
Uzbekistan Airways Европага каттамдары мурункудай Орусия же Беларус аркылуу өтпөй турганын, учактар бул өлкөлөрдү айланып учмай болгонун жарыялады. Бирок эми Азербайжан жана Түркия аркылуу уча турганы айтылганы менен, Flightradar24 сайты айрым каттамдар дагы эле Орусия аркылуу өтүп жатканын жазды.
Өзбекстандын улуттук Uzbekistan Airways авиакомпаниясынын башкармалыгынын төрагасы Шухрат Худайкуловдун айтымында, каттамдардын учуу багыты 20-январдан тартып өзгөргөн. Мындай чечим Авиациялык коопсуздук боюнча Европа агенттигинин (EASA) Орусиянын аймагынын үстүнөн учуу кооптуу экенин көрсөткөн баяндамасынын негизинде кабыл алынган.
Эми Uzbekistan Airways компаниясы Европага бардык каттамдарын мурункудай Орусия жана Беларус эмес, Азербайжан жана Түркия аркылуу аткара баштаганы маалымдалган.
Мындай кадам "жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоо жана логистиканы оптималдаштырууга" байланыштуу экени белгиленген.
"Албетте, бул учууну бир тарапка 30-40 мүнөткө узартат жана компания үчүн кошумча чыгымдарды алып келет. Ага карабай биз тарифтерди көтөргөн жокпуз, анткени бул форс-мажордук жагдай, ал үчүн жүргүнчү жоопкерчилик тартпашы керек", - деп белгиледи Шухрат Худайкулов 28-январда Ташкентте өткөн маалымат жыйынында.
Ал эми Авиациялык коопсуздук боюнча Европа агенттигинин 9-январдагы билдирүүсүндө "жарандык жана аскердик күчтөрдүн координациясы жоктугунан улам Орусия Федерациясынын аба мейкиндигинде жарандык учактарга коркунуч бар" экени жазылган.
Агенттик мисал катары "Азербайжан аба жолдору" компаниясынын учагы Казакстандын Актау шаарында кыйраганын келтирген. Көптөгөн серепчилер учак орусиялык "Панцирь-С" ракетасы менен атып түшүрүлгөнүн божомолдойт. Авиакырсыктан 38 адам каза болуп, 29 адам жараат алган.
Жогоруда айтылган эскертүү Европадан башка өлкөлөрдүн операторлоруна багытталган. Анткени Орусиянын аба мейкиндиги Евробиримдиктин авиакомпаниялары үчүн ансыз деле жабык турат. Себеби Орусия Украинага каршы толук масштабдуу согуш ачканына байланыштуу Евробиримдик бул өлкөнүн авиация тармагына санкция киргизген.
Flightradar24 сайтынын маалыматтары
Flightradar24 сервисиндеги маалыматтар Өзбекстандын аталган аба компаниясынын айрым каттамдары мурдагы эле багыт менен учуп жатканын көрсөтүүдө. Алсак, Ташкент– Рига авиакаттамы Орусиянын аймагы аркылуу учууну улантып жатат.
Uzbekistan Airways компаниясынын маалымат бөлүмү Ригага каттам учурда Азербайжандын аба мейкиндиги аркылуу аткарылып жатканын 3-4-февралда билдирген. Бирок Flightradar24 сайтынын маалыматы боюнча, 29-январда, 3-февралда Ташкент– Рига каттамдары Орусиянын аймагы аркылуу өткөн. Ал эми Европанын Франкфурт, Париж жана Лондон сыяктуу башка шаарларына каттамдар Азербайжан жана Түркия аркылуу учкан.
Flightradar24 кызматынын маалыматына ылайык, 5-февралда Рига– Ташкент HY212 / UZB212 рейси Орусиянын Челябинск, Свердлов, Тюмень жана Омск облустарынын үстүнөн өткөн.
Авиациялык коопсуздук боюнча Европа агенттиги 9-январдагы билдирүүсүндө Орусиянын аталган аймактарынын aба мейкиндигин айланып өтүү сунушталган. HY212 / UZB212 рейси өткөн Челябинск облусу дал ошол агенттик белгилеген аймакта жайгашкан.
Uzbekistan Airways компаниясы редакциянын комментарий алуу тууралуу кайрылуусуна жооп кайтара элек.
