Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:14

Кыргызстан

жекшемби 15 Декабрь 2024

Т.Абдумомунов атындагы академиялык драма театрдын 1996-жылдардагы жамааты.
Т.Абдумомунов атындагы академиялык драма театрдын 1996-жылдардагы жамааты.

Кыргыз киносунун архивин сактап жүргөн фотосүрөтчү Александр Федоров 1996-жылы Токтоболот Абдумомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык драма театрдын жамаатынын чогуу түшкөн сүрөтүн тарткан.

Анда Сабира Күмүшалиева, Советбек Жумадылов баш болгон театр корифейлери менен бүгүнкү күндөгү белгилүү артисттер бар.

30 жылдай мезгил ичинде доор алмашты, бир канча таланттар өмүрдөн өттү. Бирок үч муундун өкүлдөрү тартылган ошол сүрөт бүгүн таберикке айланды. Дал ошол бир сүрөттүн тарыхын анын автору Федоров жана анда түшкөн айрым өнөр адамдары менен бирге эстейбиз.

"Бул сүрөт жакшы учурларды эске салат"

Бул сүрөттөгү жоон топ киши бир кылымдык тарыхы бар Токтоболот Абдумомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык драма театрынын мындан туура 28 жыл мурдагы жамааты. Мында театрдын жетекчилигинен баштап артисттери жана техникалык кызматкерлери да бар.

Таберик сүрөт кыргыз киносунун архивин сактап жүргөн белгилүү фотосүрөтчү Александр Федоровго таандык. Үч муундун өкүлдөрүнүн элеси калган сүрөттүн тарыхы тууралуу алгач автордун пикирин уктук. Федоровдун айтымында, өлкө эгемендикти алгандан кийин Москванын каржысы токтоп, “Кыргызфильм” киностудиясынын иши солгундап, бир топ кызматкерлери чилдей тарайт. Өлкөдө бул учурда кино тартуу же кандайдыр бир искусствону көтөрүү деген маселе күн тартибинен чыгып калат.

Т. Абдумомунов атындагы академиялык драма театрдын 1996-жылдардагы жамааты.
Т. Абдумомунов атындагы академиялык драма театрдын 1996-жылдардагы жамааты.

Ушул өткөөл учурда киностудияда иштеп жаткан сүрөтчүлөр Александр Федоров менен Алимжан Жоробаевдер "А&А студия" деп аталган жеке студиясын (1992-93-жылдар) түзүп, бирге иштеп башташат. Бир күнү аларга улуттук академиялык театрдын 70 жылдыгына карата эмгек жамаатты сүрөткө тартуу сунушу түшөт. Ошондо театр фойесиндеги артисттердин, театр кызматкерлеринин портреттерин жаңылап тартышат. Иш процесси аяктап калгандан кийин театр жамааты биргеликте эстеликке түшүүнү чечип, ушул таберик сүрөт жаралган экен.

Александр Федоров.
Александр Федоров.

"Театр артисттерин сүрөткө тартууну бизге маданий жайдын ошол кездеги директору жана көркөм жетекчиси Алмаз Сарлыкбеков сунуштаган. Биз албетте ойлонбостон эле макул болдук, жагымдуу да жумуш болду. Анткени биз кинодо иштеп жүргөндө Советбек Жумадылов, Муратбек Рыскулов, Сабира Күмүшалиева, Жамал Сейдакматова баш болгон дээрлик бардык атактуу артисттер менен иштешип калганбыз.

Ага чейин театрдын фойеси үчүн бир канча күн андагы артисттердин, кызматкерлердин портреттерин тартканбыз. Анан тартуу жумушубуз аяктап калган күнү башкы режиссер: “Эми баарыбыз жалпы бир түшүп коёлу”, - деген сунуш киргизди. Муну биз да эп көрүп, театр жамаатынын баарын чакырып, чогултууга аракет кылдык. Анткени ага чейин ар кимисин жекече тартып жатканда бирөө бош болсо, бирөөсү бошобой жүргөн. Анан акыркы күнү көпчүлүк таланттар чогулуп келип ушул сүрөт тартылып калды. Бул эмгек минтип таберик сүрөткө айланды. Архивдеги бул сүрөттү эми башкалар да көрүп жатат. Мен мындай эмгектерди эмне үчүн күн алыс Фейсбугумдан бөлүшүп турам? Анткени фотокөргөзмө уюштуруу же кандайдыр бир фотоальбомдорду чыгаруу бир канча каражатты талап кылат. Мына ошондуктан соцтармак ыңгайлуу ал жерден биздин эмгектерди досторубуз эле эмес, башка замандаштарыбыз да көрүшөт. Жеке архивимде маданият тармагы боюнча миңдеген фотосүрөттөр сакталган. Ал эми бул сүрөт ар качан менин эсиме да жакшы учурларды салат. Чокморов менен жакындан достоштум. Рыскулов, Күмүшалиева, Күйүковалар менен да жакшы санаалаш болдум. Гүлсара Ажибекова менен азыркыга чейин кабарлашып турам".

