Москвада Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн генералы Игорь Кирилловдун өлүмүнө шектелип кармалган 29 жаштагы ташкенттик Ахмаджон Курбоновдун үй-бүлөсү Өзбекстандын укук коргоо органдарынын көзөмөлүндө.
Абакта жаткан жарандар сабалганын жакындары айтып чыгышты. Украинанын Коргоо министрлиги Татарстанда Шахед дрондорунун тетиктерин ташып бараткан поезддер жок кылынганын билдирди. Электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз беш гана товарга калышы мүмкүн.
Украинанын Коргоо министрлиги Татарстанда "Шахед" дрондорунун тетиктерин ташып бараткан поезддер жок кылынганын 23-декабрда маалымдады. Бул кабарды көз карандысыз булактардан текшерүү азырынча мүмкүн эмес. 21-декабрда Казан шаарына дрон чабуулу коюлганын татар башкалаасынын бийлиги билдирген.
Украинанын Коргоо министрлиги Татарстанда "Шахед" дрондорунун тетиктерин ташып бараткан поезддер жок кылынганын 23-декабрда маалымдады. Бул кабарды көз карандысыз булактардан текшерүү азырынча мүмкүн эмес.
Магдебургдагы кол салуудан кийин Европанын жер-жеринде майрам алдында коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Дүйнө лидерлери 5 киши ажал тапкан, 200дөн ашууну жабыркаган окуядан кийин немис элине көңүл айтып жатышат. Германиянын өзүндө ашынган оңчулдар мигранттарга каршы демонстрация өткөрүштү.
2024-жылдын 51-жумасы. "Азаттык" радиосунун кабарчылары дүйнөнүн булуң-бурчунан тарткан кызыктүү сүрөттөр топтому.
Европарламент Кыргызстанда адам укуктарынын абалына тынчсызданып, өлкө демократия жолунан тайганын белгиледи. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Европарламенттин резолюциясын өлкөнүн сот жана тартип коргоо органдарына "кысым көрсөтүү аракети" деп сыпаттады.
Орус армиясы Украинанын аймагынаракета менен жапырт сокку урду. Орусиянын Коргоо министрлиги Украинанын аймактарына жасалган 20-декабрдагы чабуулду "украин армиясынын Батышын куралы менен орусиялык объектилерге жасаган соккуларына жооп" катары түшүндүрдү.
Орусиянын армиясы Украинанын аймагына ракета менен кайрадан жапырт сокку урду. Бишкекте үчүнчү элдик курултай өтүп жатат. Европарламент Кыргызстанда адам укуктарынын абалына тынчсыздануусун билдирди. Кыргызстандын ТИМи резолюцияны "кысым көрсөтүү аракети" деп сыпаттады.
Бейшембиде Европарламент Кыргызстандагы адам укуктарынын абалы боюнча резолюция кабыл алды. Документте өлкө демократия жолунан тайганы айтылат. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Европарламенттин резолюциясын өлкөнүн сот жана тартип коргоо органдарына "кысым көрсөтүү аракети" деп сыпаттады.
Украин президенти Владимир Зеленский Брюсселде өтүп жаткан Европа лидерлеринин бейформал жолугушуусуна жана Еврокеңештин саммитине катышты. Бул жолку сапар учурунда Зеленский украин армиясын күчтөндүрүү боюнча сөз болгонун белгиледи.
Украин президенти Владимир Зеленский Европа лидерлери жолугуп, армияны күчтөндүрүүгө көмөк сурады. Орусиянын президенти Владимир Путин орус аскерлери фронтто алдыга жылып жатканын билдирди.
Дагы жүктөңүз