Өкмөт интернетте мониторинг жүргүзүү, көзөмөлдөө үчүн түзүлгөн Маалыматтык чөйрөнү изилдөө борборуна жетекчи кылып Бактыгүл Иманбек кызын дайындады. Ал борбор интернет коопсуздугун камсыздоо багытында иш алып барарын билдирди. Коомдо борбор "цензурага курал болушу мүмкүн" деген тынчсыздануу бар.
"Интернет коопсуздугун камсыз кылабыз"
Кыргызстанда интернет айдыңына мониторинг жүргүзүп, коомго зыян, ар кандай кастыкты козутат жана жалган деген маалыматтарды анализдеп, аныктай турган борборго Бактыгүл Иманбек кызы жетекчи болуп дайындалды.
Иманбек кызы жаңы кызматынын маани-маңызы жөнүнө Фейсбуктагы баракчасында кенен жазып, борбор жөнүндө туура эмес маалыматтар тарап жатканын айтты. Азыр жарыяланып жаткан маалыматтарга көзөмөл болбой жатканын, ал жетектей турган орган интернет шылуундарынан тартып, баңгизат, ар кандай кастыкты козуткан маалыматтарга чейин көзөмөл жүргүзөрүн белгиледи. Бирок борбор жүктөлгөн милдетти кандай жолдор менен ишке ашыра турганы азырынча беймаалым.
“Айрым жарандарыбыздын жоопкерчиликсиз жоруктары, өлкөбүздөгү улуттар аралык кастыкты козутууга, регионалдык бөлүнүп жарылуусуна да себепчи болуп калууда. Такталбаган маалыматтарды таркатуу өлкөбүз үчүн канчалык деңгээлде кооптуу экендигине баарыбыз бир эмес, бир нече ирет күбө болгон чыгарбыз”, - деп жазды Иманбек кызы.
Иманбек кызы жакынкы апталарда Маалыматтык чөйрөнү изилдөө борборунун сайты, социалдык тармактарда баракчалары ачылып, тийиштүү маалыматтар жарыялана баштай турганын кошумчалады.
Ачык булактардагы маалыматтарга ылайык, 38 жаштагы Бактыгүл Иманбек кызы 2010-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинен "лингвист-котормочу" адистигин аяктаган. Котормочу, мугалим болуп иштеген. Кийин президенттин администрациясында эксперт болуп эмгектенген. 2021-жылы Жогорку Кеңештин VII чакырылышына депутаттарды шайлоого “Эл үмүтү” партиясынан талапкер болуп катышкан.
Буга чейин маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев борбор интернетке, анын ичинен социалдык тармактарга жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланган маалыматтарга байкоо жүргүзүп турарын билдирген:
“Борбордун милдеттери - мыйзамга каршы келген маалыматтарга интернет жана жалпыга маалымдоо каражаттары тармагында системалуу мониторинг жүргүзүү, мониторингдин натыйжалары боюнча корутундуларды даярдоо, Интернет тармагындагы жана жалпыга маалымдоо каражаттары чөйрөсүндөгү сайттарды жана баракчаларды токтотуу, алып салуу жана бөгөт коюу боюнча чечимдерди кабыл алуу, калк арасында медиа сабаттуулукту жогорулатуу жана сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүү, ЖМК жана интернет мейкиндигине сапаттуу, объективдүү жана өз убагында байкоо жана талдоо жүргүзүү. Борбор алдына коюлган дагы бир милдеттердин бири - бул социалдык тармактар (YouTubе, Meta, Инстаграм) менен келишимдерди түзүп, кызматташууну алып баруу. Себеби социалдык тармактардагы анык эмес (жалган) маалыматтар жайылтылган убакта жарандардын укуктарын коргоо мүмкүн эмес болууда"
"Цензурага курал болушу ыктымал"
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдында Маалыматтык чөйрөнү изилдөө борборун түзүү тууралуу токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 6-августта кол койгон.
Айрым медиа-серепчи, жарандык активисттер мындай органдар "сөз эркиндигин чектеп, цензурага курал болушу мүмкүн" деп тынчсызданып жатышат. Алардын бири жарандык активист Айбек Теңизбай мындай деди:
“Социалдык тармактарды атайын карап, окуп, мониторинг жүргүзөт экен. Кандайдыр бир жазалоочу органдын милдетин аткарып калабы деп кооптонуп жатам. Мисалы, алар "Айбек Теңизбай бүгүн эмне деген маалымат чыгарды" деп карашат. Эгерде ал маалымат бийликке жакпай турган болсо, булар “жалган маалымат” деп тастыктабай туруп эле ошону жабууга мүмкүнчүлүгү ачылат”, - деди активист.