30 жылдай мезгилди карыткан бул сүрөттө драма театрда эмгектенген үч муундун өкүлдөрү түшкөн. Беш катар тизилген таланттуу топтун катарында эң аксакалы ошол кезде 80 жашка таяган актриса Сабира Күмүшалиева болсо, эң жашы 18 жашар жаш актер Азиз Мурадилаев. 30 жыл ичинде тилекке каршы бул сүрөттөгү бир топ театр ишмерлеринин көзү өтүп, катары кемиди.

Сүрөттүн биринчи катарына үңүлсөк, солдон оңго карай (Биринчи адамдын аты-жөнү белгисиз), Алмаз Усупбеков, Анара Сыдыгалиева, Алмаз Сарлыкбеков, Сабира Күмүшалиева, Гүлшара Дуулатова, Сайра Мурзалиева, Нарынкүл Чекировалар турат.

Экинчи катарда (Биринчи адамдын аты-жөнү белгисиз), Кандалат Муратова, Тынара Абдразаева, Сайнаке Жунушалиева, Мирада Далбаева, Советбек Жумадылов, Сатыбалды Далбаев, Бообек Ибраев, Касымбай Таабалдиев, Мелис Искаков турат.

Үчүнчү катарда солдон оңго Роман Саргалдаев, Сейит Алтымышев, Вера Салиева, Гүлайым Каниметова, Искра Раимкулова, Шайгүл Алсеитова, Мамбет Асанбаев, Салкын Осмонова, Кенже Исманова, Дүйшөн Байдөбөтов, Турганбүбү Бообекова, режиссердун жардамчысы Роза айым жана Ашыр Чокубаев бар.

Ал эми төртүнчү катарда (Биринчи адамдын аты-жөнү белгисиз), Шакен Өмүралиев, Айымкан Абдубачаева, реквизит бөлүм башчысы Гүлжан, Айсалкын Ажимаматова, Айсалкын Кыйыкбаева, Динара Абдыкадырова, Анара Назаркулова, Эгемберди Бекболиев, Шайыр Касымалиева, Асылбек Жолдошев жана Темирлан Сманбеков тартылган.

Бешинчи катарда болсо театрдын ошол кездеги директорунун орун басары маркум Канат ага, театрдын сүрөтчүсү Алмаз, (андан кийин техникалык топто иштеген кызматкердин аты-жөнү белгисиз), Нуркан Турсунбаев, Бусурман Одуракаев, Сатылган Сазаев, Калича Сейдалиева жана Замирбек Сооронбаев, Назым Мендебаиров, Марат Козукеев, Азиз Мурадилаев, Ороз Айдаров турат.

Т.Абдумомунов атындагы академиялык драма театрдын 1996-жылдардагы жамааты.
Т.Абдумомунов атындагы академиялык драма театрдын 1996-жылдардагы жамааты.

Жакында Эл артисти наамы менен сыйланган Анара Сыдыгалиева сүрөт тууралуу буларды эстеди:

Анара Сылдыгалиева.
Анара Сылдыгалиева.

"Менин жолдошум Үсөн Мурадилаевдин көзү тирүү эле, бирок бул сүрөткө түшпөй калыптыр. Ал өзү элпек киши эле да, ушул учурда бирөө бир жакка жумшап жиберсе керек. А уулум Азиз түшүп калыптыр. Ал бул сүрөттө эң жашы экен. Азизим анда 8-классты бүтүп эле театрдын алдындагы окуу жайда окуп жаткан болчу. Азыр сүрөттү карап олтуруп мында түшкөндөрдүн жарымы арабыздан өткөнүн көрүп кейип да алдым. Бул учурда жакшы көз ирмемдер өткөн экен. Азыр бешиктен бели чыга элек жатып сыйлыкка умтулгандар көп эмеспи, бул учурдагы артисттер жулкунганды деле билишчү эмес. Азыр сүрөттү көрүп алып, теңтуштар бири-бирибизге чалып ушул кезди бир эстеп алдык. Биз жашоодо бир тууганыбыз менен деле кааласак да ар дайым чогуу жүрө албайбыз да. Узак жылдар бирге иштешкен кесиптештер бир туугандан да жакын болуп калат экен. Айрыкча гастролдордо кесиптештер менен күндүр-түндүр бирге жүрөбүз. Бул сүрөттү көрүп өткөндөрдү эстеп, жаштык кезди эстеп көзүбүзгө жаш да алдык".

