Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:44

Украина: Орусиянын чабуулунан каза болгондор жана жабыркагандар бар


Украинанын Донецк облусуна болгон чабуулдун кесепеттери. 13-март, 2025-жыл.
Украинанын Донецк облусуна болгон чабуулдун кесепеттери. 13-март, 2025-жыл.

13-мартка караган түнү Орусиянын чабуулунан Украинанын Донецк облусунда кеминде үч киши набыт болуп, 14 адам жараат алды. Бул тууралуу аскер администрациясынын башчысы Вадим Филашкин билдирди. Анын айтымында, эки адам Мирноградда, дагы бири Покровскиде каза болду. Турак үйлөр жана башка имараттар жабыркады.

Херсон облусундагы Берислав шаарында дрон чабуулунан кеминде бир адам каза болуп, 85 жаштагы жаран жарадар болгонун жергиликтүү полиция башкармалыгы билдирди.

Өткөн түнү Украинанын Днепропетровcк облусу аба соккусуна кабылды. Облус губернатору Сергей Лысак тургундар арасында жабыркагандар бар экенин билдирди.

Маалыматка караганда, Днепр шаарына болгон чабуулда үч аял жабыркап, бир нече көп кабаттуу турак жай кыйрады.

Никопол районунда дрон чабуулунун кесепетинен жергиликтүү аял тургун жабыркады. Губернатордун маалыматына караганда, Самаров районунда турак үй, административдик бир нече имарат жана автоунаалар кыйрады.

Украин маалымат каражаттары Орусиянын бутасына Днепропетровск облусунун темир жолу да туш болгонун жазышты.

Өткөн түнү Запорожье облусу да дрон чабуулу жана аткылоого кабылганы маалымдалды. Васильев районунда жергиликтүү тургун жабыркады. Облустун администрациясы бутага инфраструктуралык имараттар жана турак жайлар илингенин билдирди.

Орусиянын Коргоо министрлиги Днепропетровскидеги жана Запорожьедеги соккулар боюнча комментарий бере элек.

Москва далилдерге карабастан үч жылдан ашкан согуш башталгандан бери эле жарандык жайларды бутага алганын танып келет. (AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG