Бекбосун Жайчыбеков мыкты сүрөтчү, адамгерчилиги бийик инсан эле. Тирүүлүктөгү майда-чүйдө азгырыктарга алданбай, бир келген өмүрүн бийик өнөргө, асылдык дүйнөсүнө арнап, мыкты чыгармаларды жаратты. Анысы китептерде, журналдарда калды.
Ал өзү кичинесинен көркөм өнөргө кызыгып, сүрөт тартууну баарынан бийик койгонун, ага өмүрүн арнаганын айтчу. Кыргыз эл сүрөтчүсү, кыргыз туусунун авторлорунун бири Бекбосун Жайчыбековду Бекташ Шамшиев эскерет.
Таалимчи
Бекбосун ага сүрөтчүлүк өнөрүн жалгыз калтырбай нуска аңгемелерди кыргызчалоону жакшы көрчү. Алышкан оору кыйнаганына карабай өткөн айдын соңунда, 27-августта социалдык тармактагы досторуна момундай кат калтырган болчу:
«Оорудан оңоло баштаганда, канча убакыт өтүп баратат, Фейсбуктагы жашоом да, досторум да калды, такыр унутулуп калбас бекем дейм. Компьютерге отуруп көрдүм. Дарт келе электе даярдап койгонум бар эле, ошону которуп көрөйүнчү, мээни деле кыймылдатыш керек го деген ой келди. Бир абзац котордум, баш ордунда сыяктуу, башкалары бүт чачылып кеткенсийт. Колдорум да иштебей, отура да албай шалдырап калдым. Даяр төшөккө жатып, эсиме келдим. Илгери “Мен көк бетмин” деп жаздым эле. Көк беттигим кармады. Кыймылдашым да керек деп көгөрдүм. Албетте, ар кимиңер жазган комментарийдеги каалоо, батаңар да мени камчылады. Ошентип 6-7 саатта которо турганды төрт күндө бүтүрдүм. Ага күбө болуп койгула. Бул котормого ар бириңер кошкон үлүш бар, силер берген дем-күч бар. Аман бололу!!!»
Аңдыган ажалды акыйтып күттүрүп коюп которгон соңку аңгемеде карыганда үйгө батпай кыйналган кемпирдин аялуу тагдыры баяндалган. Кантсе да балдары эстүү экен, эки бөлмө үйүн кенен квартирага алмаштырып, энесин карылар үйүнөн алып келишет. Байкуш кемпирдин сүйүнгөнүн айтпа. Көркөмдүгүнөн таалим-тарбиясы мыкты чыгарманы Бекбосун ага кемелине келтирип кыргызчага оодарган, жаңы муун ата-энесин, кыргыз карысын сыйласын деген үмүттө кыйналганына карабай которуп салган, мунусу артында калтырган асыл сөзү болуп каларын өзү деле сезгендир. Ажал астананы аттап өтүп калганын туйгандыр.
Мына ушул аңгемесин жарыялардан эки күн мурун Бекбосун ага «фейсбукташтарына» абалы дурус экенин, дартка даба табыларына үмүт кылып жатканын жашырбай жазган болчу.
«Улантсам дейм. Эч жерим оорубайт. Кенедей да. Алым кете берди, тайып, эрип бара жаткансыйм акырындап. Эч нерсе ойлогуң да келбейт. Кээде эсиңе келет, эмне болуп бара жатам? Ушинтип эле кете беремби? Бирок каршылашкың да келбейт. Эми ал өттү. Үйгө жеткирип коюшту. 3-4 күн жаттым. Анан мурда айткандай бир туугандарым киргенге макул болуп, алар менен отуруп чай ичкенимди айттым. Чудо! Керемет! Жаратканымдын жалгаганыбы? Же кандаштарымдын кошкон, берген энергиясыбы? Эмне болсо да бери карай оодум.
Бая жатканда, суу менен жарма уурттап ичип жатып, илгери суу менен айыкчу дечү эле го деп үмүттөнүп койчу элем. Баса, оң колум кол чөмүчтөй, эки бутум барсайып, киши коркчудай шишип кеткен. Же оорубайт. Мага деле баары бир сыяктанат. Бирок колум үйдө үч күндөн кийин кадимкидей болуп калды. Жомоктогудай эле. Туруп көрдүм, жүрүп жеткен, илгерки кере карыш, платформа аталган туфлинин ээси өспүрүм кыздай, баса албайсың, бирок кубаныч жүрөктө (менде эмес). Азыр кыбырап басып калдым, таяк менен. Кээде таякты таштап да коём. Ал-күчкө келе элекмин.
Бирок бардыгы артта калган сымал, чоң үмүт бар.
Анан күзгүгө карандым. Жаткан күндөрү баягы химиясы баш болуп, бир жалкоо огородду чала-була отомуш болгондой эле болуп калыптырмын, ар кай жерде сербейип. “Карагың” эле келет, ан сайын...
Ой, дагы эмне жазам, чарчадым. Аман болсом келечекте план толтура, мээмден ашып-ташып жатчу эле, кемибеген чыгар дейм. Алар менен да бөлүшкүм келет. Мен эч нерсе жашыра албаган, ичиме эч нерсе батыра албаган адам (абышка) болсом эмне кыламын.
Баса, силердин ар бириңердин лайк басып, комментарий жазып, жакшы сөзүңөр мени ары жактан бери тартып, дартыма даба болуп, көңүлүмдү көтөрүп, жашоомо жашоо кошконуңарды билсеңер! Силер бар үчүн күнүм жарык тийип, жан дүйнөм агарып, чексиз ыраазы экенимди билип койгула! Буга Жаратканым күбө. Дагы жолукканча»
Азыр мунун баары башкача окулат, окуган адамды ойлонтчу, эң жакын адамыңа айланып, сырын сенден жашырбай жазып жаткан улуу инсандын колунан каламы түшүп, чын дүйнөгө кеткенин, мындан ары мындай саптарды жаза албасын, ортону өлүм деген бийик тосмо бөлүп турганын эстеп, шуу үшкүрүп отуруп каласың. Өлүм кандай сонун адамды алып кеткенин туясың.
Карабек ата
Бекбосун ага менен мындан алты жыл илгери атасы Карабек Жайчыбеков тууралуу «Азаттыктагы» «Куугунтук курмандыктары» берүүсүн даярдап жаткан кезде таанышкам. Ошондон кийин экөөбүздөн ынак киши жок болуп калды. Бекбосун ага мен жакшы билген ыраматылык Шерназар Шүкүров, Самыкбай Абыкеев менен дос экен. Арман дейсиң да айла жогунан, экөө тен жок азыр. Самыкбайдын өтүп кеткенин угуп, ошондо айылда болуп калганын, жетип келе албасын айтып, кийин шаарда куран окутушканда ооруканага жатып калганын билдирип катуу кейиген. Мына эми аялдабай досунун артынан өзү да кетти.
Оорусу күчөп, абалы оорлошуп калганда Бекбосун ага 75 жылдыгын өткөрмөкчү болуп жакындарынын баарын «Дасмияга» чакырып, ошол жерде баарыбыз менен коштошкон экен. «75 жылдыгым өткөн жыл болчу, сааты келген экен эми өткөрүп жатам» деп келген меймандарынын алдында агынан жарылып, ырчылар ырдаганда чыгып бийлеп, маанайы жарык болчу. Айылдан келген агасы, бир туугандары Бекемин бала кездери жоруктарын эстешип, анан кептин баары айланып келип атасы менен апасына, Карабек атаны эскерүүгө өтүп кетип аткан.
Атасы сталиндик абакка эки ирет түшүп, башына кандай оор мүшкүл түшсө да аны «чым» дебей көтөрүп, эки ирет үйлөнүп, балдарына жакшы таалим-тарбия бергенин Бекбосун ага кызыктуу кылып айтып берчү. Сталиндик абакка Карабек ата биринчи жолу 1937-жылы түшкөн. Колхозго жан үрөп иштеген башкарма бир күнү эле «эл душманы», жаңы замандын «жат элементи» болуп чыга келген. Тергөөчүлөрдүн кыйноосун, адам чыдагыс азаптарын эрки күчтүү башкарма кыйналбай көтөрүп аман калган. Айылына келгенден кийин башкармалыкты деле ойлобой, кара жумушун кылып жүргөндө агасы экөөн канмайданга алып кетишкен.
Абактан көргөндөрүн, согушта эмнелерге күбө болгонун ал киши балдарына айтчу эмес экен. Жакын сырдаш курбуларына кез-кезде көргөн-билгенин кобурап калганын Бекбосун ага угуп калган окшойт. Согуштан оор жарадар болуп кайткандан кийин да 1942-жылы колхоз башкармасы кылып коюшкан. Эл ач, жылаңач, тамак-аш жетишсиз, колхоздо азыноолок малдан башка эч нерсе жок.
Карабек ата арыктап шилти болуп калган айылдаштарына кой-эчкилерди таратып ийет. Башка айласы жок эле, жамандыкты башынан кечирген башкарма «атса мени атып салсын» дейт. Бирок атышпайт. Акка кирип ачарчылыктан аман калган калктын жашоо-тирдиги азыноолок оңолуп калган чакта, 1948-жылы башкарма жалган жалаа менен экинчи ирет он жылга абакка кесилип кеткен.
Абактан Сталин өлгөндөн кийин бошонуп айылына келген. Бешке чыгып калган уулу атасын тааныбай, чочуркап жанына жакын жолобой койгонун Бекбосун ага өзү минтип айтчу:
"Анан 1948-жылы мен алты айлык апамдын боюнда калган кезимде атам дагы түрмөгө түшөт. Чоң-Таштан бир киши “мына мобу башкарманыкы” деп көрсөтүп берген дешет. Ал кишинин аты-жөнүн билбейм, бирок энем ал киши көп узабай каза болуп калганын, жалаа коё бербестигин айтып калчу. Анан атамды он жылга кесип жиберишет.
Атам беш жылдан кийин келди. Мен бешке чыгып калгам. Уктап атсам, айылдагы келиндердин бири көтөрүп чыкса, атамдан чочуркап, барбай качканым эсимде. Атама боор бербей калдым, ошонума эмдигиче өкүнөм.
Кийин Алматыда окуп калганымда биринчи курсту бүткөндөн кийин атам дүйнөдөн өтүп кетти. Окууга кетеримде “бекем бол, бөлөк элде жүрөсүң” деп бетимден өөп узатты. Ошол акыркы жолугушуубуз экен. Кийин телеграмма алдым.
Наристе жыттуу сүрөттөр
Бекбосун ага балалык кезинде калган элестерди кийин сүрөттөрүндө чагылдырды. Жөнөкөй, бирок көргөн адамдын эсинде кыт куйгандай калчу көркөм элестерди ал адабий чыгармалардын текстине жуурулуштуруп, улуулук менен тереңдик жөнөкөй болорун, пенде баласынын өмүр-жашоосу балалыктан башат алып, кези келгенде чартактап, тамырын кенен жайып көлөкөсү башкаларга тиерин жакшы билчү. Анын орус жана дүйнөлүк, анан, албетте, кыргыз жазуучуларынын чыгармаларын көп окуганы, терең билгени жазгандарынан, тарткан сүрөттөрүнөн көрүнүп турчу.
Нукура интеллигенттиги кээде ашкере жумшактыкка өтүп кетери байкалып калчу. Бекбосун ага күтпөгөн, ойлобогон жерден Кыргыз туусун өзгөртүү демилгеси көтөрүлүп, анын айтчу оюн угуп туруп, укмаксанга салгандардын үстөмдүгү кайран кишини кападар кылды. Ага токтолуп отурбайлы, анын үстүнө болгондун баары көпчүлүктүн көз алдында өтпөдүбү.
Бекбосун ага өмүрүн сүрөт өнөрүнө багыштаган китеп жасалгалоонун таанымал чебери болчу. Интернет кенен жайылып, жасалма интеллекттин арааны жүрө баштаган чакта китеп жасалга, китеп сүрөтчү өнөрү унутта калып баратат. Чыныгы сүрөтчүнүн, кыл калем чеберинин колунан чыккан китептер, айрыкча кыргыз балдарынын «Байчечекей» журналы кичинекейлерди эле эмес, улууларды да суктантып, көркөм өнөрдүн кайталангыстыгын кашкайтып көрсөтүп турат.
Бекбосун ага ушундай улуу өнөрдүн таанымал корифейлеринин бири эле. Ал мына ушул аз-аздан ордун жасалмалуулукка өткөрүп аткан улуу өнөрдүн соңку могикандарынын бири эле, ошол бойдон калат. Бекбосун аганы билгендер анын жибектей жумшак мүнөзүн, тамашакөйлүгүн, өз абийир, намыс-арына балта чаппай бул дүйнөгө наристе баладай таза бойдон келип, таза бойдон кетти. Аны билгендерди жубанта турган нерсе ушул.
Кыргызстандын мамлекеттик туусунун авторлорунун бири, Кыргыз эл сүрөтчүсү Бекбосун Жайчыбеков 8-сентябрда акыркы сапарга узатылды. Ал 76 жашында оорудан улам көз жумду.
Зыйнаты Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрында өткөнүн Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди. Сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду.
Бекбосун Жайчыбеков 1948-жылы Ысык-Көл облусунун Корумду айылында туулган. Алматыдагы көркөм өнөр орто окуу жайын, кийин Москвадагы полиграфиялык институтту аяктаган. Бир топ жыл "Байчечекей" балдар журналынын көркөм редактору болуп эмгектенген. "Билим берүүнүн отличниги", "Маданиятка эмгек сиңирген ишмер" наамдарын алган. Андан тышкары көркөм өнөрдү өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн "Даңк" медалы менен сыйланган.
Мамлекеттик туу 1992-жылы 3-мартта Жогорку Кеңештин токтому менен бекитилип кабыл алынган. Авторлору - Эдил Айдарбеков, Бекбосун Жайчыбеков, Сабыр Иптаров, Жусуп Матаев жана Маматбек Сыдыков. 2023-жылдын 22-декабрында президент Садыр Жапаров тууну өзгөрткөн мыйзамга кол койгон.