Саясий контекст жана Түркиянын ролу
Айрым серепчилер каттамдардын өзгөрүшү коопсуздук маселесине эле эмес, саясий реалдуулукка байланыштуу дешет. Өзбекстан Украинага каршы согуш ачкан Орусиядан алыстаганын көрсөтүүгө аракет кылууда. Муну ансыз да санкциялардан улам Орусиянын аба мейкиндигин колдоно албай турган Европа өлкөлөрү кубатташы мүмкүн.
"Өзбек авиакомпанияларына каттамдардын өзгөрүшү таасир этпейт. Муну менен Өзбекстан Украина менен согушуп жаткан Орусиядан "оолактаганын" ачык көрсөтүүдө. Европа өлкөлөрү санкциялар киргизилгенден кийин өздөрү кол жууган багыт "антиорусиялык" болуп өзгөрүп жатышын сөзсүз кубаттайт", - дейт атын атагысы келбеген серепчи.
Бул позицияны 29-январда Анкарада Өзбекстандын, Азербайжандын жана Түркиянын тышкы иштер, экономика, соода жана транспорт министрлери чогулган жолугушуу да ырастайт. Иш-чаранын жыйынтыгында Анкара декларациясына кол коюлуп, анда аймактын транзиттик потенциалын жогорулатуу үчүн үч өлкөнүн чек арасы аркылуу өтүүчү транспорттук коридордун мааниси баса белгиленди.
Мындан тышкары, декларацияда Европа– Кавказ– Азия же расмий ТРАСЕКА деп аталган мультимодалдык транспорттук коридорун бекемдеп, анын толук кубаттуулукта иштешине көмөктөшүү зарыл экендиги айтылат.
Атын атагысы келбеген өзбекстандык журналист Uzbekistan Airways авиакомпаниясынын каттамдарды Орусияны айланып өткүдөй кылып өзгөртүү чечимин "Түрк дүйнөсүндөгү "негизги күч" статусун бекемдегиси келген Түркияга кезектеги колдоо көрсөтүүсү" катары караса болорун белгиледи.
Анын пикиринде, Өзбекстан Түркия жана Азербайжан менен мамилесин чыңдоо үчүн операциялык чыгымдарды атайылап көбөйтүүдө жана муну менен ал инвестиция, насыя жана грант түрүндөгү колдоого, жеңилдикке үмүттөнүүдө.
"Анкарада Түркиядан, Азербайжан жана Өзбекстандан келген кесиптештеринин катышуусунда өткөн үч тараптуу жолугушууда тышкы иштер министри Хакан Фидан түрк дүйнөсүн тынымсыз мактап жатканы бекеринен эмес. Түркия Европадагы геосаясий толкундоолорду артыкчылыкка айландырып, багытты өзгөртүүдөн пайда көрүүчү негизги жакка айланды", - деп белгилейт журналист.
Былтыр 25-декабрда Бакудан Грозныйга бет алган Embraer-190 лайнери чечен баш калаасына коно албай, Каспий деңизинин аркы жээгиндеги Актауга баратып шаардын жанында кулаган. Кырсыктан кийин бир катар өлкөлөр жана авиакомпаниялар Орусияга жана Орусиядан каттамдарды өзгөртүү же токтотуу чараларын көрүштү.
"Азербайжан аба жолдору" (АZAL) тергөө иштери аяктаганга чейин Баку– Грозный– Баку жана Баку– Махачкала– Баку каттамдарын убактылуу токтотту. Азербайжандын Мамлекеттик жарандык авиация агенттиги 27-декабрдан тартып Орусиянын бир катар шаарларына учуучу аба каттамдарына тыюу салды.
28-декабрдан тарта АZAL компаниясы Минеральные Воды, Сочи, Волгоград, Уфа, Самара, Саратов, Нижний Новгород жана Владикавказ шаарларына каттамдарын токтотту. Ал эми быйыл 8-январдан тарта Баку менен Казан багытындагы каттамдар белгисиз мөөнөткө токтотулду.
Казакстандын Qаzаq Аir авиакомпаниясы коопсуздук максатында Орусиянын айрым шаарларына каттамдарын убактылуу токтотту. "Түркмөнстан аба жолдору" компаниясы быйыл январь айынын аягына чейин Ашхабад менен Москванын ортосундагы каттамдарды кыскартты.
Ал эми Израилдин El Al аба компаниясы Тель-Авив– Москва каттамын токтотконун билдирген. Сочи жана Минеральные Воды шаарларынан Дубайга каттамдарын убактылуу токтоткондордун катарында FlyDubai авикомпаниясы да бар.
"Азаттык Азия" редакциясынын макаласын орус тилинде бул жерден окуй аласыз.