2021-жылы бийликке кайрадан “Талибан” кыймылы кайтып келгенден кийин миңдеген медициналык кызматкерлер Ооганстандан чыгып кеткен. Дарыгерлердин тартыштыгы миллиондогон оогандыктарды дээрлик медициналык тейлөөсүз калтырды.
Тайланддан Түштүк Кореяга бараткан учакта 175 жүргүнчү жана экипаждын алты мүчөсү, жалпы 181 киши болгон. Баштапкы маалыматтарда кырсыкка кабылган эки киши гана тирүү калды.
Тайланддан Түштүк Кореяга бараткан учакта 175 жүргүнчү жана экипаждын алты мүчөсү, жалпы 181 киши болгон. Баштапкы маалыматтарда кырсыкка кабылган эки киши гана куткарылды.
Орусиянын президенти Владимир Путин Азербайжандын президенти Илхам Алиевден Актауда кыйраган учак үчүн кечирим сураганын Кремлдин маалымат кызматы билдирди.
Казакстандын Актау аймагында учагы кыйраган Azerbaijan Airlines компаниясы учактын кыйроосуна “сырттан физикалык жана техникалык кийлигишүү” баштапкы себеп болгонун билдирди.
Украинанын армиясы туткунга алган түндүк кореялык аскер каза тапты. Буга чейин украин бийлиги Курск облусунда согушуп жаткан түндүк кореялыктардын жоготуулары үч миңден ашканын билдирген.
Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жол курулушуна старт берилди. Курулушту баштоо аземинде бул Кытай менен Европаны бириктирген темир жол болору жана Борбор Азия мамлекеттерин өнүктүрүүгө салым кошору айтылды.
Казакстандын Мангыстау облусунун Актау шаарына жакын жерде кырсыкка кабылган учактан аман калгандардын абалы тууралуу маалымат берилди.
Казакстанда Азербайжандын учагы кырсыкка кабылып, 30дан ашык адам каза тапты. Аман калган 29 киши ооруканага түштү. Учакта беш экипаж мүчөсү жана 62 жүргүнчү болгон.
Миңдеген украиналыктар Рождество майрамын белгилеп жатканда Орусиянын армиясы Украинанын аймактарына абадан жапырт сокку урду. Киев шаарынын тургундары майрамды метро менен бомбадан коргонуучу жайларда корголоо менен өткөрүштү.
Дагы жүктөңүз