Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевдин адвокаты Конституциялык сотко кайрылып, аны сыртынан соттогон беренелерди “Баш мыйзамга каршы келет” деп таанууну өтүндү. Орусиянын армиясы Украинанын аймагына абадан жапырт сокку урду. Украина 93 ракетанын 81ин атып түшүргөнүн билдирди. Кыргызстандын аймактарында жергиликтүү тургундар свет өчүп жатканын айтып даттанууда. Энергетика министрлиги бул күндөрү электр энергиясын колдонуунун көлөмү тарыхый чекке жеткенин билдирди.
Кыргызстан
жума 13 Декабрь 2024
Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулук жылдан жылга көбөйүп баратат. 2023-жылы он айда он миңден ашык кылмыш катталса, быйыл он айда 14 миңден ашык учур катталды. Зомбулуктан жабыркагандардын 90% аялдар түзөт. Аялдар зордук-зомбулуктан кантип коргоно алат? Эже-сиңдилер берүүсү ушул маселени талкуулайт.