"Өнөргө кылган эмгек эскирбейт"

Сүрөттө режиссер, Эмгек сиңирген артист Назым Мендебаиров да бар.

Назым Мендебаиров.
Назым Мендебаиров.

"Бул учурда мен салмагым 56 килограмм болгон 23 жаштагы жигит элем. Театрдагы чыйырым жаңыдан башталып, али эч кимге белгисиз, бир дагы колго илинерлик роль ойной элек, майда-чүйдө ролдорду ойноп, чоң артисттердин жанында жүргөнүмө кубанып жүргөн маалым экен. Сүрөттө да үстүмө эптеп бир жынсы куртка таап, кийип алганыма сүйүнүп турам. Бирок ушул учурдан тарта театрдагы ушул улуу кишилердин көп таалим-тарбиясын алып калдым. Сабира Күмүшалиеванын жанында көп жыл ээрчип жүрдүм. Гүлшара Дуулатова мага көркөм окуудан сабак берчү. Ал киши да Сабира апа сыяктуу эле көп жыл бою моралдык колдоо көрсөтүп жүрдү. Театрга кирип жатканымда Алмаз Усупбеков дипломдук спектаклди көрүп, “ушул жигитти театрга алып калалы” деп жакшы баасын берген эле. Ушул инсандар менен иштешкеним күнү бүгүнкүдөй эсимде. Эң башкысы ушул кишилердин театрга сахнага болгон мамилеси өмүр бою эсимде калды”. Көпчүлүгүнүн көзү өтүп кетсе да эмгектери түбөлүккө калат го деген ойдомун. Мен өзүм да бүгүн студенттериме ушул инсандар тууралуу көп айтып берем. Булардын өнөргө болгон мамилеси бийик эле".

Сүрөттө Айсалкын Кыйыкбаева да бар:

Айсалкын Кыйыкбаева.
Айсалкын Кыйыкбаева.

"Ушул сүрөттөгүлөрдүн ичинен 20га жакын адам акка моюн сунуп кетиптир. Мен таланттуу ага-эжелерим менен бир театрда кесиптеш болуп иштешип калганыма бактылуумун. Сабира апабыздын акыл-кеңишин арбын уктум. Советбек агай менен бир сахнада ойноп калдым. Бообек Ибраев менин мугалимим болду. Бул киши да эң жакшы адам, жакшы устат эле. Бул инсандар өзүн театрга арноо менен биздин өлкө маданиятына опол тоодой кызмат кылышты. Эми алардын элеси элибиздин эсинде сакталып калат. Сүрөттү карап олтуруп, улуу муундагы сыймыктуу өнөр ээлеринин сахнадагы, кинодогу элестери көз алдыма тартылды".

Т.Абдумомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык драма театры.
Т.Абдумомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык драма театры.

Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театры мындан 98 жыл мурун, 1926-жылы 11-октябрда негизделген. Азыркы имарат 1972-жылы пайдаланууга берилген. Театр жамааты соңку 30 жыл ичинде дагы бир далай таланттуу жаңы муундагы артисттер менен толукталып, ишин улантып келе жатат.

Маданий жайда учурда 200гө чукул кызматкер эмгектенет. Алардын 55и актёр болсо, үч режиссёру, үч сүрөтчү коюучусу жана көркөм жетекчиси бар. Ал эми калгандары администрациялык, техникалык кызматкерлер. Театрды 2018-жылдан бери Эл артисти Асылбек Өзүбеков жетектеп келе жатат.

Камчыбек Ташиев. Иллюстрациялык сүрөт.
Камчыбек Ташиев. Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевдин күнөөсүз адамды атайлап каматкан орган кызматкерлери жазаланары тууралуу эскертүүсүнөн кийин айрым активисттер өздөрү жапа чеккен окуяларды айтып чыгышты.  

