди. Өлкө бир нече согуш очогуна жиктелди.

Орусия менен Иран Асаддын режимин колдоого алса, ал эми Түркия айрым суннийлик оппозициячыл топторду колдоп жатты.

Ошол эле учурда Түркия Сирияга өтүп келген күрт кошуундарын Күртстан Жумушчу партиясы (ПКК) деп аталган террорчу уюм менен байланышы бар күчтөр катары маал-маалы менен соккуга алып келди.

“Ислам мамлекети” уюмунун террорчуларына каршы согушкан айрым күрт топторун АКШ колдоого алган учурлар да болду.

2023-жылы 15-ноябрда Франциядагы сот Башар Асадды 2013-жылы химиялык кыргын куралын колдонгон деген жана башка шек боюнча камакка алуу үчүн эл аралык буйрук чыгарды.

2024-жылдын күзүндө Иран колдоого алып келген шийилердин “Хезболла” тобунун Ливандагы өкүлдөрү Израил тарабынан олуттуу соккуга кабылган жана Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн баскынчыл Орусияга каршы чечкиндүү салгылашууларынын натыйжасында путиндик аскерлердин колу таптакыр байланып жаткан кезеңде, Сириядагы оппозиция Асаддын режимине каршы чечкиндүү чабуулга өттү.

27-ноябрда Алеппо шаары кайрадан көтөрүлүшчүлөрдүн бириккен күчтөрүнүн карамагына өттү.

Алеппо шарында. 30.11.2024.
Сириялык көтөрүлүшчүлөр Алеппо шаарында Башар Асаддын сүрөтүн жана улуттук желекти тытып салышты. 30.11.2024.

2024-жылы 5-декабрда көтөрүлүшчүлөр Хама шаарына кирип барышты. Эки күндөн кийин, 7-декабрда таңда алар Хомс шаарына жетип, кечкурун – ордо шаар Дамасктын чет жакасына кирип барышты.

8-декабрда таңга маал Башар Асад отурган орусиялык учак Дамасктан Маскөөгө карай багыт алды. Ушул эле күнү путиндик режим Башар Асадга башкалка бергени кабардалды.

Ошентип, 2024-жылы 8-декабрда Сирияда Башар Асаддын режими кулатылды.

Түштүк Кореядагы президенттин майнапсыз кутум далаалаты

Чыгыш Азиядагы демократиялуу жумурияттардын бири – Түштүк Корея.

“Түшпөс хандар” бийлеп келген Жакынкы Чыгыштагы Сириядан жана коңшусу – коммунисттик Түндүк Кореядан айырмаланып, 1979-жылы диктатор Пак Чон Хи (1917–1979) өлтүрүлгөндөн кийинки мезгилде Түштүк Кореяда мамлекет башчылар көп ирет алмашкан.

Түштүк кореялык президенттердин бир катары жемкорлукка, кутумга же башка айыптарга кабылып, тергөөгө алынып, абактарга да салынган. Абакка түшкөндөрдүн арасында Чон Ду Хван (1931–2021), Ро Дэ У (1932–2021), Ли Мйөн Бак (1941-жылы туулган) мырзалар жана Пак Кын Хе (Park Geun-hye; 1952-жылы туулган) айым да бар.

Демократиялык партиянын өкүлү Мун Чжэ Ин (Moon Jae-in; 1953-жылы туулган) мырза 2017-жылдын 10-майынан 2022-жылдын 10-майына чейин өлкөнүн президенти болду.

Ал эми оппозициядагы оңчул консерватордук “Эл күчү” партиясынын өкүлү катары президенттик шайлоодо талапкер болгон Йун Сок Йөл (Yoon Suk Yeol; 1960-жылы Сеулда туулган) мырза 2022-жылдын 10-майынан тартып Түштүк Кореянын президенти болуп калды.

Ал 2019-жылдын 25-июлунан 2021-жылдын 4-мартына чейин Түштүк Кореянын Башкы прокурору кызматын аркалаган. Демек, укук маселесин “чемичкедей” чага алчу саясатчы.

Президент Йун Сок Йөл мырза 2023-жылы 25-июлда эгемен Украинага расмий иш сапар менен келген. Ал 2022-жылы Орусиянын баскынчыл чабуулдары маалында калайыгы кыргынга учураган Буча жана Ирпин шаарчаларын кыдырып чыкканы да эсте.

Бирок быйыл күзүндө анын саясий ишмердиги үчүн олуттуу кесепет тийгизген окуялар орун алды. 2024-жылы октябрда бийликтеги “Эл күчү” партиясынын жетекчилиги президент Йун Сок Йөл мырзадан жубайы Ким Гон Хи айымдын кымбат баалуу белекти кабыл алып койгондугу жана башка шектүү жоруктары үчүн элден кечирим суроосун талап кылды.