Сөз болуп жаткан борбордо 11 кызматкер иштей турганы белгилүү болду. Буга чейин IT-адиси Нурсултан Турдалиев интернет желесинде фейк менен күрөшүү кыйын деген оюн "Азаттыкка" бөлүшкөн:
“Фейк маалымат менен күрөшүү өтө оор. Ал үчүн 10 же 100 адамды жумушка алуу менен жыйынтык көрсөтүү кыйын. Себеби фейк маалымат бардык жакта тарашы мүмкүн. Мисалы, бизде Twitter социалдык тармагы көп колдонулбайт. Бул платформада Community Notes деген бөлүк бар. Мында интернет колдонуучулар маалымат чыкканда, ал фейк болсо, билдирүүнүн астына анын анык эмес экенин далилдеп, шилтемелерден бери тиркеп коё алат. Бул билдирүүнү башка бирөө көргөндө, анын фейк экенин биле алат. Бул атайын маалыматтын чын-төгүнүн аныктай турган адамдардын тобу болуп калган. Биздей чакан өлкөнүн бийлиги социалдык тармактардын бирине билдирүү жөнөтүп, фейк маалымат деген жүйө менен кайсы бир постту өчүрүүнү талап кылды дейли. Бирок аны өчүрбөй койгон шартта бийлик ал платформаны жаап салса, мындан социалдык тармак көп зыян тартпашы мүмкүн. Жакында эле ушундай окуя Түркияда да катталды. Түрк бийлиги платформаны жаап салганы үчүн Инстаграмга таасири сезилип, кийин коюлган талапты аткарды. Чоң өлкөлөр ушундай рычагды колдонот. Бирок биздин жөнөткөн кайрылууларды ушундай шартта карайбы, айта албайм”.
Жалган маалымат үчүн жазалоо сунушу
Кыргызстандагы медиа каражаттарында, интернетте жана социалдык түйүндөрдө жалган маалымат тараткандарга айып пул салууну сунуштаган мыйзам долбоору өткөн аптада Жогорку Кеңештин бир комитетинен биринчи окуудан өттү.
Ал кабыл алынса, интернет желесинде жалган кабарларды же пост-комментарийлерди жазган колдонуучулар 100 миң сом, андай маалымат чыгарган медиалар 200 миң сом айып төлөйт. Интернеттеги маалыматтардын чын-төгүнүн биз кеп кылып жаткан Маалыматтык чөйрөнү изилдөө борбору тескейт. Парламентте бул мыйзамды айрым депутаттар сындап чыккан, бирок ага карабай экөө гана каршы добуш берип, натыйжада көпчүлүк добуш менен өтүп кеткен.
Медиа-серепчи Асел Сооронбаева интернеттеги жалган же мыйзамга каршы маалыматтар менен күрөшүүдө көзөмөл жана жазалоо эмес, медиа сабаттуулукка үйрөтүү зарыл деген көз карашта:
“Элге билим, түшүндүрүү иштери аркылуу медиа сабаттуулукка жетүүнү дайыма айтып келебиз. Көзөмөлдөп, жазалоо аркылуу эмес. Биринчиден, бийлик өкүлдөрү өздөрү үлгү көрсөтүү керек. Экинчиден, фейктер тууралуу мыйзам дагы аябай жакшы мукаба менен кабыл алынган. Фейктерди ачыктайбыз дешкен. Бул жерде дагы ошондой эле аргументтерди келтирип жатат", - деди Сооронбаева.
Кыргызстанда фейк маалыматтарга каршы күрөшүү үчүн буга чейин да аракеттер көрүлгөн. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Гүлшат Асылбаева жазган “Анык эмес маалыматтардан коргоо жөнүндө” мыйзам фейк маалыматтардан жана аккаунттардан коргоо максатында экени айтылган. Кийин анын негизинде бир катар сайттарга убактылуу бөгөт коюлуп, айрымдары биротоло жабылганы маалым.
Социалдык тармактагы пикири үчүн айып тарткандар
Кыргызстанда 2020-жылдан бери социалдык тармактарда пикир билдирип, комментарий жазып же бөлүшкөнү үчүн укук коргоо органдарына суракка чакырылып, иш козголгон же жазага тартылган жарандардын саны 30дан ашканын буга чейин "Азаттык" аныктаган.
Кармалгандардын арасында 70 жаштагы байбиче жана 21 жаштагы студент да бар.
Жакында эле Жогорку сот социалдык тармактардагы аракети үчүн Каныкей Аранованы үч жылга эркинен ажыраткан чечимди күчүндө калтырды.
Июнь айында сот укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыровду күнөөлүү деп таап, 100 миң сом айып салган.
1-июлда Свердлов райондук соту акын жана активист Аскат Жетигенди 3 жылга абакка кескен.
15-июлда Чүй облустук соту жазуучу жана публицист Олжобай Шакирди беш жылга кескен Аламүдүн райондук сотунун чечимин өзгөртүүсүз калтырды.
Июль айында сот социалдык тармакка жазган пикири үчүн кармалган активист Зарина Төрөкулованы беш жылга эркинен ажыраткан.
Укук коргоо органдары кылмыш иши негиздүү козголгон деген маалымат таратса, аты аталган жарандардын баары сот чечимине макул эместигин билдирип, айыптоолорду четке кагып келишет.