Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) коррупцияга каршы күрөштү күчөтүүгө багытталган мыйзам долбоорун даярдап, коомдук талкууга койду.
Атайын кызмат сунуштаган долбоордо эмне камтылган?
Документте коррупция беренеси менен соттолгон жарандардын мамлекеттик кызматтарда иштешине өмүр бою тыюу салуу каралган. Ошондой эле андай адамдардын жакындары, жакын туугандары дагы мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда иштей албай турганы белгиленген.
Бул берене менен кармалгандарга жаза катары айып пул салуу жагы алынып салган. Күнөөсүн мойнуна алып, келтирилген чыгымды төлөп бергенден кийин дагы берилген жаза мөөнөтүнүн теңин өтөп бүтмөйүнчө абактан бошотулбасы жазылган.
Мыйзам долбоорундагы өзгөртүү коррупция, мыйзамсыз баюу, пара алуу, опузалап пара алуу, бийликтен аша чабуу, кызмат абалын кыянат пайдалануу беренелерине байланыштуу. Азыркы мыйзамдагы тиешелүү беренелердеги айып салуу жазасын жокко чыгарып, коррупцияга айыпталгандардын мамлекеттик кызматта иштөөсүнө өмүр бою тыюу салуу сунушталып жатат.
УКМК өлкөдө коррупцияга каршы күрөш жүрүп жатканы менен мамлекеттик мекемелердеги жемкорлуктун деңгээли жогору бойдон калып жатканын, мындан улам мыйзамга өзгөртүү киргизүү муктаждыгы пайда болгонун белгиледи.
“Мамлекеттик органдардагы коррупцияга каршы аракеттенүү жана жоюу иштери боюнча жүргүзүлгөн анализге ылайык, аталган чөйрөдөгү мыйзамдар мындан ары жакшыртууга муктаж. Белгилеп кетчү нерсе, коррупциялык кылмыштар укуктун үстөмдүгүн бүлүндүрүп, адам укуктарынын бузулушуна алып келүүдө. Рынокторду деформациялоодо, жашоо сапатын төмөндөтүүдө жана уюшкан кылмыштуулуктун жана адам коопсуздугунун башка коркунучтарынын өсүшүнө алып келүүдө”, - деп жазылган долбоордун негиздеме-маалымкатында.
"Мамлекетти тоногондордун балдары чоң кызматтарда"
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев коррупцияга каршы күрөш улана турганын 13-сентябрда Сокулуктагы иш сапарында айткан:
“Уюшкан кылмыштуулукка тете болгон, керек болсо андан да коркунучтуу болгон коррупциялык элементтер. Мисалы, ушул жерге стадионго деп 100 миллион сом бөлүнсө, анын жарымы таланып жок болмок. Бири тендер уюштуруп, бири кымбаттатып жемек, бир дагы башкасын алып алмак. Ушинтип жумуш начар аткарылып, элге жетмек эмес. Экинчиден, коррупциялык элементтер менен мамлекеттин бюджети жок болуп кетмек. Эми мындай болбойт”.
Жогорку Кеңештин депутаты Русланбек Жакышев коррупцияга аралашкан адамдардын мамлекеттик кызматка келишине тыюу салууну парламентте бир нече ирет көтөргөн. Ал коррупцияга баргандардын бала-чакасы азыр чоң кызматтарда отурат деген пикирде:
“Бул мыйзам бизге аябай керек. Айып төлөтүп эле чыгарып койбостон, өзүн дагы, балдарын, жакын туугандарын мамлекеттик кызматтарга кабыл албай, катуу жаза бериш керек. Мен да бул маселени комитеттин жыйындарында, сессияда айтып жүрөм. Өмүр бою мамлекетти тоногон адамдардын балдары азыр да чоң кызматтарда отурат. Мен алардын атын атабай эле коёюн, коомчулук деле билет”.
Кыргызстанда мурда коррупцияга айыпталгандардын кайра кызматка коюлган учурлары да бар.
Алардын айрымдарына токтолсок, быйыл май айында Энергетика министрлигинин алдындагы "Курулуп жаткан электр станциялар" дирекциясынын башчылыгына мурдагы премьер-министр Игорь Чудинов дайындалып, коомдогу катуу талкуулардан соң эки күндөн кийин кайра кызматтан алынган.
Бакиевдин убагында чоң кызматты ээлеп турган Чудиновго 2010-жылы “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган” деген айып коюлган. 2015-жылы парламенттик шайлоонун алдында Башкы прокуратура жерге байланыштуу кылмыш ишин козголгон кишилердин арасында Чудинов да болгон.
Мындан сырткары 2022-жылы Башкы прокуратура саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди вакцина сатып алуу боюнча коррупцияга айыптап, жети кылмыш ишин козголгон. Бул окуянын тегерегинде талкуу күчөп, президент Садыр Жапаров баш прокурор Курманкул Зулушевди кызматынан убактылуу четтетип, Бейшеналиев жумуштан алынган. Кийин козголгон кылмыш иштеринин баары токтотулган. Былтыр сентябрда Бейшеналиев министр кызматына кайра дайындалган.