3-ноябрда президент Йун Сок Йөл өзүн айыптап чыккан өлкө парламентин “жазалоо” үчүн өлкөдө аскердик кырдаал жарыялады. Ал өз кадамын “Түндүк Кореяга ылым санаган күчтөргө каршы күрөш” менен негиздөөгө далаалат кылды.

Өлкөдөгү жарандык коом өкүлдөрү менен оппозиция түгүл, бийликтеги партиянын бир катар депутаттары да бул жардыкка каршы чыгышты.

Парламент чукул кырдаал тууралуу президенттик жардыкты ошол кечте эле жокко чыгарды. Президент да бул аракети катачылык болгонун мойнуна алды.

Андан соң президентке импичмент жарыялоо үчүн аракеттер да орун алды. Бирок 8-декабрда парламенттеги добуш берүүдө оппозиция жетиштүү добуш топтой албай калып, бул жолу президент Йун Сок Йөл мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетирилиш коркунучунан аман калды.

Арийне, жарандык коомдун өкүлдөрү президентти кызматтан кетирүү талабын азыркы тапта да кайталап жатышат.

Сирия менен Түштүк Кореянын путиндик режим үчүн саясий дарсы

Эгерде Сириянын 8-декабрда кулаган режими Орусиядагы Владимир Путиндин режими үчүн өзгөчө жакын өнөктөш болуп келсе, ал эми Түштүк Кореянын жетекчилиги болсо ачык айтылбаган “жат тарап” катары кабыл алынчу.

Путиндик режим Ыраакы Чыгыштагы Түндүк Кореянын диктатору мнен тыгыз карым-катнашын кескин күчөтүп, ал түгүл Орусиянын Курск аймагындагы согуш аракеттерине түндүк кореялык жоокерлер тобун алып келүүгө үлгүргөн.

Бирок, кантсе да, расмий Кремл үчүн Сирия менен Түштүк Кореянын да орток сабактары бар.

Ал сабактар – президенттик башкаруудагы системанын оош-кыйыш жактары менен байланыштуу.

Бир чети, Сириядагы президенттер – маркум Хафез Асад жана анын уулу Башар Асад экөө тең – “түшпөс хандар” катары узак жылдар бою бийликте отурушту.

1970-жылдан бери үзгүлтүксүз бийлеген ата-бала катары алар деле “Гиннесстин кара тизмесине” кирмек.

Бул жаатта алар Путин үчүн жакшы өрнөк болчу.

Бирок Башар Асаддын эл тарабынан бийликтен кубаланышы – 2030-жылы деле презиленттик жаңы мөөнөткө шайланууга “акысы бар” Владимир Путин үчүн жагымсыз жана коркунучтуу жышаана болуп калды.

Ал эми Түштүк Кореянын мамлекеттик башкаруусунун Путин үчүн ынаган мүнөзү – анын президенттик башкаруудагы жумурият экендигинде.

Бирок бул өлкөнүн Путинге эч жакпаган бир сабагы – парламент, Башкы прокуратура жана сот бийлиги, ошондой эле сөз эркиндигине таянган жарандык коом “бечара президентти” мыйзамга ылайык чындап чөгөлөтүп салууга кудуреттүү болушкандыгы.

Путин үчүн бул – “жалган президенттик башкаруу”. Ал эми демократиялык коомдор үчүн Түштүк Кореянын мамлекеттик башкаруу системасы – президент да мыйзамга баш ийдирилген нагыз президенттик башкаруу.

Б.Немцов, А.Навальный сыяктуу оппозиция лидерлерин четинен мерт кылдырган, эркин басма сөздү жана жарандык эркиндиктерди муунтууга жетишкен, тынчтыкка чакырган жарандарды “атайын аскердик амалды жаманатты кылды жана Куралдуу күчтөрдү мазактады” деген доо менен жазалап жаткан путиндик режим үчүн мындай президенттик башкаруунун “барынан жогу” жакшы.

Андан көрө В.Путин өзүн “президент” деп атамыш этип, бирок чөнтөк парламентке таянып, жеке бийлик жүргүзгөн падышадай өкүм жүргүзгөнү эп эмеспи.

Украинага каршы басынчыл согушу майнапсыз аяктаган чакта, Путин мырза Башар Асаддын же абакка түшкөн түштүк кореялык президенттердин кебетесин кийээри деле ыктымалдан алыс эмес.

Ошол себептүү Сирия окуялары эле эмес, Түштүк Корея окуялары дагы орусиялык диктатордун жүрөгүнүн үшүн алып жаткандыгын бөркүбүздөй көрө алабыз.

Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.

Шерине

XS
SM
MD
LG