Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:55

Кеминде 20 миңдей бала... Украина Орусия күчтөп алып кеткен балдарын издейт


Журналисттер орус бийлиги мекенинен күчтөп чыгарып кеткен украин балдарынын айрымдарын Беларустагы лагерлерге жайгаштырганын жазышкан.
Журналисттер орус бийлиги мекенинен күчтөп чыгарып кеткен украин балдарынын айрымдарын Беларустагы лагерлерге жайгаштырганын жазышкан.

Орусиянын жогорку жетекчилери, арасында президент Владимир Путин украиналык балдарды депортациялап, күчтөп асыроого берип, кайра тарбиялоо программасын ишке ашырып жатат. Мындай жыйынтыкка АКШдагы Йел университетинин изилдөөчүлөрү келди.

Орус бийлиги балдарды уруштан коргоп жатканын айтып келет. Бирок Киев көп учурда алардын ата-энесин, жакындарын аныктоо багытында аракет дээрлик көрүлбөгөнүн белгилейт.

3-декабрда жарык көргөн докладда украиналык бери дегенде 314 баланы Орусия жарандары сөз болгон программанын алкагында мыйзамсыз асырап же тарбияга алышканы айтылат.

"Украин балдарын “орусташтыруу” максатындагы операцияны... Путин жана Орусиянын Балдар укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Мария Львова-Белова жетектеген...", - деп белгилешет америкалык изилдөөчүлөр.

Алар аныктаган маалыматтар орус президенти жана башка жогорку аткаминерлер согуш кылмыштарына барган болушу ыктымал деген далилдерди толуктайт.

4-декабрда БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйынында ЮНИСЕФтин аткаруучу директору Кэтрин Рассел 2022-жылдан бери украиналык 2 400дөн ашуун бала каза тапканын же жарадар болгонун билдирди:

"ЮНИСЕФ үй-бүлөсүнөн ажыратылган балдардын санына терең тынчсызданат. Биз тараптарды алардын жакындарын издөөгө жана үй-бүлөсү менен биригүүсүнө бар аракетти жумшоого чакырабыз. Баланын жарандыгын өзгөрткөн же жакындарына кайтуусуна бут тоскон аракеттерден алыс болууга үндөйбүз".

Улуттар Уюмунун өкүлү тынымсыз аткылоолорго туш болгон Харьков өңдүү шаарларда балдар жер төлөдө, метро станцияларында сабак өтүүгө аргасыз экенин кошумчалады.

Украин президентинин администрация башчысынын кеңешчиси, украин балдарын кайтаруу долбоорунун жетекчиси Дарья Заривная билдиргендей, Украина ушу тапта мыйзамсыз депортациянын курмандыгы болгон 20 миңдей баланы издеп жатат. Бирок бул сан мындан да көп болушу мүмкүн:

"Кеп 20 айга созулган иликтөө тууралуу жүрүүдө. Анын чордонундагы 314 жеткинчектин 67си орус жарандыгын алып, Орусиянын региондоруна жөнөтүлгөн. Ростов жана Курск облустарындагы болжол менен 21 мекемеге жайгаштырылган. Бул жаңы деталдар көбүрөк маалымат камтыйт".

Украин парламентинин адам укуктары боюнча расмий өкүлү өткөн айда билдиргендей, Орусиядан 1 миң 012 жеткинчек кайтарылды.

Владимир Путин жана Мария Львова-Белова.
Владимир Путин жана Мария Львова-Белова.

Былтыр 17-мартта Гаагадагы Эл аралык кылмыш соту Путинди жана Львова-Белованы камоо ордерин чыгарган. Алар оккупацияланган украин аймактарынан балдарды Орусияга мыйзамсыз депортациялоого жооптуу деп айыпталган. Мындай аракет эл аралык мыйзамдарда согуш кылмышы болуп эсептелет. Москва соттун дооматын чекте каккан.

Орусиянын бийлиги балдарды уруштан коргоп, курсагын тойгузуп, башкалка берип жатканын, гуманитардык максатты гана көздөгөнүн айтып келет.

"Орусиянын тиешелүү органдары согуш жүрүп жаткан аймактардан балдарды гуманитардык мыйзамдын жана балдар укуктарын коргогон конвенциянын алкагында эвакуациялап жатат", - деди БУУдагы орус элчиси Василий Небензя.

Бирок Киев көп учурда алардын ата-энесин, жакындарын аныктоо багытында аракет дээрлик көрүлбөгөнүн белгилейт.

Өз кезегинде украин расмий өкүлдөрү, журналисттер жана жарандык активисттер депортация иштерин орус мамлекети өзү колдогон деген далилдерди чогулткан.

Ал ортодо украиналык расмий өкүлдөр АКШнын шайланган президенти Дональд Трамптын администрациясы менен сүйлөшүү өткөрүп жатканы белгилүү болду. The Wall Street Journal басылмасы 4-декабрда жазганына караганда, ал аракеттер согушту жөнгө салуу багытындагы пикир келишпестиктерди азайтууга багытталган.

Ал эми ABC телекомпаниясы жана New York Times гезити орусиялык Башкы штабдын командачысы Валерий Герасимов өткөн аптада АКШнын Биргелешкен штабдарынын башчысы Чарльз Браун менен “өтө адаттан тыш” сүйлөшүү өткөргөнүн кабарлашты.

Маалыматка караганда, Герасимов 27-ноябрда Браунга телефон чалып, Орусия Жер ортолук деңиздеги кемелеринен гипер ылдамдыктагы ракеталарды атып сынаганы жатканын эскерткен.

Украина.
Украина.

3-декабрда орус Коргоо министрлиги сыноо өткөнүн билдирди.

New York Times жазгандай, Герасимов Кремль “Орешник” деп атаган ракетаны сыноо АКШ орус аймагына ATACMS системалары менен сокку урууга уруксат бергенге чейин эле пландалганын айтты.

Орусиянын президенти Владимир Путин сөз болгон ракета менен коюлган соккуну америкалык узак аралыктагы куралды колдонууга жооп катары сыпаттаган.

Медиа бул маалыматты Пентагондун атын атабаган өкүлүнө таянып чыгарды. Браундун басма сөз катчысы телефон сүйлөшүүсү тууралуу маалыматты бышыктады.

Би-Би-Си Москва сүйлөшүү жөнүндө маалымат бере электигин шаршембиде жазды.

Ал арада орус армиясы 5-декабрга караган түнү украин аймагын аткылоону улантты. Ошондой эле украин Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы өлкө чыгышында айыгышкан салгылашуу уланып жатканын билдирди.

Шерине

XS
SM
MD
LG