Ташиев 13-декабрда Баткенде күч кызматкерлерине кайрылып, жогоркудай билдирүү жасаган. Жыйынтык үчүн иштөөнү токтотууну талап кылган. Ал буга чейин кимдер ак жеринен, атайын уюштурулган аракеттин негизинде камалганын тактаган жок.

"Подстава" кылып кармасаңар, жооп бересиңер

Атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев 13-декабрда Баткен районунда УКМКнын жаңы имаратын жана чек арачылардын балдары үчүн курулган бакчанын ачылышында сүйлөп жатып, күнөөсүз адамды атайлап, алдын ала уюштуруп, кылмышка түртүп туруп камаган күч кызматкерлери жазаланарын эскертти:

"Бирөөнү атайлап, артынан түшүп, кылмыш кылдыртып, же болбосо жыйынтык үчүн "подстава" кылып кармап келсеңер, өзүңөр дагы жооп бересиңер. Андай кылбагыла, адамдын убалы жаман. Күнөөсүз адамды жоопко тартканды жоюшубуз керек. Жаңылып калууга, ката кетиргенге акыбыз жок. Адамдын өмүрү, тагдыры, жашоо-тиричилиги силердин алдыңарда турат. Үй-бүлөсүн, бала-чакасын зарлаткан, кыйналган абалга түшүрбөшүңөр керек. "Подстава" болгондор дароо эле көрүнүп калат. Ал байкуш эптеп эле бир үйдө жашайт, машинасы, ашыкча дүйнөсү деле жок, бирок аны кылмыш кылган деп камап салган учурлар болот. Ушундайлар болбосун".

УКМКнын төрагасы буга чейин кимдер ак жеринен, атайын уюштурулган аракеттин негизинде камалганын тактаган жок.

Ташиев буга чейин да өзүнүн кызматкерлеринин арасында мыйзамсыз иштерге аралашкандар бар экенин айтып, 2-3 кызматкеринин ишин иликтөөнү тапшырганын айтканы бар.

Атайын кызматтын жетекчисинин бул сөзүнөн кийин эле блогер Батмакан Жолболдуева мурда мыйзамсыз камалганын айтып чыкты.

Ал убактылуу кармоочу жайда отурганда кордолгонун, бирок тийиштүү жетекчилерге чара көрүлбөгөнүн билдирди. Жолболдуеваны өткөн жылы Баткен облустук соту журналист Арзыгүл Галымбетованын өлүмү боюнча иште айыпсыз деп таап, актаган.

"Чынында "подстава" болгон. Ал боюнча акталдым. Алты ай отуруп чыктым. Ден соолугума зыян келтирилип эле эмес, зордуктоого да кабылдым, эки жолу... Райондук милициянын убактылуу кармоочу жайында... Ал эми жетекчилерге, күзөттө турган кызматкерлерге жөн эле "сөгүш" берип койду. Кенемте өндүрүү боюнча арыз жаздым, каралган жок", - деди ал.

Жолболдуева мындай билдирүүнү Фейсбуктагы баракчасына да жазган. Бирок укук коргоо органдары буга комментарий бере элек.

Жок жерден кылмыш иши козголуп, айыпталганын айткандардын дагы бири - журналист Эрмек Аттокуров. Ал Чүй облустук милициясы өзүнө карата атайылап иш уюштуруп жатканын ушул жылдын башынан бери жарыялап келет.

Журналист кошунасы үйүнө келип сабаганын, Чүй облустук милициясы чара көрбөй жатканын жар салган. Ошол окуядан кийин ИИМди, милиция кызматкерлерин социалдык тармактар аркылуу сындап жүргөн. Быйыл 9-февралда Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгы Аттокуров Кылмыш-жаза кодексинин “Опузалап талап кылуу” беренеси менен шектүү катары кармалганын кабарлаган.

Эрмек Аттокуров
Эрмек Аттокуров

"2023-жылы 31-майда Сокулук райондук милициясы мен жок эле кылмыш ишин козгогон. Мен кол койгон протоколдун баарын жасашкан. Муну ачыктап чыккандан кийин протоколду жасаган тергөөчү 8-февралда менин машинамдын багажына 100 миң сом салган. Ошону менен мени кайра камашкан. Менин Фейсбуктагы баракчамда баардык далил болуучу видеолор турат", - деди Аттокуров.

Аны Бишкектин Октябрь райондук соту Кылмыш жаза кодексинин 208-беренеси ("Опузалап талап кылуу") менен күнөөлүү деп таап, 20 миң сом айыпка жыккан. Жакында эле, 11-декабрда Бишкек шаардык соту райондук бул чечимди күчүндө калтырды.