Мындан улам коррупцияга каршы күрөш тандалма деген сын да айтылып жүрөт.
"Коррупциянын себеби менен күрөшүү керек"
Саясат талдоочу Руслан Акматбек коррупцияга каршы күрөштө анын себебин, түп тамырын изилдеп, ошону менен күрөшүү керек деген ою менен бөлүштү. Анын көз карашында, коррупция негизинен сөз эркиндиги чектелген, адам укугу тебеленген өлкөлөрдө гүлдөгөнү эл аралык тажрыйбадан улам белгилүү:
“Азыркы аракеттерибиз дагы жакшы, бирок биз көбүнчө коррупциянын жыйынтыгы менен күрөшүп жатабыз. Ага түрткү болгон факторлорду өзгөрткөн жокпуз. Адам коррупцияга эмнеге барат? Мамлекеттен жакшы кызмат алуу үчүн же укуктук кепилдик алуу үчүн. Ошол үчүн Грузиядагыдай мамлекеттин элге кызмат көрсөткөн системасын өзгөртүшүбүз керек, бул болбой жатат. Коррупция бардык өлкөдө бар, алардын деңгээли ар башка. Мамлекеттик кызматка жолотпоо деген сунуш да коррупциянын жыйынтыгы менен күрөшүү. Биз жаңы мыйзамды жаза бергендин ордуна сот системасын көз карандысыз кылып, укук коргоо органдарын реформалап койгон жакшы жыйынтык берет. Коррупция гүлдөп кеткен өлкөлөрдү карасак, ал жерде сөз эркиндиги, сот адилеттиги жок, укук коргоо органдары “укук кордоочу” мекемеге айланып кеткен”.
Быйыл жыл башында Эл аралык Transparency International уюму жарыялаган коррупциянын индексинде Кыргызстан 2022-жылга салыштырмалуу бир тепкич артка кетип, 141-орунду ээлеген. Уюмдун баяндамасында коррупция паракорлук менен кымыруучулуктан тарта уюшкан, масштабдуу жана татаал жемкордук схемасына чейинки көрүнүштөрдү камтый турганы белгиленген.
Бийлик буга чейин Кыргызстанда коррупциянын 90% жоюлганын, анын арты менен бюджеттин кирешеси өскөнүн билдирген.
Коррупцияга каршы күрөш, ишке ашпаган демилгелер
УКМК коррупцияга жана уюшкан кылмыштуу топко каршы аёосуз күрөш жүрүп жатканын утур-утур жарыялап турат. Бул иш-чаралардын ириси катары кримтөбөл Камчы Көлбаевдин жок кылынышын, Бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Райымбек Матраимовдун, анын жакындарынын кармалышын, алардын мүлктөрүнүн мамлекетке өткөрүлүшүн атайт.
Көлбаев, Матраимовго байланышы деген негизде ондогон мамлекеттик кызматкерлер кызматтан алынып, парламенттин бир нече депутаты мандатын тапшырды.
Акыркы учурда мыйзамсыз алынган деген жүйө менен бир катар жер тилкелери мамлекетке кайтарылып жатат.
Атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев өткөн айда өлкөдө ипотекалык үйлөр коррупциядан жана уюшкан кылмыштуу топтордон өндүрүлгөн каражатка салынып жатканын билдирген. Андан мурдараак, июлда ал атайын кызматтын жарым жылдык ишинин жыйынтыгын чыгарып жатып бюджеттен уурдалган 70 миллиард сомдон ашык акчанын 50 миллиарды өндүрүлгөнүн жарыялаган.
УКМК бул каражат кайсы иштерге байланыштуу кимдерден өндүрүлгөнү тууралуу кеңири маалымат берип, чоо-жайын айткан эмес. Коомчулукта коррупцияга каршы күрөш ачык-айкын, кармалган шектүүлөрдүн мамлекетке төккөн каражаты мыйзам чегинде болушу керек деген пикирлер айтылып келет.
Мекеме азыр сунуштаган мыйзам долбоорунда жалпы жонунан коррупцияга айыпталгандар тууралуу айтылган, бирок мурда жемкорлукка, паракорлукка күнөөлөнүп азыр иштеп жаткандар жана мындай адамдардын тууган-туушкандарына тиешеси болор-болбосу азырынча белгисиз.
Кыргызстанда коррупциядан арылуу боюнча бир катар мыйзам долбоорлору сунушталган учурлар болгон. Маселен, маал-маалы менен жемкорлукту жоюу үчүн люстрация ыкмасын колдонуу тууралуу демилгелер көтөрүлө калып жүрөт. Мындай сунуштар айтылганда ар кандай талаш-талкуулар менен коштолот, бирок демилге бойдон калып, ишке ашкан эмес.