Кыргызстан “Талибан” кыймылын тыюу салынган уюмдардын тизмесинен чыгарды. Бул маалыматты Тышкы иштер министрлиги тастыктады. Кыргыз бийлиги 2006-жылы бул кыймылды террордук уюмдардын тизмесине киргизген. "Талибан" Кабулдагы бийликти кайра басып алганына үч жыл болду. Буга чейин Орусия менен Казакстан "Талибан" кыймылын "кара тизмеден" чыгарган.
Кыргызстан
жума 6 Сентябрь 2024
Быйыл 7 айда эле балдарга көрсөтүлгөн зордук-зомбулук боюнча 95 кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматынын тергөөчүсү "Азаттыктын" “Эже-сиңдилер” берүүсүндө билдирди. Талкууда балдарга каршы жасалган кылмыштардын алдын алуу, жеткинчектерди коргоонун жолдору туурасында сөз болду. Программага кыздары жабыркаган энелер Айжаркын Мамытбек кызы менен Кыял Темирканова, өспүрүмдөрдү зомбулуктан коргоо боюнча активист, психолог Перизат Асылбаева жана Ички иштер министрлигинин тергөө кызматынын өзгөчө иштер боюнча улук тергөөчүсү Элиза Шалбаева катышышты.