Ага-ини Исламбек жана Русланбек Матраимовго 50 миң сомдон айып салынып, эркиндикке чыкканы белгилүү болду. Украина өткөн түнү жана эртең менен кайрадан Орусиянын чабуулуна кабылды. Эгемендик күнүндө уюштурулган концертке орусиялык ырчылардын келиши социалдык тармакта бир топ нааразылык жаратты. Орусияда мигранттардын балдарын “Юнармияга” жиберүү сунушталды.
Кыргызстан
шейшемби 27 Август 2024
Бир нече беренелерге айыпталып абакта жактан мурдагы бажычы Райымбек Матраимовдун эки бир тууганы Исламбек жана Русланбек Матраимовго 50 миң сомдон айып салынып, эркиндикке чыкканы белгилүү болду. Алар агасы менен кошо быйыл мартта Бакуда кармалып, Бишкекке жеткирилген. Ош шаардык соту аларды 11-майда камакка алган. Бирок ага-ини тергөө абагынан качан чыкканы тууралуу маалымат жок.