Соңку кездери айрым активисттер, саясатчылар соцтармактардагы пикири үчүн ар кандай айыптар тагылып, жазага тартылган учурлар бар.

Маселен, Каныкей Аранова аттуу жаран фейк-аккаунттан жазылган билдирүү үчүн жоопкерчиликке тартылганын анын жакындары, адвокаттары жана журналисттер айтып жүрөт.

Кыргызстандан күчтөп чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темиров маңзат пайдаланууга шек саналып кармалган. Ал өзүн кармоо учурунда чөнтөгүнө күч түзүмдүн кызматкерлери баңгизат салып койгонун маалымдаган.

Бул укук коргоо органдары атайлап кармады деген доомат коюлган жана коомчулукка белгилүү болгон иштер. Адатта милиция жана башка органдар мындай билдирүүлөрдү четке каккан маалыматтарды таратышат.

Атайын кызматтын генералы Артур Медетбеков укук коргоо органдарынын кызматкерлери арасында таза иштебегендер буга чейин да болгонун айтып, анын көпчүлүгү тиешелүү жазасын алганын белгиледи:

Артур Медетбеков.
Артур Медетбеков.

"Укук коргоо органдарынын кызматкерлери 33 жыл ичинде жакшы эле иштеп келди. Бирок арасында кээ бир ыплас иштеген кызматкерлер, орусча айтканда "подстанова, подстава, провокация" жасаган учурлар, кээ бирлерине баңгизат таштап, ар кандай шылтоолор менен кармап же болбосо финансылык каражат алган учурлар сейрек болгон. Мындайлар азыр дагы бар. Алардын көпчүлүгү кээде кармалып, кызматтык иликтөө жүрүп, анын негизинде жумуштан кеткен, төмөндөтүлгөн, иш козголгон учурлар бар".

Медетбеков айрым учурларда укук коргоо органдарынын кызматкерлери саясий оюндун курмандыгы болуп жатканын кошумчалады.

Эми атайлап уюштурулган иш менен байланышы бар кыйноо маселесине кайрылалы.

Бир да адам "Кыйноо" беренеси менен соттолгон эмес

Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун 2023-жылдагы маалыматы боюнча, 2014-жылдан 2022-жылга чейинки аралыкта Кыргызстанда бир да адам "Кыйноо" беренеси менен соттолгон эмес.

Маалыматта айтылгандай, иликтөөлөр кыйноо боюнча кылмыш иштеринин басымдуу бөлүгү кылмыш жоопкерчилигинен бошотуу же актоо чечими менен аяктай турганын көрсөткөн.

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова буларга токтолду:

Азиза Абдирасулова
Азиза Абдирасулова

"Конституция өзгөрүп, Кылмыш-жаза кодекси да өзгөргөндө Башкы прокуратурадан кыйноо боюнча ишти алып баруу Улуттук коопсуздук комитетине тапшырып коюшкан. Ошондон бери Улуттук коопсуздук кызматы бир дагы кыйноо фактысы боюнча арызды карап, кылмыш ишин козгоп, күнөлүүлөрдү жоопко тарткан жок. Эгерде Камчыбек Кыдыршаевич атайын кылмыш ишке айыптаганды, кыйноолорду токтотом десе, 2016-жылдан бери токтоп калган элдин арызы бар. Ошол иштерге кайрылып, жоопкерчиликке тартса сонун болмок".

Токтобогон кыйноолор

“Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти басып алууга чакырык жасоо” беренелери боюнча айыпталып, 3 жылга абакка кесилген акын Аскат Жетиген 20-мартта кармалгандан кийин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Бишкек шаардык бөлүмүнүн жер төлөсүндө аны күч кызматкерлери кыйноого алганын билдирген.

Сегиз айдан бери абакта жаткан ишкер Имамидин Ташов УКМКнын кызматкерлери аны уруп сабаганын билдирген.

Фейсбуктагы билдирүүсү үчүн айыпталган Алымбек Мамытов деген жаран мурда кыйноого кабылганын айтып чыккан. Кийин аны Акыйкатчы институту дагы тастыктаган.

Бул фактыларды Аскер прокуратурасы иликтеп жатканы айтылган менен, анын жыйынтыгы жарыяланган эмес.

Адатта атайлап уюштурулган иш же кыйноо тууралуу айтылгандарды күч органдары жокко чыгарып келет.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG