Орус башкы дипломаты казак президентинин "аймактык бүтүндүк" тууралуу дээрлик үч жыл мурдагы сөзүнө комментарий берди. Бишкекте укук коргоочу Рита Карасартованын баш коргоо чарасы каралууда. Ош шаарында мэриянын кызматкерлери жолго чыгып кеткен үйлөрдү бузуп жатканда 11 жаштагы кыз жаракат алды.
АКШ президенти Трамп мыйзамсыз жүргөн мигранттар боюнча жаңы программа ишке киргизерин билдирди. Ал мигранттардын өлкөдөн өз ыктыяры менен чыгып кетиши үчүн акча сунушталарын айтты. Буга чейин CBP One тиркемеси аркылуу киргендерге АКШдан чыгып кетүүнү талап кылган каттар келе баштаган.
Орусиянын Курск аймагы жапырт дрон чабуулуна кабылды. Маалыматка караганда, бир адам каза болуп, кеминде тогуз адам жабыркады. Украинанын Сумы облусу да кандуу соккуларга туш болууда. Украин тарап эки күн мурдагы соккудан 35 киши каза тапканын, 100дөн ашууну ар кандай жараат алганын билдирген.
Кытай жарандарынын Украина же Орусиянын тарабында согушуп жатканы тууралуу маалыматтар согуштун алгачкы күндөрүнөн бери тараса да, Зеленскийдин акыркы билдирүүсү дүйнө коомчулугунун көңүлүн бурду.
Москвада негизинен кыргызстандыктар барган мончого полиция өкүлдөрү кирип барып, ичиндегилерди себебин түшүндөрбөстөн туш келди уруп-сабап, кыйноого алганы тууралуу кабарлар тарады. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги окуя териштирилип жатканын билдирди. Орусиянын ИИМи маалымат бере элек.
Орусиялык жана азербайжандык ишкер Эмин Агаларов президент Садыр Жапаров менен жолуккан соң Кыргызстанда туристтик комплекс курууну пландап жатканын жарыялады. Ал Азербайжанда Sea Breeze ири эс алуу борборуна ээлик кылат жана анын филиалдарын КМШдагы башка өлкөлөрдө ачууга кызыкдар болуп келет.
CBP One тиркемеси аркылуу АКШга кирген мигранттарга жакын арада өлкөдөн чыгып кетишин талап кылган каттар келе баштады. Катта алар АКШда кала турган болсо, сот жообуна тартыла тургандыгы эскертилген.
10-апрелде Украинанын “Хочу жить” долбоору Орусия тарапта согушту деген 360 кыргызстандыктын аты-жөнүн жарыялады. Долбоордун маалыматы боюнча, алардын кеминде 38и каза болгон. “Хочу жить” бул тизме орус армиясынын атын атагысы келбеген өкүлдөрүнөн алынганын билдирди.
Украинанын президенти Владимир Зеленский орус тарапта согушуп жүргөн кытайлык аскерлер туткунга түшкөнүн маалымдады. Расмий Бээжин бул кабарларды текшерип жатканын билдирди.
Президент Садыр Жапаров ушул тапта абактарда жазасын өтөп жаткан 41 кишиге ырайым берди. Алардын арасында акын, журналист Азамат Ишенбеков жана активист Зарина Төрөкулова да бар.
Курманбек Бакиевдин бийлиги кулаган Апрель ыңкылабына 15 жыл толду. Элдик толкундоого анын жакындарынын мамлекеттик башкарууга аралашканы себептердин бири болгону айтылып келет. 2010-жылдан соң Беларустан баш калка тапкан мурдагы президенттин кенже уулу Максимдин ролу өзгөчө талкууга түшкөн.
Дагы жүктөңүз