Өлкө боюнча 200гө жакын медреседе жүздөгөн бала окуйт. Соңку жылдары кыргыз өкмөтү медреселерди ирээтке келтирүүгө аракет жасап жатканы менен өспүрүмдөр диний билим алган мекемелерде дагы деле маселе арбын. Диний билим берген медреселерде кимдер, эмнени окуп жатышат? Аларды ким каржылап, көзөмөл кандай болууда?
Кыргызстан
бейшемби 5 Декабрь 2024
Коррупция менен соттолгондор сөзсүз абакка отурат. Жемкорлук менен жоопко тартылгандарды мамлекеттик кызматтарда иштешине өмүр бою тыюу салуу, алардын тууган-уругун да жумуштан кетирүү боюнча мыйзам долбоору парламентте биринчи окуудан өттү. Социал-демократтар партиясынын камактагы лидери Темирлан Султанбеков ачкачылык кармап жатканына 23 күн болду. Адвокаты анын ден соолугу тездик менен начарлап баратканын айтты. АКШдагы Йел университетинин изилдөөчүлөрү Орусиянын жогорку жетекчилери украиналык балдарды депортациялап, күчтөп асыроого берип, кайра тарбиялоо программасын ишке ашырып жатканын билдирди. Орус бийлиги балдарды уруштан коргоп жатканын айтып келет.