Украинада Орусиянын чабуулдары уланып жаткан учурда ЖККУнун лидерлери Казакстандын Астана шаарына чогулду.
Түркияда жашырынган өзбекстандыктардын саны өстү. Бул тууралуу Өзбекстандын Стамбулдагы башкы консулдугу расмий билдирүү таратты. Түркияда сулуулук салондорун мыйзамсыз иштеткен жана алтын куймаларды алып өткөн өзбекстандыктардын окуясы да талкууга алынууда.
Израил менен “Хезболла” ок атууну токтотууну макулдашты. Орусиянын президенти Владимир Путин бүгүн Казакстанга мамлекеттик сапар менен келди. Милициянын майору Тимур Абдисатар уулу ИИМге өз эрки менен келгенде кармалганын, уруп-сабоого кабылганын анын иниси айтып чыкты.
Баку шаарында COP29 саммити cоңуна чыкты. Эки апталык жыйын эмне менен аяктады? Дүйнөдөгү кубаттуу мамлекеттер 2035-жылга чейин жылына 300 млрд доллар берип турууга макул болду. Бирок бул өнүгүп келаткан өлкөлөрдүн нааразылыгын жаратып, айрымдар саммиттен эч кандай майнап чыккан жок деп баалашты.
Президент Садыр Жапаров 26-ноябрда Берлинде немис канцлери Олаф Шольц жана өлкөнүн президенти Франк-Вальтер Штайнмайер менен жолугуп, эки тараптуу алака-катышты талкуулады.
Израил жана Ливандагы "Хезболла" радикал уюму ок атууну токтотуу келишимине жакындап калды. Бул тууралуу расмий булактар жана маалымат агенттиктери билдирди. АКШ жана Франциянын арачылыгы менен түзүлгөн планды премьер-министр Биньямин Нетаньяхунун коопсуздук кабинети жактырууга тийиш.
Израил жана АКШ террордук уюм деп санаган Ливандагы "Хезболла» радикал тобу ок атууну токтотуу келишимине жакындап калышты. Бул тууралуу кабар агенттиктери маалымдады. АКШ жана Франциянын арачылыгы менен түзүлгөн планды премьер-министр Биньямин Нетаньяхунун коопсуздук кабинети жактырууга тийиш.
Европарламенттин депутаты шайлоодо добуш сатып алууга шек саналып камалган оппозициячыл Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбековго байланыштуу кыргыз бийлигине кайрылды.
Жыл башында кармалган 11 журналисттердин төртөөнүн иши Бишкек шаардык сотунда карала баштады. Орусия Украинада энергетикалык объектилерди, турак-жайларды жана автомашиналарды аткылады. Ноокат районунда милициянын алты кызматкери пара алууга шектелип кармалды, дагы бир кызматкер изделүүдө.
25-ноябрда грузин парламентинин жаңы чакырылышы биринчи сессияга чогулду. Президент жана оппозиция бир ай мурун болгон шайлоо башкаруудагы “Грузин кыялы” партиясынын пайдасына бурмаланганын айтып, анын легитимдүүлүгүн тааныган эмес.
Өткөн түнү орус аскерлеринин бир нече аймактагы чабуулдарынан Запорожьеде бир бала жарадар болду, Харьковдо 20дай киши жабыркаганы кабарланды. Дүрмөттөр энергетикалык инфратүзүм, турак-жай жана автоунааларга тийген.
Дүйнө өзгөрүп жатат. Бирок миллиондогон аялга мурдагыдай эле эң негизги укуктары үчүн күрөшүүгө туура келүүдө. Ооганстан, Иран же Борбор Азияда аялдар туш болгон көйгөйлөр айырмаланышы мүмкүн. “Талибан” башкарган Ооганстанда аялзат өкүлдөрү коомдук турмуштан четтетилип, эркиндиги тебеленүүдө.
Дагы жүктөңүз